Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:02

Америка университетиндеги соңку окуялар талкуу жаратты


Борбор Азиядагы Америка университети Бишкекте 1993-жылы ачылган.
Борбор Азиядагы Америка университети Бишкекте 1993-жылы ачылган.

Бишкекте жайгашкан Борбор Азиядагы Америка университетине (БААУ) байланыштуу соңку окуялар талаш-талкуу жаратты.

Өткөн аптада окуу жайдын президенти Эндрю Качинсти милиция суракка чакырып, үйүн жана унаасын тинтүүгө алды. Ички иштер министрлиги аны “баңгизатты мыйзамсыз даярдоого, сатууга” шек санап жатат.

Ага чейин "университеттин президенти кош бойлуу кызматкерин тилдеп, ал ооруканага жатып калганы" тууралуу социалдык тармакка маалыматтар чыккан.

АКШнын Кыргызстандагы университетинин айланасында соңку окуяларды окуу жайдын жетекчилеринин тиреши деп эсептегендер да бар.

Эндрю Качинс 23-апрелде Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына сурак берип чыккан. ИИМдин маалыматына ылайык, Качинске Дубайдан келген таңгактан баңгизат чыккан. Документте кагаз таңгактын ичинде документ бар экени жазылган. Бирок текшере келгенде кагаздан башка жылтырак баштыкка оролгон сары жана ак түстөгү таблеткалар, көк, кызыл-ак түстөгү капсулалар чыккан.

“Ички иштер министрлиги тарабынан Эндрю Качинсти суракка чакырууга жана башка тергөө иштерин жүргүзүүгө жетиштүү негиз бар экенин белгилей кетебиз. Эндрю Качинске кылмыш жасоого шектелгени туурасында маалымдама тапшырылып, андан суракка келип туруу милдеттенмеси алынды”,-дейт ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев.

Университеттин администрациясы жагдай тууралуу азырынча комментарий берилбей тургандыгын билдирди. 25-апрелде университет кайрылуу жарыялаган. Анда баңгизат табылды деген дары-дармекти Качинстин дарыгери жазып бергени, ал дарыга АКШда тыюу салынбаганы айтылат.

“Белгиленген дары АКШда колдонууга бекитилген жана дарыгери жазып берген. Ал почта аркылуу АКШдагы эң ири дарыканалардын биринен туруктуу негизде жөнөтүлүп турган. Ушул маселенин тегерегинде чыккан түшүнбөстүктөргө биз өкүнөбүз. Иштин жагдайы бийлик органдарына түшүндүрүлүп, бул маселе тез арада туура чечилет деп үмүттөнөбүз”.

БААУнун студенттери да Качинсти колдогон кайрылуу жарыялашты.

"Биз БААУнун президенти Эндрю Качинстин айланасындагы кырдаалга терең тынчсызданып жатабыз. Биз анын чоо-жайын билбейбиз, бирок биз жетекчибизди билебиз. Биз баңгизат эч качан студенттер арасында сөз да болбогон университетти билебиз. Биз университеттин алдында чылым да чекпейбиз. Бул Эндрю Качинстин жана администрациянын чечими”, - деп айтылат кайрылууда.

Буга чейин социалдык тармактарда Качинс университет тууралуу терс сүрөттөргө байланыштуу кош бойлуу кызматкерди урушту деген маалымат тараган. Жаңжалдан кийин келинден кан кетип ооруканага түшкөнү, күйөөсү Качинстин үстүнөн окуу жайдын администрациясына даттанганы айтылган.

Бул иштин жагдайы белгисиз бойдон калууда. Окуянын айрым күбөлөрү Эндрю Качинс менен кош бойлуу кызматкер кыйкырып урушпастан, жай гана сүйлөшкөнүн айтып беришти.

БААУнун окутуучусу Сания Токтагазиева университетте ички иликтөө жүрө электе коомчулукка жарыяланышы шек жаратарын "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.

“Эгер көз карандысыз иликтөө президент тарабынан туура эмес мамиле болгонун аныктаса, университеттин саясаты боюнча чара көрүлүшү керек деп эсептейм. Бирок, менин байкашымча, иликтөөнүн жыйынтыгын күтпөстөн университеттин PR кызматы тарабынан социалдык тармакка, маалымат каражаттарына таратылган”.

Президенттик орун талашпы?

Эндрю Качинске байланыштуу мындай жагдай университеттин президенттик кызматы үчүн талаштын айынан түзүлдү дегендер да болууда. Укук коргоочу Рита Карасартова мындай ою менен бөлүштү:

“Менимче, бул атайын жасалган акция. Азыркы бийлик эң маанилүү орундарды ээлеп, өздөрү отуруп алганга кызыкдар. Борбор Азиядагы Америка университетин да бийликке жакын адам башкарганга аракет кылып жатат. БАУУда окуган студенттер эң прогрессивдүү ой жүгүртүп, талдоо жүргүзгөндү билишет, эч нерседен коркушпайт, пикирин ачык айтышат. Окуудагы жетишкендиги менен Кыргызстанды алыска таанытып, орто катмарды калыптандырган ушул университет. Бул университетке өзүнүн адамын койгусу келгенби, же андан башка да пландары барбы, айтор, атайын жасалган чабуул”.

Эндрю Качинсти ИИМ суракка чакырган күнү "Дело №" гезити “Мамлекетти бир оксуз кантип алса болот?”, - деген макаласын жарыялаган. Анда бир катар маалымат каражаттарын, бейөкмөт уюмдар менен катар Борбор Азиядагы Америка университетин АКШнын кызматын кылат деп айыптап, схемалар көрсөтүлгөн.

"Дело №" гезитине чыккан ал схеманы 25-апрелде президент Садыр Жапаровдуку делген "Телеграм канал" бөлүштү. Ал "Телеграм канал" аркылуу президенттин расмий билдирүүлөрү биринчи болуп жарыяланып турат. Президенттин басма сөз кызматы ал "Телеграм канал" расмий экенин тастыктабай да, четке какпай да келет.

Жарандык активист Умай Арыкованын пикиринде, БААУнун айланасындагы окуяларда геосаясий, саясий кызыкчылыктар бар.

“Бул маселени экиге бөлүп караш керек. Окуя БААУнун кызматкеринин арызынан кийин башталбадыбы. Менин оюмча, интернетте жазылгандар чын болсо иликтөө жүрүшү керек. Бирок, андан кийин болуп жаткан иштерден мен саясий кызыкчылыкты көрүп турам. БААУга кысым азыр эле башталган жок. Мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда ачык эле каралаган материалдар чыгып турган. Менин оюмча, бул геосаясий күрөштүн уландысы, Кремлдин күн тартиби. Орусияда чет элдик агенттер деген саясат жүрүп жатат, ал бизге таасирин тийгизүүдө. Акыркы окуяларды БААУга каршы колдонуу үчүн жакшы шарт түзүлдү. Кыргызстандагы АКШнын жалгыз университетин сүрүп чыгаруу же жаман көрсөтүү аракети байкалууда”.

Тарыхчы Элери Битикчи АКШда баңгизат деп эсептелбеген дары-дармектер КМШ мамлекеттеринин мыйзамдарында баңгизат деп саналышы мүмкүн экенин айтат. Битикчи төрт жыл мурун Орусияда болгон окуяны эстеди.

“Качинс биздин мыйзамдарды билип-билбей дарыларды алдырткан. Мен буга таң калып жатам, анткени 2017-жылы Орусияда америкалык өрт өчүргүч АКШдан дары-дармек алдыртып, баңгизат аткезчилиги айыбы менен түрмөгө отуруп калган. Ал окуя абдан резонанстуу болгон. Сабак болбоптур да. Орусия менен Кыргызстандын мыйзамдары окшош”.

Эндрю Качинс БАУУнун жетинчи ректору, ал 2019-жылдын башында дайылдалган.

Качинс 2000-жылдан 2007-жылга чейин Карнеги фондунда бир катар кызматтарды ээлеген. Анын ичинде "Москва-Карнеги" борборунун директору, Орусия жана Евразия боюнча Карнеги программасынын башчысы болгон.

2007-жылдан 2015-жылга чейин — Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун Орусия жана Евразия программасынын директору кызматында турган. Вашингтондогу Жоржтаун университетинин профессору.

Борбор Азиядагы Америка университети 1993-жылы түзүлгөн.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG