Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:10

«Персона нон грата болгонума капамын»


Финляндия парламентинин депутаты, Европа кеңешинин вице-президенти Киммо Кильюнен.
Финляндия парламентинин депутаты, Европа кеңешинин вице-президенти Киммо Кильюнен.

Он жыл мурунку июнь окуяларын ошол кездеги кыргыз бийлигинин уруксатын алып, жети мамлекеттин мүчөлөрүнөн турган эл аралык комиссия иликтеп чыккан.

Комиссия 2011-жылдын май айында жарыяланган корутундусунда Кыргызстандын Ош жана Жалал-Абад облустарындагы коогада эки тарап тең жабыркаганын, бирок өзбек коомчулугунун өкүлдөрүнүн укуктары көбүрөөк бузулганын белгилеген.

Ошол кездеги кыргыз өкмөтү бул корутундуну бир тараптуу деп сындап, кыргыз парламенти комиссиянын төрагасын, финляндиялык саясатчы Киммо Кильюненди «персона нон грата» деп жарыялап, ага Кыргызстанга келүүгө тыюу салган.

Финляндия парламентинин учурдагы депутаты, Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясынын вице-президенти Киммо Кильюнен «Азаттыкка» маек берип, он жылдан бери Кыргызстанда эмне өзгөргөнү, эмне үчүн ал жетектеген комиссиянын корутундусу ача пикир жаратканы тууралуу ой бөлүштү.

- Кыргызстандын Ош жана Жалал-Абад облустарында 470тей адамдын өмүрүн алган улут аралык араздашуудан бери он жыл өттү. Сиз бул окуяларды иликтеген эл аралык комиссияны жетектегенсиз. Алгач бул комиссиянын төрагалыгына кантип келип калганыңызды түшүндүрүп бересизби? Эмне себептен бул иликтөөгө катышууну чечкенсиз?

- Мен ал учурда Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Парламенттик ассамблеясынын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү болчумун. Он жылдай чөлкөмдөгү мамлекеттердин баарын кыдырып чыккам.

Кыргызстандын түштүгүндө бул коога чыкканда баарыбыз, бүтүндөй эл аралык коомчулук нес болуп калдык. «Борбор Азиядагы башка өлкөлөргө караганда ачык жана демократияга багыт алган Кыргызстанда мындай окуялар кантип болсун?» деп ойлодук.

Эл аралык коомчулуктун өкүлү катары биз кыргыз өкмөтүнө, Бириккен Улуттар Уюмуна, Европа Биримдигине жана ЕККУ сыяктуу уюмдарга иликтөө жүргүзүү сунушу менен кайрылдык. «Бул же тиги тарап күнөөлүү» дебей элди элдештирүүнү максат кылганбыз. Ошондой эле мындай окуялардын кайталанбашы үчүн улут аралык мамилелерди кантип жакшыртса болоорун изилдейли дегенбиз. Биз ушундай кайрылуу жолдодук.

Ошол учурдагы Убактылуу өкмөт, анын ичинде президент Роза Отунбаева мен жетектеген көз карандысыз комиссияны өлкөгө чакырды. Бул комиссияны Бириккен Улуттар Уюму, Европа Биримдиги, Орусия жана АКШ сыяктуу чоң державалар колдошту.


- Сиз жетектеген эл аралык комиссия өз корутундусунда Кыргызстанда 7-апрель ыңкылабынан кийинки окуялар, саясий атаандаштык, бийлик органдарынын, мамлекеттик институттардын жана мыйзам үстөмдүгүнүн алсыздыгы этноулутчулдукту күчөтүп койгонун белгилеген. Улут аралык араздашууга негиз берген ошол учурдагы башкы маселелерди кандай мүнөздөөр элеңиз?

- Аталган маселелердин келип чыгышына саясий кырдаал себеп болгонун айтсак болот. Ал учурда мамлекеттик башкарууда боштук бар эле, кырдаал толук өкмөттүн колунда эмес болчу. Бирок маселенин тамыры андан да терең. Ага чейин эле Кыргызстандын түштүгүндө улут аралык мамилелерде кыйынчылыктар байкалып жаткан. Анын үстүнө андан 20 жыл мурда же 1990-жылы Советтер Союзу ыдырагандан кийин да бийликте боштук пайда болуп, Кыргызстанда буга окшогон коогалаң чыкпады беле. Андан бери чыңалуу кала берген.

Тилекке каршы, 1990-жылдагы окуядан кийин элдешүү жараяны толук ишке ашкан эмес. Мындан улам кырдаал өзгөргөндө бийликти жана таасирди күчөтүү аракети болгон. Азыр жабыркагандар үчүн адилеттикти орнотуу, күнөлүүлөрдү аныктоо маанилүү экенин баса белгилегибиз келет.

- Сиз жетектеген эл аралык комиссия кыргыз өкмөтүнө бир нече сунуштарды берген. Мисалы, Кыргызстан ашкере улутчулдукка жана этностук топтордун обочодо калышына каршы бекем позициясын көрсөтүшү керектигин, чындыкты аныктап, элди элдештире турган комиссия түзүү сунушталган. Сиздин баамыңызда андан бери өлкөдө эмне өзгөрдү? Сиздердин сунуштардын канчасы аткарылды?

- Алгач бир нерсени айта кетейин. Эл аралык коомчулук, алардын ичинде БУУ, Евробиримдик, АКШ жана Орусия биздин баяндаманы кубатташкан. Алар көп аракет жасалганын, сунуштар реалдуу экенин белгилешкен. Андыктан ошол учурда өзгөрүү жасоо үчүн сиздерде эл аралык коомчулуктун колдоосу болгон. Он жыл ичинде кандай өзгөрүүлөр болду? Кандай жылыштар болду? Жакшы жагы, ушуга окшош жаңы зордук-зомбулук болгон жок. Мындай окуялар кайталанган жок.

Албетте, мен учурда Кыргызстандан алыста жүрөм. Бирок азыр жарандык коом менен бийликтин ортосунда ишеним жетишпей жаткандай. Жабырлануучулар адилеттүүлүккө муктаж. Бирок кыргыз бийлиги аны камсыз кыла албай жатат. Анык делген окуялар да тыкыр иликтенген жок. Мындан тышкары так эмне болгону да ачык айтылбай келет. Экинчиден, болгон окуялар тууралуу бийлик менен жарандык коомдун ортосунда гана эмес, Кыргызстандын түштүгүндө да ишенбөөчүлүк бар. Потенциалдуу чыңалуу бар.

- Сиз мындай пикирди эмнеге негиздеп айтып жатасыз? Анткени сиз Кыргызстанга көптөн бери бара элексиз. Ал жакта абал жакшы эмес деп айтууга эмне негиз бар?

- Мен сизге айтканымдай, мен алыстан байкоо салып турам. Мен Кыргызстанга бара элекмин. Сиз интервьюнун башында айтканыңыздай, мени «персона нон грата» деп жарыялашкан. Мындай чечимди кыргыз парламенти кабыл алган. Менимче, мен кайсы бир өлкөнүн парламенти тарабынан «персона нон грата» деп жарыяланган дүйнөдөгү биринчи адам болсом керек. Себеби мындай чечимди өкмөт кабыл алышы керек эле. Өлкөгө барбаганым үчүн учурда абалга сырттан байкоо салып гана келем.

Албетте, мен Кыргызстандын өкүлдөрүн ЕККУ же БУУ сыяктуу айрым эл аралык уюмдардын жыйындарында жолуктуруп келем. Бирок өлкөдөгү реалдуу абалдан кабарым жок. Ошентсе да мен «Хьюман Райтс Уотч», «Эмнести интернешнл» сыяктуу эл аралык уюмдардын баяндамаларын дыкат окуп чыктым. Тилекке каршы, алар абал көп деле өзгөрүп кетпегенин айтып жатышат.

- Сиздердин иликтөөнүн жыйынтыгы Кыргызстанда чоң талкуу жаратканы белгилүү. Сиз биздин максат эки тараптын элдешүүсүнө көмөк көрсөтүү болгон деп айттыңыз. Бирок сиздердин баяндама ушул максатты ишке ашырууга канчалык өбөлгө түзө алды?

- Биз ошону каалаганбыз. Чындыкты аныктап, болгонду болгондой көрсөтүү менен маселени чечүүгө жардам көрсөтө алабыз деп үмүттөнгөнбүз. Биз сиздерге элдешүү жараянын ишке ашырууга көмөктөшүүнү көздөгөнбүз. Бул ишти биз аткара албайбыз да.

Биз курмандыктар кимдер экенин, кимдер жабыркаганын, кандай маселелер бар экенин көрсөтүп бердик. Элдешүү жараянын ишке ашыруу коомчулуктун колунда. Биз болгон аракетибизди кылдык. Эгер биздин баяндама абалды жакшыртууга салым кошо албаса, балким максатыбызды ишке ашыра албай калгандырбыз.


- Эл аралык комиссиянын тыянагы Кыргызстандагы айрым саясатчылардын кескин сынына кабылып, айрымдары сизди кайсы бир кылмыш үчүн да айыптаган. Кыргыз парламенти сизди «персона нон грата» деп жарыялаганын айтып өттүк. Бул чечимди укканда сиздин алгачкы реакцияңыз кандай болгон?

- Мен ал чечимди түшүнө алган жокмун. Мен ага чейин Кыргызстанга көп жолу баргам. Чынында мен бул өлкөнү жана бул өлкөнүн элин жакшы көрөм. Көптөгөн чынчыл, ак ниет кыргыз жарандарын тааныйм. Андыктан мен нес болгом. Биз өлкөгө колдон келишинче жардам берүүгө аракет кылдык. Мындай реакция кайдан чыкты деп капа болгом.

Ошол эле учурда эл аралык коомчулуктун арасында мени куттуктагандар болгонун эстен чыгарган жокмун. Алар парламент тарабынан «персона нон грата» деп жарыялансаң, анда сен туура иш кылыпсың, кескин реакция болгонуна караганда сен абдан сезимтал маселени көтөрүпсүң» дешти. Бириккен Улуттар Уюмунан, Евробиримдиктен куттуктоо алып, Орусиянын жана Мамлекеттик департаменттин да колдоосуна ээ болдук.

Эгер Кыргызстандын эли биздин аракеттин багыты түз болгонун түшүнө албаган болсо, анда биз максатыбызды ишке ашыра алган жокпуз.

- Кильюнен мырза, учурда сиз Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясынын вице-президентисиз. Кыргызстандагы маселелерди иликтеп, алардан кабардар болуп калдыңыз. Өлкө эли жана бийлиги келечекте мындай окуяларды болтурбоо үчүн эмне кылышы керек? Улут аралык биримдикти кантип чыңдоо зарыл?

- Жогоруда сиз санап кеткен сунуштарыбыз абалдын жакшырышына жардам берет деп ойлогонбуз. Биз мындай учурларда чындыкты аныктоочу комиссиялар көп колдонулаарын, алар маселелерди ачык айтып, бардык тараптын фактыларды көрө билишине шарт түзөөрүн айтканбыз. Эл фактыларды көргөндөн кийин бири-бирин кечире турганын айтканбыз. Эгер болгон окуяны четке кага берсе, нааразылык кала берет эмеспи.

Экинчиден, кылмыш жасалганы чын жана аларда күч колдонулган. Ал иштер тыкыр иликтенип, жооптуулар жазасын тартышы керек. Балким чындыкты аныктоочу комиссиялар күнөөлүүлөргө ырайым беришмек. Айрым өлкөлөрдө ушундай учурлар болгон. Андан кийин элдешүү жараяны башталат.

Коомчулуктун өкүлдөрү бири-бирине сый-урмат көрсөтүшүнө шарт түзүү үчүн радикалдуу сунуштарды да айтканбыз. Мисалы, Финляндияда тили башка этникалык топтор бар. Алар өздөрүнүн тилин колдонууга укуктуу. Биз өзбек тилин жергиликтүү деңгээлде колдонуу жолдорун караштырууну сунуштаганбыз. Бул биздин идеялар. Бирок аларды колдонуп-колдонбоо маселесин силер чечесиңер. Биз эл аралык коомчулук ушуга окшош учурларда эмне кылганын айта алабыз.

Бул бүтүндөй пост-советтик чөлкөмдүн ичинен адам укуктарынын абалын иликтеген биринчи эл аралык комиссия болду. Биз өлкөнүн ачыктыгын баса белгилешибиз керек. Силер бизге өлкөгө келип, элдешүү ишине көмөктөшүү аракетибизге макулдук бергенсиздер. Адатта мындай маселелерди такыр талкуулабаган чөлкөмдөгү башка мамлекеттерге салыштыра кетсек, бул кадам Кыргызстан тууралуу көп нерседен кабар берет.

Убактылуу өкмөттүн төрайымы катары Кыргызстандын башчысы болуп турган экс-президент Роза Отунбаева «Азаттыкка» берген эскерүү маеги.

Отунбаева: Июнь окуясы атайын уюштурулган деп эсептейм
please wait

No media source currently available

0:00 0:33:31 0:00

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG