Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:59

“Түп токмогу - II” : жыйынтыктар


БЭК Түптөгү курултайдын өтпөй калышына чагымчылык кылгандарды мыйзам жообуна тартуу үчүн Башкы прокуратурага кайрылат. Бул тууралуу оппозиция лидерлери өткөргөн бүгүнкү жыйында маалым болду. Өлкөдөгү айрым укук коргоочулар жергиликтүү бийлик курултайды өткөрбөө үчүн криминалдык ыкмаларды колдонгондон да артка тартпай тургандыгын көрсөттү деген баасын беришүүдө.

Жыйында Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Бакыт Бешимов
БЭК Түптөгү чагымчылык иш аракеттерди уюштуруу үчүн бийлик тарабынан кандай аракеттер көрүлгөнү тууралуу мониторинг жүргүзгөнүн билдирди. Депутаттын айтымында, бийлик курултайды үзгүлтүккө учуратуу үчүн көлгө эки минден ашык адамды сырттан кошумча күч катары тарткан:

- Курултайды өткөрбөө үчүн көлгө Бишкек жана башка аймактардан эки миңден ашык ар кыл кызматтагы адам алынып келинген. Алардын жолуна кеткен чыгымдарынан бери төлөшкөн. Ысык-Көл облусунун жылдык кирешеси 600 миллион сомго чыгат. Биздин болжолдуу эсебибиз боюнча, обулустун бир айлык кирешеси элди коркутууга жана курултайды үзгүлтүккө учуратууга жумшалды.

31-майда Түптө өтөөрү белгиленген курултайга облустун аймактарынан келүүчү кишилерди тартип коргоо кызматкерлери жол тосуп өткөрбөй, жыйынды үзгүлтүккө учураткан. Караколдо СДПнын кеңсеси талкаланып, “Айгай” гезитинин 10 миң нускасы милициялар тарабынан тартылып алынып, Жети-Өгүз районунун аймагында “Ата Мекен” партиясынын төрага орун басары Эркин Алымбековго белгисиз адамдар тарабынан күч колдонулган.

БЭК жергиликтүү бийликтердин мындай иш аракеттерин Конституцияны жана адам укуктарын одоно бузуу катары баалап, чагымчылык кылгандарга карата кылмыш ишин козгоп, жоопкерчиликке тартуу маселеси менен Башкы прокуратурага кайрылуу ниетинде экенин билдирди.

30-майда Түп районунун ички иштер бөлүмүнүн башчысы Эрнис Дүйшембиев жана бир нече адамдар тарабынан опузалоого кабылган депутат Кыбанычбек Кадыров көлдөгү чагымчылык үчүн эң ириде обулустук бийлик өкүлдөрүн жоопкко тартууну сунуштайт.

-Бийлик ыпылас ыкмалар менен тооруду. Курултайга бара жаткан эл согушка бараткансып, ар бир айылда тосмо бекеттерин орнотушту. Мунун баарын губернатор Кыдыкбек Исаев, вице-мэрлер, ошол райондун акимдери уюштурду.

Адам укуктарын коргоо боюнча “Кылым шамы” борбору өткөн апта соңундагы Ысык-Көлдө болгон окуяларга карата көз карандысыз байкоо жүргүзүп, бүгүн бул тууралуу өз баяндамасын жарыялады. Борбор жетекчиси Азиза Абдырасулованын айтымында, Балыкчыда БЭКтин мүчөлөрү эл менен жолугушуу учурунда жергиликтүү бийлик тукурук уюштуруп, криминалдык ыкмаларды колдонгон:

- Мен өзүм Балыкчыда болдум. Шаардын мэри Талант Өмүркулов бир нече аялдарды жана эркектерди машине менен ташып келип, ошол жерде чагым уюштурду. Муну жалгыз мен эле эмес элдин баары көрүп турду.

“Кылым шамы” бейөкмөт уюму да Башкы прокуратурадан Ысык-Көл облусундагы окуяга укуктук баа берип, райондук администрациялардын башчыларына жана ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилерине кылмыш ишин козгонуу өтүндү.

Акыйкатчы институнун Ысык-Көл убулусу боюнча атайын өкүлчүлүгү да Түп окуяларына байкоо салып, куралсыз тынч чогулуш өткөрүү боюнча мыйзам бузуу фактылары катталганын билдирет.

Акыйкатчы Турсунбек Акун да бул фактылар боюнча Башкы прокуратура жана жергиликтүү сот органдарына кайрылууну көздөп жатканын "Азаттыкка" билдирди.

- Оппозиция өкүлдөрүн кармашканы, Текебаев дубалдан секирип качып, Бекназаровду Саруу айылынан өткөрбөй, Шерниязовдун көйнөктөрүн тытып... Ушул жакшылыкпы? Балыкчыда аялдарды алып келип тукурушуп... Президент же премьер-министр буга көрсөтмө берген жок да. Бөрк ал десе баш алуу болуп атат.

Акыйкатчынын пикиринде, Ысык-Көл обулусунун бийлиги курултайды өткөрбөө тууралуу жогорудан эч кандай көрсөтмө алган эмес.

Оппозиция былтыр апрелде да Каркыра жайлоосундагы жердин Казакстанга берилишине каршы Түптө жөө жүрүш уюштуруп, ал азыркыдай чагымчыл аракеттерден улам үзгүлтүккө учураган. Оппозиция өкүлдөрү анда да чагымчыл топтордун ур-токмогуна кабылышкан эле.

БЭКти Ысык-Көлдөн кууп чыгышты (2-бөлүк)

XS
SM
MD
LG