Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2021 жума, Бишкек убактысы 09:36

Абдирасулова: Июнь коогасынан сабак алышыбыз керек


Азиза Абдирасулова.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова 11 жыл мурдагы июнь окуясынын кесепеттери жана сабагы, улут аралык ынтымак, алардын азыркы жашоосу тууралуу "Азаттыкка" маек курду.

- Бул каргашадан бийлик, эл кандай сабак ала алды?

- Бул өтө терең трагедия. Каза болгондордун саны эле 500гө жакын. Дайынсыз жоголгон 30дай адам табылбай кетти. Жарадар болгондор 2000ден ашык. Үй-жайы күйгөндөр 2000дей адам. Бизнеси күйүп кеткендер да 2000ден ашык. Мындан тышкары үйү тонолгондор, короосунан малын, машинесин айдап кетишкендер бар. Ур-токмок жегендер бар. 70 миңге жакын адам Өзбекстанга өтүп, кайра келди. Кыргызстан ушундай трагедиядан сабак албаса, анда эч кайсы башка окуядан сабак ала албайт.

Мага “Биринчи кезекте бийлик сабак алдыбы?” деген суроо берип жатышат. Бийлик бири кеткенде экинчиси анын жакшы иштерин улантып кете турган, катасы болсо кайталабай тургандай болушу, бирдиктүү иш жүргүзүшү зарыл.

Июнь окуясы учурунда өлкө президенти Роза Отунбаева болчу, андан бери мына, үчүнчү президент болду. Мамлекет башчысы алмашканда бүт аткаруу бийлиги, сот бийлиги, парламенттен бери алмашууда. Биринчи кезекте каалаганым – кеткен бийликти “жаман” дегенден алыс болуп, анын жакшы жагын айта турган, “катачылык болду, бирок мына бул жагы жакшы болду, биз ошону улантабыз” дешибиз керек. Ошондо эл тигил же бул саясатчынын адамы болбой калат. Бүгүнкү күндө саясатчылар элди аябай бөлүп коюшту. Бул карапайым эл үчүн жакшы эмес. Бөлүнүп-жарылуу ушундайдан чыгат. Ушундайдан аймак аралык, улут аралык бөлүнүү чыгып, нааразылыкка алып барып коюшу мүмкүн.

Ал эми карапайым эл мындан өзүнчө бир тыянак чыгарды го деп ойлойм. Себеби, бийликте отургандар же чоң кызматтагылар жабыркаган жок, алардын үйү өрттөнгөн жок, каза болгондор жалаң карапайым, жөнөкөй адамдар болгонун эл көрдү.

Жабыркаган адамдарга эл аралык уюмдар, мамлекет жардам берип, үй-жайы калыбына келип калды, жашап жатышат. Эки улуттун ортосунда бири-бири менен кыз алуу, кыз берүү, достошуу жагы жакшы жолго коюлуп калды. Байкаганым, кыргыз жана өзбек улутундагылар арасында бизнесин биргелешип чогуу жүргүзүп жаткандар бар. Бул да өтө жакшы.

Дагы бир айта кетчү нерсе, ошол кезде трагедияны көргөндөр, үйлөрү өрттөнүп, качкандар, жарадарларды, канды көргөн 5-10 жаштагы балдар бүгүн 15-20га чыгып калышты. Азыр мамлекет ошол балдарга көбүрөөк көңүл бурушу керек. Аларды мамлекеттик башкарууга, коомдук иштерге тартып, биргелешкен иш-чараларды өткөрүү зарыл.

- Июнь окуяларынын себептерин изилдеген айрым талдоочулар “ошол кезде жергиликтүү бийликтен да көп нерсе көз каранды болчу” деп айтып келишет. Мындай көз караш канчалык негиздүү?

- Биз өз алдынча иликтөө жүргүзгөндө Кыргызстанда курал-жарак коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө, ушундай окуялар чыкканда жергиликтүү бийлик укук тартибин коргоо органдары менен, активисттер менен кандайча иштеши керектиги жөнүндө абдан жакшы жазылган мыйзамдар бар экенин көрдүк.

Чынында ошол кезде апрель окуяларынан кийин, менимче, жергиликтүү бийлик парализация болгондой акыбалда турду го дейм. Бирок мындай окуяларга, ушундай кокустуктарга жергиликтүү бийлик дайым даяр болушу керек. Өзү гана эмес, борбордук бийлик жана укук коргоо кызматкерлери менен биргелешип иш алып барууга даяр турушу зарыл.

- Эми мындай трагедия кайталанбашы үчүн өкмөт, бийлик эмнеге көңүл бурушу керек? Жогоруда сиз жаштарды тарбиялоонун, жергиликтүү бийликтин ролуна токтолдуңуз. Дагы көңүл бөлүш керек болгон кайсы багыттарды белгилейсиз?

- Жакшы жөрөлгөлөр бизде бар, жок эмес. Этнос аралык мамилелер боюнча коомдук кабылдамалар бар. Тилекке каршы, ошол коомдук кабылдамалар бүгүн эл аралык уюмдардын колдоосу менен гана иш алып барып жатат. Ошолорго көбүрөөк көңүл бөлүш керек. Ага бюджеттен көп деле акча-тыйын кетпейт, анын баарын эсептеп бергенбиз, дагы сунуштарды киргизип жатабыз.

Бөлүп-жаруучулук чакырыктары менен чыккандарга тез аранын ичинде тыюу салынып турушу зарыл. Аймак аралык же улут аралык бөлүнүүнү козуткандарга көңүл бөлүнүшү керек. Мындай окуяларды алдын алуу үчүн мыйзамдардын иштеши маанилүү, бизде көбүнчө мыйзамдар иштебей калып жатат.

- Өткөндө бийлик июнь окуясына байланыштуу козголгон иштерди кайра териштирүү тууралуу демилгесин билдирбедиби. Муну колдогондор да, каршы болгондор да чыкты. Окуя болуп жаткан учурда ошол жерде болгон, баарын өз көзүңүз менен көргөн адам катары сиз кандай ойдосуз? Кайра териштирүү зарылбы?

- Июнь окуясы боюнча 5300дөн ашык кылмыш иши козголгон. Ошонун болгону 15% гана бети ачылып, иши сотко өттү, калгандары ошо бойдон калып калды. Эгер азыр бийликтин чамасы жетсе, “ошолордун баарын иликтеп чыгабыз” десе, анда кайра кайрылса болот. Бирок андай кыла аларына көзүм жетпейт. Себеби, ошол кезде жабыркагандардын көпчүлүгү арызданганды бүгүнкү күндө каалабайт. Элдин жарасы эми бүтөлүп келе жатат. Азыр бийликтин ошончо оор трагедиянын баарын иликтеп чыкканга мүмкүнчүлүгү жок. Эгер “июнь окуясына кайра кайрылабыз, ошону иликтейбиз” деген нерсе саясий өңүттө кете турган болсо, анда токтотуп эле коюу керек.

Бизде бийлик алмашса же кандайдыр бир саясий иш-чаралар, шайлоолор болсо Кумтөр маселеси, Аксы окуясы, июнь окуясы же Дача СУ деп кайра-кайра айтып калышат. Бирок ошону укуктук нукта аягына чыгара албагандан кийин саясий флагман кылып көтөрүп, “мен ушуну бүтүрөм, жасайм” деп, кайра эле күнөөлүүлөрдү издеп, андан кимдир бирөөлөрдүн жабыркап калганы жарабайт.

Экинчи жагынан алып караганда, ошол кезде күнөөсүз камалгандар бар, куугунтукталып, чет мамлекеттерде жүргөндөр бар. Муну элдин жарасын кайра чукубастан, балким, улуттук мунапыс түрүндөбү, улуттук жарашуу дейбизби, улуттук деңгээлдеги иш-чара болуп, ошол кезде соттолгондордун иштерин кайра карап чыгуу өтө зарыл. Себеби, анда башаламандык болуп, күнөөсүз камалып кеткен адамдар көп болгонун баарыбыз билебиз. Коркуп, үйүнө келе албастан чет жакта качып жүргөндөр көп. Ошолорго “Кыргызстанга келгиле, мындай жооп бересиңер, мындай кыласыңар” деп мүмкүнчүлүк бериш керек. Мен ошондой улуттук өңүттөгү иш-чараны, чечимдерди күттүм эле.

Бирок июнь окуясынын баарын иликтеп чыгуу Экинчи дүйнөлүк согуштагы окуяларды иликтөөгө аракет кылган Нюрнберг процесси үстүртөн болгон сыяктуу саясий жараяндын Кыргызстанга кереги жок.

Түркүн-түстүү Он-Адыр
please wait

No media source currently available

0:00 0:34:30 0:00

- Кыргызстанда 80ге чукул ар улуттун өкүлдөрү жашайт деп айтып келебиз. Айтсаңыз, канткенде бардык улуттардын кызыкчылыгы, коопсуздугу корголгон, укуктары сакталган, ортодо достук жана бир туугандык сезим орногон, мекени үчүн “бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарган” ынтымагы бар, демократия баалуулуктарына негизделген бакубат коом курсак болот?

- Кайра эле мыйзамдарга кайрылам. Бизде мыйзамдар жакшы, Конституция ар бир адамдын улутуна, саясий көз караштарына, динине карабастан укуктарын бирдей сактайт. Ар бир улуттун өкүлдөрүн мамлекеттик башкарууга катыштырууга аракет кылыш керек. Алардын билим алуусуна өбөлгө түзүп берүү зарыл. Маданий иш-чараларды биргелешип көбүрөөк уюштуруп турган да туура болот.

- Июнь окуясынан берки 11 жыл ичинде сиз ошол шаар-айылдарды, элди далай кыдырып чыккандырсыз. Бүгүн алардын бейпил жашоосу, тынчтыгы үчүн укук коргоочу катары “санаам тынч” деп өзүңүзгө айта аласызбы?

- Эми, санаам тынчыбаган учурлар да бар. Мисалы, ошол эле күч органдарына же жергиликтүү бийликке аз улуттун өкүлдөрү кайрылса, бирдей мамиле болбой калган учурлар бар. Ага биз көңүл буруп келебиз. Ал эми санаам тынчыган жагы – улуттар ынтымагы, алардын биргелешкен бизнестери, чогуу өткөргөн тойлору, эки улуттун өкүлдөрү баш кошуп жашап жатканы, бири-бирине жакшы мамиле жасаганы, өзбек тилинде окуткан мектептердин көбү өз каалоосу менен кыргызчага өтүп, билимге умтулганы. Мунун баары абдан жакшы көрүнүш.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG