Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:26

COVID-19: Он күндө төрт миңдей адамга коронавирус жукту


Кыргызстанда июндун алгачкы он күнүндө коронавирус жуктуруп алгандардын расмий саны 3939 киши болду. Бул аралыкта бейтаптардын арасынан 56 киши көз жумду.

Акыркы бир суткада эле беш киши жашоо менен кош айтышып, 494 адам ооруга чалдыкты. Бул тууралуу Коронавируска каршы республикалык штаб маалымдады.

Ооругандардын эң көбү Бишкекте катталууда. Чүй, Ош облустарында жана Ош шаарында да илдеттин жайылуу темпи күч. Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустары оору көбөйүп бараткан аймактардын катарында. Талас, Баткен, Нарын дубандарында күнүгө 5-10 кишиден оору аныкталууда.

Коронавирус катталган 2020-жылдын март айынан бери Кыргызстанда бул ооруга чалдыккандардын расмий эсеби 108 667 кишиге жетти. Алардын 1861и көз жумду, 102 миңдейи сакайды.

10-июнга карата расмий статистика
10-июнга карата расмий статистика

Көз карандысыз медиктер ооругандардын жана өлгөндөрдүн саны мындан алда качан көп болушу мүмкүн экенин божомолдошот. Алар муну ооругандардын баары эле догдурга кайрылбай, расмий каттоого алынбай жатканы менен түшүндүрүшүүдө.

Өлкөдө 2021-жылдын мартынан Кытайдын жана Орусиянын препараттары менен эмдөө башталган. Вакциналардын алгачкы партиясы түгөнүп, кезектегисин алып келүү иштери жүрүүдө. Андан тышкары, Кыргызстан Дүйнөлүк банк берген 20 миллион доллардын 17 миллионуна 1 миллион доза вакцина сатып алганы жатат.

XS
SM
MD
LG