Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:06

Отунбаева: июнь коогасын иликтеген эл аралык комиссиянын доклады Кыргызстандан чоң күнөөнү алып салды


Экс-президент Роза Отунбаева.
Экс-президент Роза Отунбаева.

Июнь коогасы боюнча эл аралык комиссиянын корутундусу Кыргызстан үчүн өтө маанилүү болду. Бул тууралуу экс-президент Роза Отунбаева июнь окуялары боюнча "Азаттыкка" берген маегинде билдирди.

"Кильюнендин доклады Кыргызстандан чоң күнөөнү алып салды. Биз бүгүн эл аралык коомчулукта жарык жүз менен иштеп жүрөбүз. Ошол докладда үч жыйынтык бар. Биринчиси – бизде геноцид болгон жок. Экинчиси – аскердик кылмыштар болгон эмес. Үчүнчүдөн, ооба кылмыштар болду, комиссия "ошолор Кыргызстандын сотторунда каралып, чечилиши керек" деген жыйынтыктарга келди".

Отунбаева учурунда Кыргызстанда эл аралык комиссиянын ишине каршы чыккандар болгонун, аларды өлкөгө киргизбегенге аракеттенген күчтөр чыкканын эске салды.

"Комиссия бул жерде үч-төрт ай иштеди. Дүйнөгө белгилүү, уяттуу адамдар ага кол коюп беришти. Мындай чырлуу окуяларда ар ким эле өз атын бере бербейт. Алар докладды ийне-жибине чейин карап, кол коюшту. Менимче, Кыргызстан ушул докладдын негизинде 2010-жылдагы чырдан чыгып кетти. Сөзсүз түрдө бизде кара тактар бар. Биздин маселелер Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комиссиясында көп жолу каралды. Бирок оор күнөөлөр биздин моюнубузга илинген жок. Бул Кыргызстан үчүн өтө маанилүү",- деди Роза Отунбаева.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) парламенттик ассамблеясынын Борбор Азия боюнча ошол кездеги атайын өкүлү Киммо Кильюнен жетектеген июнь коогасы боюнча эл аралык комиссиянын курамына Финляндия, Австралия, Түркия, Франция, Эстония жана Орусиянын адистеринен турган жети киши кирген.

Экс-президент Роза Отунбаеванын сунушу менен түзүлгөн комиссия өз корутундусун 2011-жылдын 3-майында жарыялаган. Ошол кездеги Жогорку Кеңеш 26-майдагы сессиясында эл аралык комиссиянын корутундусун бир тараптуу деп баалаган. Киммо Кильюнендин өзүн "персона нон-грата" деп жарыялап, Кыргызстанга келүүсүнө тыюу салган.

Бүгүн, 10-июнда 2010-жылы болгон июнь коогалаңына он жыл болду. 2010-жылдагы июнь окуясында 400дөн ашык адам каза болуп, эки миңге чукул жаран ар кандай жаракат алганы, 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын 19унун дагы эле изи чыга электиги айтылып келатат. Расмий маалыматтарга караганда июнь окуясы боюнча кылмыштар жалпы 360 кылмыш ишке бириктирилип, анын негизинде соттор 224 ишти караган. (NT)

XS
SM
MD
LG