Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 04:45

Июнь коогасына 11 жыл


Жалал-Абад. 14-июнь, 2010-жыл.

2010-жылы өлкөнүн түштүгүндө 400дөн ашуун адамдын өмүрүн алган июнь коогасына бүгүн 11 жыл болду.

Бул датага карата Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кайрылуу жолдоду. Ал жаңжалды тынчытууга жардам берген эл аралык уюмдарга ыраазычылык билдирди.

"Андай апаат, бир тууган элдерди кырды бычак түшүргөн андай каргаша экинчи кайталанбасын деп тилек кылабыз. Сабырдуулукка үндөгөн, жабыр тарткандарга кол сунуп, жардам берген акылман жана айкөл элибизге өзгөчө алкыш айткым келет. Бизге ар тараптан колдоо көрсөткөн эл аралык коомчулукка дагы бир жолу ыраазычылык билдирем", - деп жазылды президенттин сайтындагы кайрылууда.

Калабанын 11 жылдыгына карата Ошто "Энелердин көз жашы" мемориалдык комплексинин жанына чогулгандар Бишкектен бир да жогорку бийлик өкүлү келбегенине капа болушту.

Жакынын жоготкондор, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана саясатчылар чогулган эскерүүдө Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жылдызкан Жолдошева мындай деди.

"Жапаров Түркияга учуп кетти. Бирок “Марипов, сен барып кой, Ташиев, сен барып кой” деп айтса болмок да. Мына азыр эмне үчүн энелер көз жашын төгүп жатат, себеби алар жылуу сөздү гана күтүп жатат".

Оштогу активист Инобатхон Султанова дагы июнь коогасына мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулбаганын сынга алды.

"Биздин мамлекет июнь окуясына анчейин көңүл бурбайт. Башка көп адамга таасир этпеген окуяларга көңүл буруп, кызыл менен белгилеп, эс алуу күнүн жарыялайт. Июнь коогалаңы жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарынан берилип, айрым мекендештерибиз эскерип гана тим болот. Мамлекет анчейин эскербейт".

Коогалаң учурунда Жалал-Абаддан 90дон ашык адам каза болуп, 900ү ар түрдүү жаракаттарды алган.

Шаар тургуну, дарыгер Дария Шерматова ал күндөрдү минтип эскерди.

“Мен жеке ооруканада дарыгер элем. Жаңжалды байкабай жумушта отура бериптирмин. Кийин эле имарат өрттөнө баштады, мен колумду толук күйгүзүп алдым. Жолдошум ооруканага алып барып, өмүрүмдү сактап калды. Ошол каргашадан калган тактар бүтүп жатканы менен жүрөктөгү так өчпөдү”.

Сузактык 64 жаштагы Махаммаджон Сариев 2010-жылдагы июнь коогалаңында 27 жаштагы баласынан айрылган. Кырчындай курагында каза болгон уулунун артында 11 жаштагы баласы калды.

“Балам 27 жашта болчу. Жаңы эле үйлөнүп, келинимдин боюнда бар эле. Каргашалуу июнь окуясында уулум Жалал-Абад шаарындагы жаңжалды угуп, кенже кызымды Сузакка, үйгө алып келем деп кеткен бойдон ок жеп, ооруканада жан берген. Баламдын артында бир неберем калды. Ал азыр апасынын колунда”.

Быйыл президент Садыр Жапаров июнь окуясын кайра иликтөө боюнча атайын кызматка тапшырма берген. Бул аракет кыргыз коомунда ар кандай сын пикирге жол ачкан.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова бийлик эски жараны тырмоо ордуна жаңыча иш жүргүзүп, өткөн катадан сабак алышы керек деген пикирде.

"Элдин жарасы эми бүтөлүп келе жатат. Азыр бийликтин ошончо оор трагедиянын баарын иликтеп чыкканга мүмкүнчүлүгү жок. Эгер “июнь окуясына кайра кайрылабыз, ошону иликтейбиз” деген нерсе саясий өңүттө кете турган болсо, анда токтотуп эле коюу керек. Бизде бийлик алмашса же кандайдыр бир саясий иш-чаралар, шайлоолор болсо Кумтөр маселеси, Аксы окуясы, июнь окуясы же Дача СУ деп кайра-кайра айтып калышат. Бирок ошону укуктук нукта аягына чыгара албагандан кийин саясий флагман кылып көтөрүп, “мен ушуну бүтүрөм, жасайм” деп, кайра эле күнөөлүүлөрдү издеп, андан кимдир бирөөлөрдүн жабыркап калганы жарабайт".

Расмий маалыматка таянсак, бул каргашалуу окуяда 446 адам каза болуп, 2 миңге чукул жаран ар кандай жараат алган. 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын 19у табыла элек. Массалык башаламандыкка байланыштуу 100дөн ашуун адамга издөө жарыяланган.

Коога учурунда укук коргоо органдарына жана аскер бөлүктөрүнө тиешелүү 1058 ок атуучу курал, жүз миңден ашуун ок-дары жоголгон. Мындан сырткары чопкутталган алты аскер техникасы мамлекеттик органдардан тартылып алынып, кийин кайра кайтарылган. Көрүлгөн чаралардын негизинде 632 курал-жарак жана ар түрдүү калибрге түшчү 90 миңге чукул ок-дары күч органдарына өткөрүлгөн.

Кооганы тутанткан себептер

Кыргызстанда июнь коогасынын чыгышына ансыз да 2010-жылдын апрелинен тарта бийлик, байлык, таасир талаш токтобой, олку-солку болуп турган кырдаалды курчутууга багытталган кылмыш дүйнөсүнүн жеке кызыкчылыгы - криминалдык таасир этүү тилкелерин сактап калуу же кайра бөлүштүрүүгө байланыштуу болгон.

Буга чейин калыптанган аткезчилик каналдары менен маңзат соодасын көзөмөлдөө укугун талашуу айыгышкан күрөшкө себеп болгону окуяны иликтеген депутаттык жана улуттук комиссиялардын тыянагында да келтирилген.

2010-жылы 10-июнда түнгө жуук же 11-июнга караган түнү Ош шаарындагы "Алай" мейманканасынын жанындагы оюн автоматынан чыккан чыр улут аралык кагылыштын башаты болуп калганы окуяны иликтеген бардык комиссиялардын тыянагында көрсөтүлгөн.

Улуттук комиссиянын корутундусунда мушташа кеткен жаштар топтолуп, айланадагы ишкердик объектилерин өрттөп, талкалай баштаганы жазылган. Окуянын күбөлөрүнүн айтымында, белгисиз куралчан адамдар кара түстөгү «Жип» машинелери менен келип, топтолгон эки тарапка тең ок чыгарган.

Киммо Кильюнен жетектеген Эл аралык комиссиянын отчетунда жана «Human Rights Watch», «Мемориал» сыяктуу адам укугун коргоочу уюмдардын баяндамаларында эки тараптын тең криминалдык топтору зордук-зомбулук, адам уурдоо, барымтага алуу жана өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү сыяктуу кылмыштарга барып, улут аралык жек көрүүнү козутуу менен кырдаалды көзөмөлдөн чыгарууну көздөгөн мисалдар келтирилген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG