Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:59

БЭК: Түптөгү окуя бийликтин өзүнүн түбүнө жетет


Бүгүн Бириккен Элдик Кыймылдын саясий бюросу аймактык курултай өткөрүүгө Түп районунда жергиликтүү бийлик тоскоолдук кылганын талкуулады. Саясат таануучулар жергиликтүү бийликтин жана милиция кызматкерлеринин оппозицияга карата кысымы элди иренжитип, бийликке болгон ишенимин жоготот деген көз караштарын айтышууда.

Түп районунун эле эмес Ысык-Көл облусунун аймагындагы мамлекеттик администрациялары менен тартип коргоо кызматтарынын ишемби-жекшембиде Бириккен элдик кыймылдын мүчөлөрүнө көрсөткөн зордук-зомбулугу, мыйзамсыз иш аракеттерине карапайым элдин кыжыры келип, Бакиевдин бийлигин каргап отурушат, деп билдирди “Улуу биримдик” партиясынын лидери Эмил Каптагаев.

Бул-бандиттик өлкө, бандиттердин башкаруусу деп эле айтышыбыз керек да. Түптөгү окуя боюнча бийликтин абийири кетип, тескерисинче эл арасында оппозициянын кадыр баркын көтөрдү.
-Мына көлдөгү окуя бир нерсени көрсөтүп турат. Бул бийлик өздөрүнүн үй-бүлөлүк бийлигин сактап калыш үчүн биринчи мыйзамды өздөрү каалагандай пайдаланып жатат. Экинчиден, мыйзамсыз жанагыдай өздөрү арак берген уятсыз адамдарды пайдаланып жатат. Үчүнчү - криминалдык элементтерди пайдаланып атат. Мыйзамды булар өздөрү каалагандай пайдаланып жаткандан кийин мамлекет дагы жок. Мамлекеттик башкаруу дагы жок.
Бул-бандиттик өлкө, бандиттердин башкаруусу деп эле айтышыбыз керек да. Түптөгү окуя боюнча бийликтин абийири кетип, тескерисинче эл арасында оппозициянын кадыр баркын көтөрдү ,-деди Каптагаев.

Түпкө курултайга катышканы барган Жогорку Кеңештин СДП фракциясынан депутат Кубанычбек Кадыров ага милициянын көз алдында атайы уюштурулган мас адамдар асылып кол көтөргөнүн айтты:

-Мага кол көтөргөндө дагы райондук ички иштер бөлүмүнүн ичинде, начальник РОВД депутатты курткасынан сүйрөп эшикке түртүп чыгарып жаткандан кийин, бул бүгүнкү бийликтин кандай аракети десек болот. РОВДнын башчысы депутатка кол салып жаткандан кийин башка кишилер жөнүндө кеп кылыш деле кереги жок болуп калды.

Депутат Кубанычбек Кадыров бул маселени жөн койбостугун, Башкы прокуратурадан баш аламандыкты уюштуруп, адам укуктарын бузган жетекчилерге мыйзамдын чегинде чара көрүп, жоопкерчиликке тартуу өтүнүчү менен кайрыларын кошумчалады.

Райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Эрнис Дүйшөнбаев менен байланышууга эч бир мүмкүнчүлүк болгон жок. Ал эми Түптүн акими Саматбек Керимкуловдун катчысы болсо аким бүгүн эл аралык балдар күнүнө карата райондогу балдар үйлөрүн кыдырып кеткендигине байланыштуу кызмат ордунда жок экендигин билдирди. Райондун аппарат башчысы болсо ооруканадан жаңы чыкканын айтып, бул маселе боюнча эч нерсе айта албастыгын кабарлады.

30-майдын кечинде Түп районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Таластан барышкан делегацияга күч колдонгонун “Ата Мекен” партиясынын Талас облусундагы координатору Койсун Курманалиева мындай деп айтты:

-Биз 8 адам түшүп бараткан машинебизди күчтөп эле милициялар алып коюшту. “Эми сиздер кете бериңиздер”,-деди. Биз кетип баратканда артыбыздан милициялар келип колубузду толгоп, машинелерине салып бизди кайра РОВДга алып барышты.

“Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Таластан барган Дулат аттуу жигит, Түптө аракка алагүү болушкан жигиттер экс-депутат Болот Шерниязовго дагы кол салып, райондук милициянын башчысы аксакалдарды ур-токмокко алууга чейин барганына күбө болгонун жашырган жок:

- Ал жерде мас аялдар, анан жигиттер бизди артыбыздан келип көргөзүп, көргөзбөй ургандар дагы болду. Көтөрүп чаап жерге жыккандар болду.

Оппозициянын алдын тосуп, кыр көрсөткөн адамдар бийликтин “бир үзүм этине” корстон болуп, эки жүздүү болуп калышыптыр, дейт Дулат:

-Көпчүлүгү акимдин, РОВДнын начальнигинин көзүнчө кыйкырып-өкүрүп бизди түртүп сез көрсөткөнү менен мындай чыгышканда “биз деле силерди колдойбуз, айла жок”, деп атышты. Анан өздөрүнчө сүйлөшүп атышты “акчабызды качан берет? Тамагыбызды качан берет?”-деп.

Саясат таануучу Марс Сариев Түптөгү окуя менен жергиликтүү атка минерлер жеке керт баштарын, кызмат ордуларын сактап калуу үчүн карапайым элди жаман көрсөтүп жатканы аз келгенсип, азыркы бийликтин дагы аброюн кетирип жатат деп эсептейт.

-Ошол структуралар Ак үй андай көрсөтмө бербесе дагы алар “Бөрк ал, десе баш алып” аша чапкан ииштерди жасай беришет. Канчалык ошондой окуя болсо ошончолук оппозиция күчтөнөт. Эл колдоп оппозицияны жактырат, -деди Марс Сариев.

Маалыматтарга караганда, Түп районунун прокуратурасы парламенттеги СДП фракциясынан депутат Роза Отунбаева менен “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге эскертүү берип, жарандардын тынч митинг, жыйындарды өткөрүү боюнча мыйзамды бузгандыктары үчүн административдик жана кылмыш жоопкерчилигине тартылып калышы мүмкүн экендигин эстерине салган.

XS
SM
MD
LG