Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 15:21

Кыргыз-түрк ымаласы: Жапаров менен Эрдогандын дымагы


Садыр Жапаров менен Режеп Тайып Эрдогандын жолугушуусу. 9-июнь, 2021-жыл. Анкара, Түркия.

9-июнда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен Анкарада эки тараптуу сүйлөшүү жүргүздү.

Мамлекет башчылары жолугушууда кыргыз-түрк эки жана көп тараптуу кызматташуунун абалы менен келечегин, соода-экономикалык, аскердик-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү байланыштардын актуалдуу маселелерин талкуулашканы кабарланды.

Чек ара, ФЕТО маселеси, аба каттамдары

Сүйлөшүүдөн кийинки биргелешкен маалымат жыйында Эрдоган апрель айынын этегинде кыргыз-тажик чек арасына токтолду:

"Эки бир тууган өлкөнүн ортосунда чыккан бул көйгөй бизди да кайгыга салды. Бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып каза болгондордун жакындарына көңүл айтам. Эки өлкө сабырдуулук менен бул маселени чечип алганына кубандык. Эки кошуна мамлекет мындан ары да көйгөйлөрдү тынчтык жолу менен чечет деген үмүттөбүз."

Түркиянын лидери жолугушууда "ФЕТО баш болгон террордук уюмдар менен" күрөшүү тууралуу сөз болгонун белгиледи.

"ФЕТО уюмунун эки өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирери тууралуу урматтуу бир тууганым менен пикирдешпиз. Соңку саясий көйгөйлөр ФЕТОнун караңгы, кандуу жана суук "жүзүн" ортого салды. Буюрса, бири-бирибизге колдоо көрсөтүп, бул маселени бирге жеңебиз. Урматтуу президентке Түркиянын кыргыз элине жана өкмөтүнө болгон колдоосун дагы бир жолу баса белгиледим. Саясий туруктуулукка карай жасалган ар бир кадамында биз кыргыз мамлекетинин жанындабыз", -деп айтты Эрдоган.

Расмий Анкара 2016-жылдын 15-июлунда ишке ашпай калган төңкөрүш аракети үчүн АКШда бозгунда жүргөн түрк диниятчысы Фетхуллах Гүленди жана анын “Хизмет” кыймылын айыптап келет.

Эрдогандын бийлиги кыймылды ФЕТО же “Фетхуллахчы террорчул уюм” деп атап, анын миңдеген тарапкерлерин кармаган. Бул төңкөрүш аракетинде 250дөй адам набыт болгон. Гүлен өзү жана анын тарапкерлери дооматтарды четке кагып, төңкөрүш аракетин бийлик өзү атайлап уюштурган деп жооп кайтарган.

Лидерлер Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы аба каттамдарынын санын көбөйтүүгө да көңүл бурушканы белгилүү болду.

Жапаровдун Анкара сапары

Садыр Жапаров баштаган кыргыз делегациясын 9-июнда Анкара шаарында Түркиянын маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой тосуп алды.

Мамлекет башчынын учагы «Эсенбога» эл аралык аэропортуна конуп, расмий сапардын урматына эки өлкөнүн туулары көтөрүлүп, ардактуу кароолдун ротасы тизилди.

Кыргыз делегациясы андан кийин «Аныткабир» мемориалдык комплексинде Түркиянын биринчи президенти Мустафа Кемал Ататүрктүн сөөгү коюлган жерге барып, мамлекеттик ишмердин бейитине гүлчамбар коюп, элесине таазим кылды.

Андан соң Садыр Жапаров менен Түркиянын мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдогандын расмий жолугушуусу болду.

Жапаровдун кортежи ардактуу атчандар кароолунун коштоосу менен Анкара шаарындагы президенттин сарайына келди.

Кыргызстандын президентин Режеп Тайип Эрдоган өзү тосуп алды. Мамлекет башчылар учурашкан соң Кыргызстан менен Түркиянын Гимндери жаңырды.

Ардактуу кароолдун командиринин рапортунан кийин, лидерлер тизилип турган Ардактуу кароолду бойлой басышты. Кыргыз президенти жоокерлер менен түрк тилинде: «Merhaba, asker!» деп саламдашты.

Андан соң мамлекет башчылары өздөрүнүн расмий делегация мүчөлөрүн тааныштырып, мамлекеттик желектердин фонунда сүрөткө түштү.

Расмий жолугушуу аземинин жыйынтыгында Садыр Жапаров менен Режеп Тайып Эрдоган Түркиянын президентинин кеңсесине бетме-бет сүйлөшүүгө киришти.

Жапаров иш сапарынын алкагында Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен да жолугушат. Ал ошондой эле эки өлкөнүн бизнес форумуна катышып, Анкарада иштеп жүргөн мекендештер жана окуп жаткан студенттер менен баарлашмакчы. Иш-чаралардын калганы 10-июнга белгиленген

Ортодо калган “гүленчилер”

Арийне, Кыргызстан менен Түркиянын дипломатиялык алакасына 30 жыл болду. Кыргызстан 1991-жылы көз карандысыздыкка жетишкен учурда, анын эгемендигин Түркия биринчи болуп тааныган. Өлкөлөрдүн андан берки ымаласы баары бир тең да, Түркиянын башына Эрдоган келгенден кийинки мамилеси бир тең деп караса болот.

Алмазбек Атамбаев менен Режеп Тайып Эрдоган. 2014-жыл. Анкара, Түркия.
Алмазбек Атамбаев менен Режеп Тайып Эрдоган. 2014-жыл. Анкара, Түркия.

Режеп Тайып Эрдоган 2014-жылы биринчи жолу президенттикке шайланган учурда кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев Анкарага барып, аны куттуктап, даңазалап сүйлөп келген.

Эки жылдан кийин, 2016-жылдын 15-июлунда Түркияда төңкөрүш аракетинен кийин баары өзгөргөн.

Расмий Анкара ишке ашпай калган төңкөрүштү АКШда бозгунда жүргөн түрк диниятчысы Фетхуллах Гүлен жана анын “Хизмет” кыймылын айыптайт. Эрдогандын бийлиги кыймылды ФЕТО же “Фетхуллахчы террорчул уюм” деп атап, анын миңдеген тарапкерлерин кармаган. Бул төңкөрүш аракетинде 250дөй адам набыт болгон. Гүлен өзү жана анын тарапкерлери бул дооматтарды четке каккан.

Ага карабай Режеп Тайып Эрдоган дүйнөнүн көп өлкөлөрүнөн, анын ичинде Кыргызстандан ФЕТО уюмуна тиешелүү делген ишканаларды, билим берүү жайларын жаап, анын мүчөлөрүн Түркияга өткөрүп берүүнү талап кылган. Анын ичинде отуз жылдан бери Кыргызстанда иш алып барган “Себат” лицейи да бар эле.

Ошол учурдагы кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев Эрдогандын бул талабына терс жооп берип, түрк лицейлери өлкөгө эч кандай коркунуч келтирбей турганын билдирген. Кыргыз бийлиги 2017-жылы “Себат” лицейин “Сапат” деп өзгөртүп, жарым-жартылай өкмөттүн ээлигине алган.

Кийинки шайланган президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын апрелинде Анкарага барган учурда да, ошол эле жылы сентябрда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Бишкекке келген учурда да ушул маселе козголгон.

2018-жылдын декабрь айында Түркиянын парламентинин төрагасы Бинали Йылдырым Бишкекке келип, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун жолугушуусунда да “гүленчилердин коркунучун” көтөргөн.

Орхан Инанды
Орхан Инанды

Садыр Жапаров бийлик башына келгенден кийин, тагыраагы 2020-жылдын ноябрь айында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Анкарага барган учурда Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу ушул теманы кайра козгогон.

Чавушоглу быйыл мартта Бишкекке келгенде да кыргыз бийлигине “гүленчилердин коркунучун” эскерткен.

Мына ушундай жагдайда Садыр Жапаровдун Түркияга иш сапарынын алдында “Сапат” лицейинин президенти, окуу жайды түптөөчүлөрдүн бири Орхан Инанды Бишкекте дайынсыз жоголуп отурат.

Президент Садыр Жапаров өзү баш болуп, бийлик жана укук коргоо органдары ал изделип жатканын маалымдашууда.

Инандынын жакындары жана тарапташтарынын айрымдары Бишкекте Түркиянын элчилигинде кармалып турат дешсе, экинчи жааты президент аны түрк бийлигине “белек” катары ала кетти деп күмөн санашууда.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган бул жолу да Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугушууда "ФЕТО баш болгон террордук уюмдар менен күрөшүү жана чөлкөмдөгү кызматташтык сыяктуу маселелерди талкууладык" деп билдирди.

"ФЕТО уюмунун эки өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирери тууралуу урматтуу бир тууганым менен пикирдешпиз. Соңку саясий көйгөйлөр ФЕТОнун караңгы, кандуу жана суук "жүзүн" ортого салды. Буюрса бири-бирибизге колдоо көрсөтүп, бул маселени бирге жеңебиз. Урматтуу президентке Түркиянын кыргыз элине жана өкмөтүнө болгон колдоосун дагы бир жолу баса белгиледим. Саясий туруктуулукка карай жасалган ар бир кадамында биз Кыргыз мамлекетинин жанындабыз", - деп айтты Эрдоган.

Саясий эксперт Даниел Кадырбеков Түркия менен Кыргызстандын кызматташтыгына мындай баа берди:

Даниел Кадырбеков
Даниел Кадырбеков

“Түркия биз менен жөн гана кошумча престиж катары мамиле кылат, болбосо биздин аларга көп деле керегибиз жок. Биздин бийлик башындагылар өздөрүнүн рейтингин көтөрүш үчүн улам Түркияга барып турганды адат кылып алышкан. Анкарадан жардам сурагандан башка, Кыргызстандын кызыкчылыгына туура келе турган мамиле кыла алышпайт. Соңку алакалардын фонунда кыргыз жараны Орхан Инандынын жоголуп кетиши абдан кейиштүү көрүнүш болду. Дүйнө жүзүндө эмне болуп жатканын түшүнгөн, сабаттуу саясатчылар муну өтө чоң жаңжал деп кабылдамак. Бул нерсеге жеткирбешибиз керек эле. Башка жагынан алганда бийликти күч менен басып алуу болгон өлкөдө мындай нерсе орун алып турат экен”.

Орхан Инандынын машинеси 1-июнга караган түнү таңга жуук өзү жашаган үйдүн короосунан табылган. Уулу милицияга арыз жазган. Ага "Интерпол" аркылуу издөө жарыяланган.

Кыргызстанда 20га жакын “Сапат” жеке лицейинин, эл аралык “Ала-Тоо” университетинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инандынын теги түркиялык. Ал Бишкекте иштеп, Кыргызстандын жарандыгын алган.

Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Талант Кушчубеков Орхан Инандынын уурдалышы эки өлкөнүн алакаларына таасир этпейт деген ойдо.

Талант Кушчубеков
Талант Кушчубеков

“Ал киши эмне себептен уурдалганы белгисиз. Ошондуктан, түздөн-түз пикир айтыш кыйын. Бул окуя кыргыз-түрк алакаларына кандайдыр бир таасир этет дегенден алысмын. Себеби, бул азырынча саясий иш эмес да. Ошондуктан, сабырдуулукту сакташ керек деп эсептейм. Экинчиден, Кыргызстандын жараны болгондон кийин укук коргоо органдары тарабынан изделип, аны жасаган кишилер жоопко тартылышы керек”, - деди ал.

Аскердик жана экономикалык кызматташтык

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы 28-29-30-апрелдеги жана 1-майдагы ири жаңжал Бишкекти эл аралык чөйрөдөн колдоо издөөгө түрткөн. Себеби, буга чейин Кыргызстандын башкы стратегиялык өнөктөшү экени айтылып келген Орусиянын Дүйшөмбүгө жан тартканы байкалган.

Бул жагдайда жергиликтүү тургундар жана талдоочулар “Кыргызстан боордош Түркиядан колдоо алышы керек” деген мүнөздөгү чакырыктарды жасап жатышкан. Анын ичинде Анкарадан каржылык жардам жана аскерий-техникалык курал-жарактарды сурап алууга үндөгөндөр болгон.

Даниел Кадырбеков кайрадан кепке кошулду:

“Кыргызстан чакан болсо да Түркиянын товар өндүрүшүн реализация кыла турган рынок. Соода жүгүртүүбүздө өтө чоң дисбаланс бар, башкача айтканда негизинен биз алардан товар алабыз. Ал эми саясий жана аскердик мамилелер жөнүндө айтсак, алар кайсы бир нерсеге байлап, бизге аз-маз жардам берип коюшу мүмкүн. Өздөрүнүн эл аралык рейтинги үчүн да көмөк көрсөтүшөт. Бирок биз алар менен терең мамиле куруу үчүн өзүбүздүн мамлекетибизди күчтөндүрүшүбүз кажет. Кыргызстан өзүнүн улуттук кызыкчылыгын коргой турган тышкы саясат жүргүзүүгө кудурети жеткен кезде гана алар да биз менен тең ата мамиле кылууга өтөт. Ошондуктан кайсы бир тараптан жардам күткөн туура эмес”.

Акыркы жылдары Түркия менен Кыргызстандын соода жүгүртүүсү 300-400 млн. доллардын тегерегинде болуп келген. Мунун көбүн Анкара Бишкекке саткан. Өлкө башчылары муну 1 млрд. долларга чейин чыгаруу чакырыктарын таштап жүрөт.

Кыргыз-түрк Иш кеңешинин Кыргызстан тараптан коюлган теңтөрагасы Темирлан Сарлыкбек уулу соода жүгүртүүнү кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин билдирди.

Темирлан Сарлыкбек уулу
Темирлан Сарлыкбек уулу

“Жеке пикиримде, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода жүгүртүү 1 млрд. долларга жеткен. Болгону анын көбү көмүскөдө калып жатат. “Дордой”, “Кара-Суу” же башка базарлардын алып-сатарлары ар кандай жол менен ташыгандыктан, анын баары эске алынбай калышы мүмкүн. Ошондуктан биз соода- сатыктын эсебин так жүргүзүп, бардыгын расмий түрдө каттоого өтүшүбүз керек”.

Ишкер Темирлан Сарлыкбек уулу өзү да Түркияда иш алып барат. Ал мурдатан түркиялык кесиптештерин Кыргызстанга алып келүү менен да алектенет. Бирок ал ар кандай тоскоолдуктардан улам түрк бизнесмендери Кыргызстанга келе албай жүргөнүн белгиледи:

“Ачык эле айтыш керек, Түркиянын чоң компанияларына Кыргызстан кызык эмес. Анткени алардын бир эле компания өндүргөн товары Кыргызстандын жалпы ички дүң продукциясы менен тең. Биздин рынок аларга кичинелик кылат. Андан сырткары ишкерлер үчүн Кыргызстанда коопсуздук маселеси, бюрократиялык, чек арадагы тоскоолдуктар бар. Эгер ошондо кызыкдар тармактарды атасак, Кыргызстанда CASA-1000 деген эл аралык долбоор бар экенин билесиздер да. Анын алкагында Кыргызстанда электр энергиясы өндүрүлүп, Ооганстан жана Пакистан өлкөлөрүнө сатылышы керек. Ошол себептүү Кыргызстанда ГЭСтерди салууга кызыкдар түрк инвесторлору бар. Бирок алар Кыргызстанда электрдин баасы дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу өтө төмөн болгондуктан жана мамлекет тараптан эч кандай кепилдик болбогондон улам барыша элек. Кен байлыктар боюнча кызыкдар ишкерлер бар. Азыр талкуу жүрүп жатат, бирок ал канчалык деңгээлде ишке аша турганы өзүнчө маселе. Буюрса, ушул жолугушууларда бир нече меморандумдарга кол коюлат. Анын ичинде бал челекчилердин кызматташтыгы жана башка багыттарда макулдашуулар бар. Кыргыз-түрк бизнес форумуна Түркия тараптан 50дөй, Кыргызстан тараптан 50дөй ири ишкерлер катышат”, - деди ал.

Садыр Жапаровдун биринчи чет элдик сапары Орусияга болгон. Кийин Казакстанга жана Өзбекстанга барды. Ортодо чек ара жаңжалына байланыштуу кыргыз президенти Москвага дагы бир жолу барып кайтты. Түркияга болгон иш сапары саны жагынан анын бешинчи чет элдик сапары болуп калды.

Солак: саясий окуялар кыргыз-түрк ымаласына доо кетирбейт
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:28 0:00

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG