Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:03

Америка университетинин президенти Эндрю Качинс АКШга кайтат


Эндрю Качинс.
Эндрю Качинс.

Борбор Азиядагы Америка университетинин (БААУ) президенти Эндрю Качинс Кыргызстандагы ишмердигин аяктап, АКШга кайтууда. Бул тууралуу окуу жайдын Камкорчулар кеңеши 7-июнда билдирүү таратты. Анда Качинс мекенине кайтып, убактысын үй-бүлөсү менен өткөрүү чечимин кабыл алганы айтылат.

Окуу жайдын президентинин милдетин убактылуу Жонатан Беккер аткарат. Ал буга чейин вице-президент болгон. Университеттин Камкорчулар кеңеши жакын арада жаңы президент тандоо иштерин баштайт.

Качинс апрелде маңзатка байланыштуу шек саналып, милицияга суракка чакырылган. Университеттин жетекчилиги жана окутуучулары муну Качинске карата туура эмес мамиле, чаташкан окуя деп сыпатташкан. Качинстин өзү комментарий берген эмес.

Ага чейин социалдык тармактарда Качинс университет тууралуу терс сүрөттөргө байланыштуу кош бойлуу кызматкерди урушту деген маалымат тараган.

БААУ- Бишкекте жайгашкан алдыңкы окуу жай. Ал жерде ар кайсы өлкөлөрдөн келген студенттер билим алышат.

Эндрю Качинс окуу жайдын башчысы болуп 2019-жылдын башында дайылдалган. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG