Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:35

Бакиевдин "кайгысы, сүйүүсү, үмүтү" ...


Курманбек Бакиев китебинин бет ачарында. 22-октябрь, Минск.
Курманбек Бакиев китебинин бет ачарында. 22-октябрь, Минск.

Беларуста баш калкалап жүргөн Бакиев “Кайгым, сүйүүм, үмүтүм - Кыргызстаным” деп аталган китебинин бет ачарын 22-октябрда Минскиде шаан-шөкөт менен өткөрдү.

Бакиев китебинде өзүн болушунча актаган, 2010-жылы апрель ыңкылабынан кийин түзүлгөн Убактылуу өкмөттү, андан кийин шайланган эки президентти сындаган. Бирок өзүнүн балдары жана туугандары тууралуу сөз кылган эмес.

Курманбек Бакиевдин китеби көлөмдүү деле эмес, жүздөн ашуун барактан турат жана өзүнүн түстүү сүрөттөрү менен коштолгон. Китептин бет ачарында жергиликтүү журналисттерди чакырып, маалымат жыйын өткөргөн, андан кийин чай уюштурган. Чакан салтанат учурунда ал 2010-жылы 7-апрелде элди атууга буйрук бербегенин, дагы кан төгүлбөсүн деп өлкөдөн чыгып кеткенин кайталады. Убактылуу өкмөттү жана анын чечимдерин сынга алды.

- 7-апрелден кийин Бишкектен түштүккө барып тогуз күн туруп калганымда Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысынын орун басарына эл аралык объективдүү иликтөө жүргүзгүлө, менин корко турган эч нерсем жок деп кайрылгам. Бирок ошондо Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү макул болбой койгон. Алар эл аралык көз карандысыз иликтөөдөн чочулашкан. Эгер ошондой иликтөө жүргүзүлгөндө элди ким кандай курал менен атканы балким аныкталмак. Алар болсо ишти тез эле ары-бери кыла коюп, өлгөндөргө компенсация төлөй салып, мени жана менин тарапташтарымды киши өлтүргүч кылып көрсөтүштү. Бул аракетин алар мына беш жылдан бери улантып жатат.

Бакиев китебинде эмгек жолун тизмектеп берген жана урунттуу делген айрым окуяларды, жагдайларды бөлүп-бөлүп жазган. Кириш сөзүнөн кийин эле коңшу мамлекеттердин президенттерин бирин койбой мактап өткөн. Аксы окуясы, март ыңкылабына чейин жана андан кийинки абалды, ошол кездеги үзөңгүлөштөрүн, кантип президент болгонун, Кулов менен тандемин, кимдер менен коюн-колтук алышып иштегенин эринбей майда-баратынан бери жазган.

Бакиевдин китебиндеги сүрөт
Бакиевдин китебиндеги сүрөт

"Жашоомдогу эң чоң катам - Алмазбек Атамбаевге кызмат бергеним" деп өкүнүп, Убактылуу өкмөттөн кийин президент болгон Роза Отунбаева тууралуу да ачуу сөздөрдү жазган. Июнь коогасы боюнча апрель ыңкылабынан кийин бийликке келгендерди күнөөлөгөн. Азыр ишке ашып жаткан ири долбоорлор анын убагында башталганын көрсөткөн. Кумтөр, АКШнын аскерий базасы боюнча кабыл алынган чечимдердин тууралыгын далилдегенге аракет кылган. Орусиянын президенти Владимир Путин менен кандай жагдайда эмнени сүйлөшкөнүн кыстарып кеткен.

Бакиевдин китеби менен таанышып чыккан айрым адамдарга мисалы, Таластагы 6-апрелдеги окуяны ал 7-апрелде эртең менен гана укканы кызык болду. Биз Бакиевдин жаңы китеби тууралуу Убактылуу өкмөттүн кээ бир мүчөлөрүнө, саясатчыларга, убагында аны менен чогуу иштеп, таламын талашып жүргөндөргө суроо узаттык. Бирок көбү эле комментарий берүүдөн баш тартты.

Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров азыркы бийликти качып кеткен президенттердин актануусуна шарт түзүп берип жатат деп сынга алды:

- Акаевдин да, Бакиевдин да үй-бүлөлүк башкаруусу, анын кесепети боюнча азыркы убакка чейин мамлекеттик деңгээлде комиссия түзүлүп, жыйынтык чыккан жок. Ошол эле кен байлыктар, Үзөңгү-Кууш, Каркыранын берилиши, балдарынын бийликке кийлигишкени боюнча жыйынтык чыгарып туруп Кыргызстандын тарыхына киргизүү керек эле. Биз ошону жасай албай жатабыз. Мына ошол боштуктан пайдаланып булар керек болсо партияларын түзүп, кайсы бир партияларды каржылап, өзүнүн шакирттерин ар кандай мамлекеттик кызматтарга киргизип баш көтөрүп келатат. Азыркы бийликтин унчукпаганы буларга жагып, пайдаланып жатышат.

Жаныш Бакиев
Жаныш Бакиев

​Президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы маалымат катчысы, Жогорку Кеңешке Социал-демократтар партиясы менен келаткан Жанар Акаев Курманбек Бакиевдин китебин толугу менен окуп чыккан экен:

- Бакиевдин китеби – бул канкордун, уурунун жана ичи тар адамдын Кыргызстандын азыркы ийгиликтерине болгон ич күйдүсү деп айтат элем. Анткени Бакиев өз эли-жеринен алыс жүрүп турмуштун чындыгынан такыр эле артта калыптыр. Ал азыр бизге чоочун адам. Өзү бийликте турганда күч органдарын бир тууганы Жаныш Бакиев тескегенин, жакпаган саясатчыларды өлтүргөнүн, криминал гүлдөп, керек болсо ишкерлерди Жаныш Бакиев "каралар" аркылуу тоноп калганын, уулу Максим Бакиев эл аралык шылуундар менен ЦАРИИни түптөп, бүтүндөй өлкөнүн акчасын кымырганын унутуп калыптыр. Бакиевди эл куубаганда Кыргызстан азыр Өзбекстандын кейпин кийген диктатордук башкаруудагы мамлекетке айланмак. Бакиевдин убагында кантип журналист болуп жүргөнүбүз да эсибизде. Ошол эле “Азаттыкты” бууп, радио-теле берүүлөрүн жапкан.

Максим Бакиевдин Суррейдеги хансарайы
Максим Бакиевдин Суррейдеги хансарайы

Курманбек Бакиевдин китеби кыргыз коомчулугунда эле эмес, Беларуста да талкуу жаратты. Минскидеги жергиликтүү журналист Игорь Корней негизинен терс пикир басымдуулук кылып жатканын “Азаттыкка” айтып берди. Анын билдиришинче, Бакиевдин маалымат жыйынына ага көзү түз гана журналисттер тандалып чакырылган:

- Эл интернеттен эмне болгонун жана болуп жатканын окуп-билип турат да. Курманбек Бакиев жана анын жакындарынын өз мекенинде айыпталышы 7-апрелдеги кандуу окуяларга өзү эле эмес, бир тууганы, уулунун да тиешеси бар экенин түшүндүрөт. Беларус коомчулугунда ал тууралуу пикир жакшы деле эмес. Анткени Бакиевге окшоп башка диктаторлор да келип баш калкалап алышы мүмкүн. Бул Беларуска аброй деле алып келбейт, өлкө саясий бозгундарга башпаанек берген өлкөгө айланып калышы мүмкүн.

Курманбек Бакиев Минскидеги журналисттер менен жолугушууда жупуну эле жашарын, беларус президенти Александр Лукашенко менен чанда гана жолугарын айтып берген. 9-класста окуган кызы беларусча суудай сүйлөп калганын, кичүү уулу быйыл 5-класска барганын, убактысын негизинен балдары, неберелери менен өткөрөрүн айтып агынан жарылган. Айтымы, улуу балдары Марат жана Максим бизнес менен алектенип жүрөт. Максими учурда Лондондо жашайт. Ал баштагыдай эле аңчылыкка кызыгат экен, эми балык уулоонун да кыныгын алып жатыптыр. Журналисттерге күнүгө бир саат спорт менен машыгарын, жергиликтүү карапайым эл менен көп жолугуп жүрүп, беларустардын менталитетин жакшы билип калганын да саймедиреген.

Апрель окуясы боюнча сот былтыр аяктаган жана анда Курманбек Бакиев менен анын бир тууганы, Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысы Жаныш Бакиев кандуу окуялар боюнча күнөөлүү деп табылган, экөө тең сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган.

XS
SM
MD
LG