Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:54

Исаков: Президентке жолугуу ниетим жок


Исмаил Исаков "Азаттыктын" студиясында, 10-октябрь, 2016-жыл
Исмаил Исаков "Азаттыктын" студиясында, 10-октябрь, 2016-жыл

Коомдук, саясий ишмер Исмаил Исаков менен “Азаттык” радиосу 2+1 форматында радио жана видео маек куруп, Убактылуу өкмөттүн, азыркы бийликтин кадыр-баркы, Баш мыйзамдын, алдыдагы референдумдун айланасындагы талаш-тартыштар жана Кадыржан Батыров тууралуу суроолорго жооп алды. Окурмандын назарына маектин кыскартылган бөлүгү сунушталат.

“Азаттык”: Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, коргоо министринин милдетин аткаруучу катары азыр сизге “10-июндагы окуяны болтурбай коюу мүмкүн беле? Убактылуу өкмөт эмнеден ката кетирип алды?” деген өңдүү ойлор келбейби?

Исмаил Исаков: Жок. Менин жеке оюмда Убактылуу өкмөт эбегейсиз жакшы иштеди. Далилдеп берейин, ошол кезде күнүгө чатактар чыгып турган. Өзгөчө түштүктө. Биз алдын алуучу көп иштерди жасадык, аксакалдар, диаспоралар, көп адамдар менен жолугушуп турдук.

Роза Исакованын иш ыкмасын билесиздер, адамдар менен сүйлөшө алган, уга алган, ар тараптан изилдете алган адам да. Отунбаеванын кадыр-баркы аркылуу гана эл аралык коом, дүйнө тааныды. Ал болбогондо бүгүн бизди “булардын бардыгы бандит” деши мүмкүн эле да. Ошону эске албай, бүгүн башкача нукта кетип жатабыз. Кейиштүү.

“Азаттык”: Сиз президент Атамбаев менен акыркы жолу качан жолугуштуңуз эле?

Исмаил Исаков: Депутат болуп жүргөндө.

“Азаттык”: Азыр айтып жаткан ойлоруңузду президентке айтууга мүмкүнчүлүк жокпу? Бүгүн жолуга аласызбы?

"Батыровду тезинен кармоону талап кылам"

"Батыровду тезинен кармоону талап кылам"

Исмаил Исаков: Мен аны айта албайм. Ниетим жок. Андай демилге президенттен чыгышы керек. Биз улуубуз. Жумушубуз жок. Барсак жумуш сурайт окшойт деп ойлошу да мүмкүн. Ар нерсенин орду бар. Бирок, референдумга даярдалып жатканда макалам чыгып, анда кан менен алынган Конституцияны сактап калуу баарыбыздын милдетибиз деп жазгам. Президент аны окуса керек. Ошондо азыркы кырдаалды тизмелеп бергем.

Мени кабыл ал деп суранбайм. Бирок, биз Конституция боюнча билдирүү даярдап, Роза Исаковнаны өкүл кылсак, аны кабыл алган жок. Алмаз Шаршенович оппозицияда, Роза Исаковна депутат кезинде Отунбаева КСДПнын баркын сактаганга эбегейсиз салым кошкон. Партиялаш, өткөөл мезгилдин президенти, экөөң сүйлөшкүлө, керек болсо биз баралы деп жиберген кишини кабыл албай койду. Анан бизди да кабыл албай койсо уят болуп калабыз да.

Коргоо министри болуп турганда туура эмес сөз айтканымды кайсы жерден уктуңар? Өз иш менен гана алек болгонбуз.

“Азаттык”: Сиз өзүңүздү саясатчымын деп эсептейсиз да. Саясий жарыштар, албетте, улана берет. Кыргызстанда жалгыздап жеңишке жетүү кыйын. Бүгүн сиз ким мененсиз?

Исмаил Исаков: Мен илгертен келаткан калыбымда калам. Оңуна да, солуна да кошулбайм. Албетте, жүрүш-турушубузга, программаларыбызга төп келгендер менен биргебиз.

“Азаттык”: Бирок, сизде карама-каршылыктуу жагдай да бар. Өткөн парламентке КСДПнын атынан барып, бирок, көпчүлүк бөлүгүндө аны сындадыңыз. Сизди кесиптештериңиз андай болгондо оппозициялык партиялар менен шайлоого барса болмок деп нааразы болуп жүрүштү.

Исмаил Исаков: Бул акылы кыска адамдардын айткандары. Биз ага териккен эмеспиз. Бардык жерде жакшы дей берсе өнүгүү болбойт.

“Азаттык”: Сиз генералсыз. Аскер адамынын саясатка аралашуусу Уставга каршы келбейби?

26-апрель, 2010-жыл
26-апрель, 2010-жыл

Исмаил Исаков: Кызматта туруп, башка ишке аралашса болбойт. Биз эми ал кызматтан эчак эле кеткенбиз да. Депутат болгондон кийин саясаттын чордонунда болуш керек. Коргоо министри болуп турганда туура эмес сөз айтканымды кайсы жерден уктуңар? Өз иш менен гана алек болгонбуз. Кызматта турганда Уставды гана аткаруу керек.

“Азаттык”: Президенттик шайлоого барасызбы?

Исмаил Исаков: Барайын деген ниетим жок. Ал үчүн көп каражат керек. Андай каражат жок. Менин мамлекеттик деңгээлде иштей ала турган жаштарга, эгер алар чакырышса акыл кошуп, колдоо көрсөтүү ниетим бар. Аны убакыт көрсөтөт. Мезгил келгенде өзгөрүп кетиши да ыктымал.

Исаков: Президентке жолугуу ниетим жок
please wait

No media source currently available

0:00 0:25:04 0:00
PS: Макалага пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG