Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 01:27

Кылыч: Анкара менен Бишкек куру убададан алыс болсун


Метин Кылыч.

Түркиянын Кыргызстандагы мурдагы элчиси Метин Кылыч эки өлкөнүн алака-катышы, 30 жылдык мамиленин оош-кыйышы тууралуу "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

- Метин мырза. 30 жыл мурда Түркия Кыргызстандын эгемендигин биринчилерден болуп таанып, тилектештигин билдирген. Андан бери далай жардамын, колдоосун көрсөттү. Эки өлкөнүн учурдагы мамилесин кандай баалайсыз?

- Борбор Азия чөлкөмүндө Кыргызстан Түркия менен мамилеси эң бекем өлкө. Себеби, Түркиянын Кыргызстан менен мамилеси - Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндөй лидерлердин деңгээлиндеги же ири компаниялардын ортосундагы алака-катышта гана эмес, эки элдин түздөн-түз байланышы бардыгында.

Кыргыздар менен түрктөрдүн бул аймакта тыгыз мамиле байланыштырып турат. Эки элдин ымаласы бири-бирине ачык-айкын. Бул мамиле ишкердикте, илим-билимде, үй-бүлө курууда, достук жана тууганчылыкта көрүнүшү мүмкүн. Мунун айкын мисалы - мамлекет башындагы лидерлердин ортосундагы мамиле бузулган күндө да Атамбаевдин мезгилиндегидей), элдин мамилеси бузулган жок.

Mамлекет башындагы лидерлердин ортосундагы мамиле бузулган күндө дагы элдин мамилеси бузулган жок. 

Кыргызстан Борбор Азиядагы жападан жалгыз демократиялык мамлекет экендиги жана базар экономикасынын өнүгүшү алакаларды бекемдөөгө салым кошту.

Кыргызстан үчүн парламенттик демократиянын жана базар экономикасынын эбегейсиз артыкчылыгы бар. Мисалы, мен кызматта турган маалда Ош шаарында түркиялык ишкерлер курган заманбап батирлерди көрүп, электр энергиясын өзү өндүргөн, алтургай өзүнүн радиостанциясы бар кесиптик лицейге бардым.

Ошто италияндардын таанымал тамагын жеп, эспрессо кофемди ичип, дүкөндөн кадимки түрк нанын сатып алып, коңшу өлкөгө тоскоолдуксуз кирип бардым. Эртеден кечке ал өлкөнү кыдырып, бирок нан менен жер-жемиштен башка эч нерсе таба албай, кайра өзүм көнгөн, дүр-дүйнөгө толгон Ошко кайттым.

Парламенттик демократия жана базар экономикасы өлкөнүн эң алыскы аймагында жашагандар үчүн да дүйнөнүн алдыңкы жетишкендиктерин пайдаланууга жол ачты. Кыргыз эли демократия жана базар экономикасынын аркасы менен өз талабын коюу укугуна ээ болду.

- Сиз элчи болуп турган маалдагы жана учурдагы саясий, экономикалык жана маданий мамилелерде кандай өзгөрүүлөрдү байкалууда?

- Кыргызстан менен Түркиянын мамилеси эки элдин түздөн-түз байланышына жана кызматташтыгына негизделгени үчүн азыркы окуялар аларга таасирин тийгизбей койбойт. Албетте, мезгил-мезгили менен саясий мамилелер басаңдашы мүмкүн. Атамбаевдин бийликтеги мөөнөтүнүн аягында ошондой болду. Бирок бул эки элдин ортосундагы бекем алаканы буза албайт.

Мен кызматта турганда өкмөттөр аралык долбоорлорго, анын ичинде Кыргызстандагы мамлекеттик мекемелердин эффективдүүлүгүн жогорулатуу долбоорлору кирген. Аларга дал ушул саясий рецессия таасир эткен. Алардын бири заманбап оорукананын курулушу болду. Эми ал курулуш кайра жанданат деп ишенем. Мындан тышкары, Түркиядагы бардык мекемелер, мейли расмий, мейли жарандык коом болсун кыргыз өнөктөштөрү менен тыгыз байланышта эле. Бул мамилелер да үзгүлтүккө учурады. Аларды мурунку калыбына келтирүү өтө маанилүү.

- Май айында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында куралдуу жаңжал болду. Эки коңшунун ортосундагы чырды чечүүгө кандай сунуштарыңыз бар?

- Совет мезгилинен калган көйгөйлөрдүн бири - анклав жана эксклав маселесин өкмөт аралык жумушчу топтор жана аймактагы жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүн киргизүү менен чечүү эң жакшы ыкма. Маселени эл аралык деңгээлге чыгарбастан, тиешелүү өлкөлөр өздөрү чечиши зарыл деп ойлойм. Түздөн-түз бул аймакка тиешеси жоктордун кийлигишкени көйгөйдү ого бетер курчутат. Бул үчүн эки өлкө чек араны чечүүгө даяр болушу керек. Эгерде тараптардын бири көбүрөөк жерге ээ болууну кааласа, анда эч натыйжа болбойт.

Экинчиден, аймактагы карама-каршылыктар, карапайым калкка кол салуу жана балдардын өмүрү кыйылганы оор кылмыш болуп саналат. Буга жол берген же аны токтотууга аракеттенбеген өлкөнүн өкмөтүнө эл аралык кылмыш жоопкерчилиги жүктөлөт.

- Түркия чек ара чатагында ортомчулук ролду аткара алабы?

Түркия чек ара көйгөйлөрүн чечүүдө тараптарга чек ара сызыгын аныктоо комиссияларына өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, заманбап жабдыктарды сунуш кыла алат.

- Мен кызматта турганда кыргыз-өзбек чек арасындагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн кыргыз тарапка эксперттик колдоо көрсөттүк. Түркия чек ара көйгөйлөрүн чечүүдө чек ара сызыгын аныктаган комиссияларга өз тажрыйбасынан бөлүшүп, заманбап жабдыктарды сунуш кыла алат. Чек араны аныктоо боюнча комиссияны жетектей да алат. Ал аймакка эксперттерди жиберип, көйгөйдү чечүү жолдору жөнүндө нускамаларды даярдай алат.

Мындан тышкары, эл аралык өнүгүү агенттиктеринин колдоосу менен анклавдарда жана эксклавдарда жашаган калктын сугат суусун, турак жайын жана энергетикалык муктаждыктарын жакшыртууга салым кошо алат.

- 9-11-июнда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Түркияга расмий сапар менен келгени турат. Бул сапарда эки тараптуу келишимдерден тышкары дагы кандай маселелер талкууланат деген ойдосуз?

- Мен буга чейин айткандай, кыргыздар менен түрктөрдүн ортосундагы мамиле көп сыноого кабылып, эч нерсеге карабай уланып келген. Бирок лидерлер менен өкмөттөр ортосундагы мамиле 2016-жылдын ортосунан бери өйдө-ылдый болуп, институционалдык кызматташтыкка доо кетирди.

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров шайлангандан кийин Түркияга жасаган биринчи расмий иш сапары эки мамлекеттин лидерлеринин жана өкмөттөрүнүн ортосундагы мамилелерди мурдагы жогорку деңгээлге жеткирүүгө жакшы өбөлгө түзмөкчү.

Элчилик кызматты аркалап жүргөн мезгилде кыргыз бийлиги Түркиядан барган жардамдарды максаттуу пайдаланбай, текке кетиргенин көп көрдүм. Бирок Түркиянын ресурстары да чектелүү. Кыргызстанга берилчү жардамдын туура жана натыйжалуу пайдаланылышы маанилүү. Ошондой эле түрк бийлиги дагы, кыргыз бийлиги дагы бири-бирине аткарылбай турган убадаларды бербеши керек. Өкмөттөр ортосунда ишенимди орнотуу үчүн куру сөз эмес, конкреттүү кызматташтыкты түзүү маанилүү.

Мамлекеттик институттар мыкты иштегенде Кыргызстан Борбор Азиянын Швейцариясы болот.

Мындан тышкары кызматташуу долбоорлору кыргыз элинин күнүмдүк жашоосуна оң таасирин тийгизе турган иштердин алкагында тандалышы керек.

- Кыргызстанга жакын адам катары дагы эмне кеңеш берет элеңиз?

- Кыргыздар Борбор Азиянын эң эркин жана эгемен калкы. Демократия - тез өнүгүүнү камсыз кылган модел эмес. Бирок ал туруктуу өнүгүүнү камсыз кылат. Эркиндик жана эгемендик - кыргыз элине мүнөздүү өзгөчөлүктөр. Мамлекеттик институттар мыкты иштегенде Кыргызстан Борбор Азиянын Швейцариясы болмок. Мен чөлкөмдөгү өлкөлөргө барган сайын, ал жактагылар байгер жашагандай көрүнгөнү менен кыргыздарга ар дайым көрө албастык менен карагандарына күбө болдум.

- Маегиңиз үчүн чоң рахмат, элчи мырза.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG