Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:10

ТҮПТӨ ОППОЗИЦИЯ ЛИДЕРЛЕРИНЕ КОЛ САЛЫП, САБАШТЫ


Оппозициянын Ысыккөл жергесинен Бишкекти көздөй жөө жүрүш акциясын баштоо аракети катуу каршылыкка кабылды. Түп районунда оппозиция лидерлерин таш бутага алып, кууп чыгаруу аракеттери жасалды. Ошол жерде жүргөн укук коргоочулар муну бийликтин тукуругу менен жасалган иш деп айыпташты. Окуя болгон жерден кабарчыбыз Рита Нурмамбет кызы төмөнкүлөрдү баяндады.

- Биз бардыгын жолдон сурап келаттык. Жөө жүрүш уюштурганы келгендерди Сарыбулак айылына киргизбей, сүрүп чыгарышты. Анан Сарыбулак айылынан Алмабаев Кендербай деген аксакал, дагы бир топ жигиттер айтты, биз жүрүштүн келатканын угуп турдук эле, биз да кошулат элек деп.

Күрмөнтү айылындагы аялдар айтып атышты Каркыра жайлоосунун берилишине каршы экендиктерин. Бирок ошол эле учурда оппозициянын мындай жүрүшүнө макул эмеспиз деп дагы белгилешти. Буларда башка түшүнүк болуптур. Оппозиция Каркыра жайлоосунун тиги жакка берилишине макул, анан ушундай жазгы талаа иштерине өтө зыянын тийгизип атат, буларга кошулбагыла деген тескери үгүт жүргөнүн биз байкадык.

Мен өзгөчө Болот Шерниязов кабылган окуяны айткым келет. Болот Шерниязов Чолпоната тараптан жай, башкача, өзүнчө желек көтөргөн балдар менен келаткан эле. Анан Мукар Чолпонбаев баштаган кишилерди жумуртка менен чаап, бери кууп сүрүп чыгарышкандан кийин, Санташ айылына кетчү, башкача айтканда Каркыра жайлоосуна кете турган чоң жолдун жанынан Болот Шерниязовду кармап алып, Дамира Райымбекова баштаган бир топ аялдар ажылдап, ар кандай сөздөрдү айтып чыгышты. Болот Шерниязов унчукпай басып кетип бараткан. Анан бир маалда эле камуфляж кийген чоң кишилер жетип келип аны оозго, бетке, башка ургулап башташты. Болот Шерниязовдун оозунан шилекейи кетип, өтө жаман болду. “Кыргыздар кыргызды сабатасыңарбы” деген сөздөр айтылды.

Бул жерден милиция кызматкерлеринин аз санда гана иштеп жүргөнүн көрүп, Түп райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Эрнис Дүйшөнбаевден сураганыбызда, ал керектүү сандагы милиция тобу менен иштеп атабыз деди. Бирок бул жерден баса белгилеп кетишибиз керек, качан гана Болот Шерниязовду уруп киришип, ага оор боло баштаганда гана милиция кызматкерлери жардамга келишти.

Ысыккөл облустук ички иштер башкармасынын начальниги Эркин Эсеналиев болуп өткөн окуя боюнча “эки тарапты тең угуш керек, алар муш жесе, көп эл кабыл албаса өзүлөрү деле ойлонуш керек болчу. Милиция тараптан биз аракет кылдык, тез жардамды чакырып бердик”,- деп сүйлөдү.

XS
SM
MD
LG