Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2021 жума, Бишкек убактысы 16:55

Июнь коогасынын себеби, кесепети жана сабагы


Ош шаарына жакын жердеги айылдардын биринде кыйраган үйүнүн жанында ыйлап жаткандар. 16-июнь, 2010-жыл.

2010-жылдын июнь айында Кыргызстандын түштүгүндө болгон улуттар аралык жаңжал эгемендүү мамлекеттин соңку тарыхында “Июнь коогасы” деген ат менен кирди.

Мындан 11 жыл мурдагы кандуу окуянын чоо-жайы, келип чыгуу себептери, кесепеттерин Мамлекеттик комиссия, Депутаттык комиссия, Эл аралык көз каранды эмес комиссиялар иликтеп, өз корутундуларын чыгарып, ондогон адамдар кылмыш жоопкерчилигине тартылганына карабай коомчулукта бул окуяга саясий жана укуктук адилет баа бериле элек, чыныгы күнөөкөрлөрү жазага тартылган жок деген пикирлер бар.

Кыргызстандын азыркы президенти Садыр Жапаров биз айтып отурган коомдук пикирге таянып, 2010-жылдагы июнь коогасын кайрадан иликтөө, териштирүү, акыйкат талдоо үчүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитине тапшырма бергени да коомчулукта ар кандай талкууларга жем таштады. Деги окуянын чыгыш себеби, кесепети, сабагы кандай болду, талдап көрүүгө аракет кылдык.

Чатак кайдан чыкты?

2010-жылдагы июнь коогасынын чыгыш себептери жөнүндө кеп кылганда анын башы 7-апрель элдик революциядан кийинки кырдаалга кайрылууга аргасыз болобуз, анткени жиптин учу ошол жактан башталарын кийинки окуялар өзү айтып тургансыйт.

2010-жылы 6-7-апрелде Кыргызстанда элдик толкундоолор болуп, Бишкектеги Ала-Тоо аянтында бийликтин куралынан 87 адам окко учуп, миңден ашык адам жарадар болгон.

Натыйжада Бакиев башкарган үй-бүлөлүк-кландык бийлик кулаган. Оппозициялык күчтөрдүн лидерлеринен турган Убактылуу өкмөт түзүлүп, анын башына Роза Отунбаева шайланганы белгилүү.

7-апрелден кийин өлкөнүн коопсуздук жана күч органдары, айрыкча алардын жер-жерлердеги жетекчилери, жергиликтүү бийлик башчылары Убактылуу өкмөттүн чечимдерин толук колдоп турган дегенден алыспыз. Анткени алардын дээрлик баары Бакиев кланынын кадрлары эле. Ошондуктан көпчүлүгү эски режимдин таасиринен чыга албай бир топко буйдалышкан.

Курманбек Бакиев өз бийлигин сактап калуу максатында түштүк аймакка келип баш калкалап, өз талапкерлерин көбөйтүүнү көздөгөнүнө далилдер жетиштүү.

Баласы Максим менен иниси Жаныштын телефон аркылуу сүйлөшүүлөрү, белгилүү саясатчы Үсөн Сыдыков айрым адамдарга тапшырма берип жаткан аудио жазуулар учурунда коомчулукка тарап кеткен.

Бакиевчилердин 2010-жылдын апрель-май айларында Ошто Жогорку Кеңештин жыйынын чакыруу, Жалал-Абад облусунда жергиликтүү бийликтерди басып алуу аракеттери эки тараптуу жаңжалдын курчушуна, анын ичинде улуттар аралык нааразылыктын күчөшүнө май куйган.

Жогоруда айткан комиссиялардын отчетторуна таянсак, апрель-май айларында Бишкекте 120дан ашык ар кандай митинг, акциялар болгон.

Ошондой кырдаалдан пайдаланып бакиевчилер Чүй облусунун Искра, Александровка, Ново-Покровка, Маевка, Орок айылдарында, Токмок шаарында улут аралык жаатташууну курчутуууга жан үрөшкөн. Элди Ош жана Бишкектин айланасынан жер басып алууга үндөп, “кыргыздар өз мекенинде алакандай жерге ээ боло албайбы?” деген улутчул чакырыктарды ташташкан. Мындай сөздөр жумушсуз жүргөн миңдеген жаштардын канын кызыткан.

Айрым чет элдик эксперттердин пикиринде июнь айына чейин Ошто жана Жалал-Абаддагы абалды курчутуу максатында сырттан жалданган күчтөр, атайын даярдыктан өткөн чагымчыл топтор келгени айтылат.

Мындай чалды-куйду кырдаалды өз максаттарына пайдаланып калуу үчүн жергиликтүү жана эл аралык кылмыш топтору да баш көтөргөн. Анткени криминалдык дүйнөнүн өкүлдөрү эски бийлик менен коюн-колтук алышып келгени белгилүү эле. Алар үчүн да улуттар аралык араздашууну чыгаруу пайдалуу болгон.

Кырдаалды изилдеген комиссиялардын корутундуларында Ошто, Жалал-Абаддагы окуяларда кылмыштуу топтор өзбек тарапка, кыргыз тарапка да күч колдонуп, абалды курчутууга “салым” кошкон. Мындан сырткары Кыргызстандын түштүгү аркылуу өткөн “баңгизат жолунун” көзөмөлдөөчүлөрү да улут аралык отту жагып, өз таасирлерин күчөтүүнү көздөп, жергиликтүү уюшкан топтор менен коюн-колтук алышып кеткени көп маалыматтарда айтылып жүрөт.

Убактылуу өкмөттүн чамасы жана чаркы

Жергиликтүү жана эл аралык эксперттердин пикирине таянсак, Убактылуу өкмөттүн 7-апрелден кийин Кыргызстандын түштүгүндө жетиштүү таасири болбогону үчүн Ош, Жалал-Абаддагы өзбектердин колдоосуна муктаж болгон. Ошол эле учурда бакиевдик режимден запкы жеп келген Батыров баштаган башка өзбек лидерлери да Убактылуу өкмөттү колдоого аргасыз болушкан.

Ошентип Убактылуу өкмөттүн колдоосуна манчыркаган өзбек лидерлери чектен чыккан аракеттерди жасай баштаган. Батыров баштаган топтор “саясий маселелерибизди чечебиз” деген тариздеги сөздөрдү тараткан.

Батыровдун талапкерлери Бакиевдин туулган айылындагы үй-жайын өрттөөгө катышкан. Бакиевди колдоп келген “Кара Айбек” деген каймана аты бар кылмыштуу топтун башчысынын, анын жакындарынын үйүн да батыровчулар тонойт.

Албетте, сепаратисттик маанайга ыктаган Батыровдун бул кылыктары берки тараптын кыжырын келтирип, бул үчүн Убактылуу өкмөттү күнөөлөгөндөр көбөйгөн.

Ошондон улам прокуратура Батыровго иш козгоп, издөөгө алат. Ага дипломатиялык паспорт берип, чет өлкөгө чыгып кетишине Убактылуу өкмөт жардам бергени айтылып келет.

Жаңжалга даярданышканбы?

Комиссиялардын отчетторунда, башка эксперттердин пикирлеринде Ошто болгон жаңжал алдын ала даярдалган деген маалыматтарды көп окуйбуз.

Сепаратисттик маанайды кармангандар 10-июнда кечки саат 10до Оштогу “Алай” мейманкансынын жанында 3 миңден көп өзбек тектүүлөр таяк, мурдатан даярдалган темирлер менен куралданганы, Кара-Суу менен Ноокатта жаңжалдын тез тутанышы, “КаМаз” автоунаасынын чопкутталып (брондолуп) даярдалышы ж.б. мисалдар далил боло алат.

Документтерде 11-июнга оогон түнкү саат 2де Ош шаарындагы төрт мечиттен үн күчөткүч аркылуу өзбек тилинде куралдуу кармашка даярданууга чакырык (Аллоу акбар) ташталганы белгиленген.

"Ош шаарынын көчөлөрүндө 11-июнда SOS, HELP, UZ, KG, RUSSKIE деген чоң жазуулардын пайда болгону алдын ала даярдыктын белгиси" деген бүтүмдөр бар.

11-июнда таңкы саат 3тө Ош шаарынын өзбек тектүүлөр жыш жашаган райондордо мурдатан даярдалган баррикадалар пайда болгону да отчеттордо чагылдырылат.

Өзбек тарап менен сүйлөшүүгө, абалды тынчытуууга барган куралсыз бийлик өкүлдөрү: жергиликтүү кеңештин депутаттары А. Шакиров, Э.Мурзабеков, Э.Арапбаев, Кара-Суу районунун ИИБнын начальниги А. Султанов, айдоочусу У. Шамурзаев, Базар-Коргондон милиция М. Сулайманов мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү белгилүү. Жалпы жаңжал учурунда 10 милиционер, бир аскер кызматкери өлтүрүлүп, 172 милиция жарадар болгон.

Июнь окуялары боюнча документтерде мурдатан даярдалган көзгө атарлар (снайперлер) даярдалып, эл чогулган тарапты аткылап турушканы расмий маалыматтарда айтылат.

Эл аралык комиссияны ким, эмнеге чакырды?

“Июнь коогасын” иликтөө боюнча Эл аралык көз каранды эмес комиссия 2010-жылдагы Кыргызстандын президенти Роза Отунбаеванын Европа коопсуздугу жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) парламенттик ассамблеясынын атайын өкүлү, доктор Киммо Кильюненге кайрылуусунан кийин түзүлгөнү белгилүү.

Кыргыз өкмөтү кандуу окуянын чыгыш себептерин, анын өрчүп-өнүгүшүн, чагымчыл күчтөрдүн ордун ж.б. жагдайларды эл аралык укуктук нормаларга ылайык калыс териштирип, өлкөдөгү саясий абалды жеңилдетүүгө, улуттар ортосундагы ынтымакты өнүктүрүү боюнча сунуштарды алууга кызыкдар болгон.

Эл аралык көз көз каранды эмес комиссия түзүү демилгеси Бириккен Улуттар Уюму, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму, Европа Биримдиги, КМШ баштаган абройлуу эл аралык уюмдар тарабынан жактырылып, мандаты бекитилип, аны курамына Финляндия, Австралия, Түркия, Франция, Эстония, Орусия, Улуу Британия өлкөлөрүнүн эл аралык деңгээлдеги эксперттери кирген.

Комиссия жана Каримов эмне дейт?

Окуяны изилдеген бардык отчеттордо улуттар аралык жаңжалды үч-төрт күн ичинде токтотууда кыргыз өкмөтүнүн, жергиликтүү бийликтердин жана коомчулуктун биргелешкен салымы чоң болгонун окуйбуз.

Кыргыз коомчулугу, өкмөтү улуттар аралык жаңжалдын тез арада токтоп, тынчтык жолго түшкөнүнө ошол кездеги Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун көрөгөч саясаты, жеке позициясы эбегейсиз зор роль ойногонун жогору баалап келет.

Жаңжал учурунда Өзбекстандын аймагына 75 миңден ашуун качкын өткөнү белгилүү. Аларга утурумдук шарт түзүп бергени, абалдын курчушуна жол бербей, көп өтпөй алардын Кыргызстандын аймагына келишине жигердүү аракеттерди көргөнүн кыргыз коомчулугу өзбек бийлигинин эки элдин келечегине болгон акылман саясаты катары баалайт.

Эл аралык комиссия: “ГЕНОЦИД БОЛГОН ЭМЕС!”

Эл аралык комиссиянын корутундусундагы эң негизги фактор – “июнь окуяларында геноциддин, б.а. адамзатка каршы массалык кылмыштын белгилери жок”, экендигин ачык айтканы болду. Мындай тыянак Кыргыз мамлекетинин бардык улуттарга тең укук берген, алардын сакталышына кепилдик кылган, демократиялык принциптер сакталган жолдон тайбагандыгынын белгиси болду.

Ошол эле учурда кыргыз өкмөтү Эл аралык комиссиянын бир нече бүтүмдөрү менен макул эместигин да билдирген. Отчетто бир улуттун көп жапа чегип калганы, укуктары көп бузулган деген корутундулары чындыкка дал келбей турганы, ошондой эле жаңжалдын чыгышына ким, кайсы күчтөр себепкер болгондугу ачык айтылбай калганын кыргыз өкмөтү ачык белгилеген.

Эл аралык комиссиянын корутундусунда кандуу окуялардын чыгышына:

  • Мурдагы бийлик режимдеринде аймактын социалдык-экономикалык абалынын начарлашына, өнүгүшүнө жетиштүү көңүл бурулбагандыгы;
  • Улуттар аралык мамилелердин жакшырышына ырааттуу саясаттын жоктугу;
  • Мамлекеттик институттардын чабалдыгы жана саясий күчтөрдүн тиреши, бийликтин эл арасындагы таасиринин начарлашы негизги себеп болгон.

2010-жылы 21-сентябрында Өзбекстандын президенти Ислам Каримов БУУнун Башкы Ассамблеясында чыгып сүйлөгөн сөзүндө “республиканын түштүгүндө жашаган кыргыздардын өздөрү жана көп сандуу өзбек диаспорасы, терең ойлонулган жана жакшы уюштурулган үчүнчү күчтөрдүн курмандыгы (барымтасында калган) болду, деп айтууга бизде жетиштүү негиздер бар” деп айтканы окуяга берилген калыс баа катары айтылып келет.

Саясий серепчилердин пикиринде “үчүнчү күчтөр” кимдер?

  • 7-апрелде бийликтен кулаган күчтөрдүн талапташтары;
  • Уюшкан кылмыштуу топтор;
  • Радикалдашкан улутчул-сепаратисттик күчтөр;
  • Трансулуттук наркобизнестин өкүлдөрү;
  • Держава мамлекеттердин күчтөрү.

Өзбектерге көңүл бурулган эмеспи?

Статистикага таянсак 1917-жылдагы Улуу октябрь социалисттик революциясына чейин Түштүк Кыргызстанда кыргыздардын саны 60 пайызды түзгөн. 1990-жылы Ош облусунда өзбектер 31 пайызды, Жалал-Абадда 23 пайызды түзгөн.

Эл аралык комиссиянын отчетунда өзбек тилинин өнүгүшүнө жетиштүү көңүл бурулбай урганы жазылат. Өз учурунда кыргыз бийлиги мындай бүтүм менен макул эместигин ачык эле билдирген.

Өкмөттүн маалыматы боюнча 1997-жылдан бери Кыргыз-Өзбек университетинде өзбек тилиндеги окуу куралдарын даярдоо боюнча борбор иштейт. Ал борбордо 63 аталыштагы 700 миңден ашык нускада өзбек тилиндеги окуу китептери жарык көргөн. Кыргызстанда 236 мектеп өзбек тилинде, 99 мектеп кыргыз-өзбек тилдеринде аралаш билим берилип келген. 2009-10-окуу жылында Ош шаарындагы кыргыз жана өзбек тилдүү мектептердин саны бирдей болгон.

“Убактылуу өкмөт чечкиндүү чара көрө алган эмес”

"Убактылуу өкмөт жетиштүү деңгээлде чечкиндүү чараларды көрө алган жок" деген ачуу сындар алигүнчө айтылат.

Убактылуу өкмөт 10-июнда жаңжал башталганда эле түнкү саат 2де чукул жыйынга чогулуп, Ош жана Жалал-Абад аймактарына өзгөчө абал киргизгенин, 11-июнда таңкы саат 7де Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү (И. Исаков, Ө. Текебаев, А. Бекназаров ж.б.) өзбек лидерлери менен Ошко келип, абалды координациялоону колго алганын айтат.

Ага карабай серепчилердин пикирлеринде жаңжалдашкан тараптарды тынчсыздандырып, коомдук коопсуздукту камсыз кылууга милициянын, ички аскерлердин, армиянын даярдыгы, моралдык духу төмөн, аларды материалдык-техникалык каражаттары жетишсиз болгон.

Жаңжалды ким тынчытты?

14-июндан баштап Ошто, Жалал-Абадда абал турукташа баштаганы белгилүү. Калыс баам салган кишиге кырдаалды турукташтырууга өкмөттүн, жергиликтүү бийликтин, кыргыз-өзбек тараптын алдыңкы өкүлдөрүнүн, өкмөттүк эмес уюмдардын, жалпы элдин биргелешкен аракети күч болгону белгилүү.

Жаңжал тынчыгандан кийин Ош жана Жалал-Абад облустарына Кыргызстандын бардык тарабынан гуманитардык жардамдар агылып келе баштаган. 12-июндан 5-июлдун аралагында эле 2 миң тоннадан ашык күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүк жабыр тарткан элге таратылган. Жалпысы Бишкектен 68 авиакаттам ар кандай жүктөрдү жеткирген, көпчүлүк жардамдар автожол аркылуу ташылган.

Жалпы 7800дөн ашык жарандар, анын ичинде 700дөн ашык балдар жаңжал болгон аймактардан учактар аркылуу чыгарылган. Жаңжал убагында 3 миңден ашык чет элдик жарандар коргоого алынып, эвакуацияланган.

Убактылуу өкмөт кыйраган турак жайларды, коомдук, жеке менчик мекеме-ишканаларды, башка инфраструктураларды калыбына келтирүү максатында Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча башкы дирекция түзөт.

Байкоочулар кеңеши башкара турган Жардамдар боюнча атайын фонд уюштурулат. 2010-жылдын аягында дирекция аркылуу 1780 турак жай калыбына келтирилип, жабыр тарткандарга салыктан, насыядан жеңилдиктер берилген.

Кандуу окуя болгонуна карабай кыргыздар өзбектерди, өзбектер кыргыздарды өз үйлөрүндө катып, коргоп отурган фактылар да аз эмес. Чоң-Алай районуна эле өзбек тектүү 150 жаран жеткирилген. Кыргыз тараптан, өзбек тараптан тең эсептегенден миңден ашык адам барымтадан бошотулган.

Кандуу окуяга адилет баа берилгенби?

Ош-Жалал-Абаддагы кандуу окуяларынын кесепетинен жалпы 470 адам каза болгон, 19 адам али күнчө дайынсыз, изделүүдө.

Кыргыз коомчулугунда Убактылуу өкмөткө карата “Июнь коогасына” күнөөлүүлөрдү таап, акыйкат тергеп, адилет жазалаган жок деген сындар айтылып келет. Расмий маалыматтарга караганда 2011-жылга карата июнь окуялары боюнча 5310 кылмыш иши козголгон, анын ичинен 474 адам өлтүрүү (51 ачылган), 2328 мүлктү жок кылуу, 1670 уруулук, 460 иш куралдарды жана автоунааларды мыйзамсыз колдонуу, 30 адамды уурдоо, жети укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн өлтүрүү беренелери боюнча иш козголгон.

Жалпы козголгон иштердин 176сы боюнча сот процесстери болуп, 360тан ашык адам кылмыш жоопкерчилигине тартылганы элдин көкшүнүн сууткан жок, дагы көп кылмыш иштеринин бети ачылбай калган.

Кандай сабак алабыз?

Жогоруда айткан эл аралык жана жергиликтүү эки комиссиялардын корутундуларын жалпылаштырсак ошол кездеги Убактылуу өкмөт, жергиликтүү бийликтер сепаратисттик-улуттук маанайлар күчөп, ага башка кылмыштуу топтор аралашып жатканына кооптонуп, кырдаалды курчутпай, алдын алып, катуу чара көрө алышпагандыгы анык.

Эң башкысы бардык деңгээлдеги комиссиялар июнь коогасы өзбек улутуна каршы атайын пландалган жана уюштурулган акт болбогондугун далилдешти. Ошентсе да бардык комиссиялардын отчетторунда эки улуттун өкүлдөрүнө байланыштуу укуктар массалык түрдө бузулганын, уюшкан кылмыштуу топтордун жаңжалды курчутууга таасири тийгенин ал кездеги бийлик да моюнга алат.

Кыргызстандын бийлиги 2010-жылдагы “Июнь коогасынан” сабак алып, бардык улуттардын кызыкчылыгы, коопсуздугу корголгон, укуктары сакталган, улуттар ортосунда достук, бир туугандык сезим орногон, мекени үчүн “бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарган” ынтымагы бар, саясат жолу демократия баалуулуктарына негизделген бакубат өлкө болушу үчүн адилет саясат жүргүзүшү керек.

Бакыт Орунбеков, Саясий илимдеринин кандидаты, доцент.

Эскертүү: Автордун ою “Азаттыктын” көз карашын чагылдырбайт

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG