Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:37

А.БЕКНАЗАРОВ: “ТҮПТӨГҮ ЖӨӨ ЖҮРҮШ, ТҮПКҮРДӨГҮ ШООЛА”


Аманбек Жапаров, Бишкек Түп районунда башталган жөө жүрүштү --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/CF85A8DC-C754-4D7D-A300-6618962A0448.ASP жергиликтүү бийлик атайын чагымчыларды уюштуруп үзгүлтүккө учуратты, деп билдирди “Ыйык жерди коргоо” комитетинин башчысы Мукар Чолпонбаев. Ал эми аталган райондун акиминин орун басары Ыбырайым Жолдошев болсо оппозициянын коюп жаткан дооматында негиз жок экенин, жергиликтүү эл Ысыккөл чөлкөмүндө саясий акцияларга каршы болушуп, Бишкектен келген оппозиция өкүлдөрү менен жолугушуудан өздөрү баш тартышканын билдирди. Оппозициячыл саясатчылар бул окуя боюнча саясий баа берип, коомчулукка жарыялаша тургандыктарын “Азаттыкка” маалымдашты.

Түп айылында чогулган жүзгө чукул адам оппозициячыл саясатчыларды «Аксы окуясын кайталаганы келдиңер, Үзөңгүкуушту Кытайга саткансыңар, Каркыраны бербейбиз, силердин азабыңардан жерибиз айдалбай, эгинибиз себилбей калат, жайында келүүчү туристтерден кол жууп калабыз»,- деп айыпташты. Милиция кызматкерлери четтен карап байкоо салып турушту.

Күн батыш тараптан жөө келаткан «Ата мекен» партиясынын мүчөсү Болот Шерниязовдун алдын тороп чыгышкан карылуу жигиттер аны ур-токмокко ала баштаганда милициялар арачы түшүп, кырдаалды жөнгө салышты. «Ыйык жерди коргоо» комитетинин төрагасы Мукар Чолпонбаев жөө жүрүш акциясын болтурбоого бийлик атайын тукурук жасады деген пикирин айтты.

- Биз Ысыккөлдүн эки тарабы менен жөө жүрүшүбүздү баштаганда элдин баары бийликтин азыркы кетирип жаткан каталыктары тууралуу толук маалымат алышмак. Бул бийликтин туура эмес иш кылганын, өз элине жасаган чыккынчылык кылганын элдердин баары түшүнмөк. Мына ошого жол бербеш үчүн бүткүл бойдон өз күчтөрүн жумшады. Эми булар Бишкектен, Оштон бери спецназдын балдарын алып келишти. Бул жерде Түп районунун шарттуу түрдө мурда соттолгондордун баарын чогултуп алып туруп, жакшылап ичкиликке тойгузуп бизге каршы ушул жерге алып келип койду.

Чолпонбаев бийликтин тукуругунун кесепетинен жөө жүрүшкө чыккан 200гө чукул адамдар менен аларга каршы чыккандардын ортосунда кагылыш болуп, кан төгүлүп кетпесин деп жөө жүрүштү токтотууга мажбур болушканын белгиледи.

Түп районунун акиминин орун басары Ыбырайым Жолдошев Чолпонбаевдин пикири менен макул эмес. Анын айтымында, жергиликтүү тургундар көл өрөөнүндө саясий оюндарды жүргүзүүгө, оппозициянын иш аракеттерине элдер өздөрү эле каршы чыгышкан.

- Биз алып келгенде, булар азыр бизге ишенеби? Өздөрү келип жатышат да, бул элдин нааразычылыгы. Азыр жазгы талаачылык жумуш болсо, ушуларды ээрчип жүрүп эртең ачка калса эмне болот? Булар бакпайт да. Келгендер эртең кетип калат.

Колдоруна көк, кызыл асаба көтөрүшкөн жөө жүрүшкө чыккандар Түп менен Сары булак айылынын ортосундагы Балбай баатырдын күмбөзүнө барышып, куран окуп, бата кылышты. «Ыйык жерди коргоо» комитетинин штабы ишембиде түштөн кийин Кара баткак деген жерде жөө жүрүштү токтотуу чечимине келишкенин штабдын жетекчиси Азимбек Бекназаров жарыялап, “күрөш муну менен токтоп калбастыгын, күрөш эми башталганын” айтты. Ал ошондой эле көлдөгү бул алгачкы жөө жүрүштү түпкүрдөгү шоолага салыштырып, “учкундан жалын” тутанарын белгиледи.

Бекназаров Түп районундагы жөө жүрүштү болтурбоого жергиликтүү бийлик, укук коргоо органдарынын түздөн-түз кийлигишип, элдерди бири-бири менен кайраштырууга кылган аракеттерине бир-эки күндөн кийин саясий баа беришерин билдирди.

Жергиликтүү тургундун айтымында, көл өрөөнүнүн эли ушул Кара баткак деген жерге 1916-жылы чогулушуп, акпадышанын аскерлерине каршы казатка чыгышканын эскерип өттү.

Ал эми “Ак жол” партиясынын парламенттеги депутаты Жангороз Каныметовдун көз карашында Каркыра маселесине байланыштуу маселе чечилип, болоору болду, эми оппозиция тынч жаткан элди дүрбөтпөй, өлкөдө туруктуулук сакталышы керек.

XS
SM
MD
LG