Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:33

Эрдогандын Кыргызстандагы сапары карыды


Түрк премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган бүгүн Бишкектен Монголияга учуп кетет. Кечээ кыргыз-түрк жолугушууларынын соңунда Эрдоган журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, АКШнын Кыргызстандагы аскерий базасын калтырууга үндөбөгөнүн, бул маселе тууралуу сөз болбогонун билдирди. Түркия Кыргызстанда ГЭС курууга кызыкдар экенин айтты.

Алмазбек Атамбаев Анкара өткөн жылы 100 миллион доллар насыя бергенин, 6 миллион доллар грант бөлгөнүн жана 50 миллион доллар карызын жойгонун айтып, ыраазычылык билдирди. Тараптар соода жүгүртүүнүн көлөмүн 1 миллиард долларга жеткирүүнү макулдашты. Аба каттамы боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү, туризм, инвестиция, токой чарбачылыгы жаатта алаканы чыңдоо боюнча келишимдерге кол коюлду. (EBM)

XS
SM
MD
LG