Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:31

Каркыраны Казакстандан кайра сурайбызбы?


Өткөн аптанын жума күнү Жогорку Кеңештин вице-спикери Асия Сасыкбаева Каркыраны кайрадан Кыргызстанга кайтарып берүү боюнча маселени Казакстандын өкмөтүнө, президентине коюу демилегесин көтөрдү.

Жогорку Кеңеш төрагасынын орун басарынын ишениминде, маселе көтөрүлсө мурдагы бийликтин тушунда натуура кабыл алынган чечимдерди казак тарап да түшүнмөк. Бул боюнча “Азаттык” Асия Сасыкбаеваны кепке тартты.

Асия Сасыкбаева: Парламентте Ысык-Көл боюнча, экология жөнүндө сөз болуп калды. Ошондон улам мен суроо берип калдым, депутаттар тарабынан демилге көтөрсөк кандай болот деп. Анткени өзүңөр билесиңер Каркыра кыргыз эли үчүн ыйык, Манаска тийиштүү жер болуп атат. Мурунку бийлик эл менен макулдашпай эле өздөрү билгенин жасай берчү, ошондуктан апрель окуясы чыгып, ал бийлик да качып кетти. Ошондуктан демилге көтөрүп, биздин казак кесиптештер менен сүйлөшүп, президентке кайрылсак болот беле дегендей демилге болгон, ошол жерди кыргыздарга кайра кайтарып бергенге жол таап дегендей...

"Азаттык": Асия айым, ошол эле мезгилде эки мамлекеттин ортосунда өз ара келишим, макулдашуу бар да. Дипломатияда адатта бул эрежелер сакталат. Мамлекеттер ортосунда бул акыркы келишим катары саналат, кайра ошону бузуу аракеттери эки мамлекеттин ортосунадагы алакага доо кетирбейби, ошону казак бийлиги кандай кабыл алат деп ойлоп атасыздар?

Асия Сасыкбаева: Алар деле түшүнүп атат, мурунку бийлик көп нерсени эл менен сүйлөшпөй эле жасай бергенин. Ошол жылдарда Каркыраны жөн койгула деп канча митингдер болду. Азыр алар ратификацияны өткөрө элек деп уктум. Бирок тактай элекмин. Ошондуктан кандайдыр бир мүмкүнчүлүк издеш керек болуп атат.

"Азаттык": Кыргызстанда «Ата Мекенден» башка саясий күчтөр, эл сиздин демилгени колдооруна ишенесизби?

Асия Сасыкбваева: Эл сөзсүз колдойт. Андан тышкары башка саясий күчтөр да колдойт деп ойлойм.

"Азаттык": Сиздин билдирүүңүздү кээ бир саясатчылар популисттик кадам катары санап атышат. Сиз кандай дейсиз?

Асия Сасыкбаева: Мен «К+» берүүсүнөн аны көрдүм. Бирок мага популисттиктин кереги жок, мен ансыз деле белгилүү кишимин. Бирок Карыкараны берген жылдарда биз өзүбүз каршы митингдерге катышканбыз, мурунку бийлик бизди талаган, милицияны бизге колдонгон. Ошондуктан мен үчүн бул жөн эле популисттик сөз эмес.

"Азаттык": Рахмат маегиңизге.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG