Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:55

Аксы окуясында жабыркагандардын арманы


Аксы окуясын эскерүү иш-чарасы, 17-март, 2015-жыл
Аксы окуясын эскерүү иш-чарасы, 17-март, 2015-жыл

Аксынын Топ-Жаңгак айылында көчөт отургузуу акциясы өтүп, Аксы окуясынын жабырлануучулары аларга жетиштүү деңгээлде көңүл бурулбай жатканын айтышты.

Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков баштаган эл өкүлдөрү “Аксы окуясында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткандарды социалдык коргоо жөнүндө” жаңы жарлык тууралуу аксылыктарга маалымат беришти. Жолугушуудан кийин эл өкүлү тургундар жарлыкка ыраазы болгонун айтты:

- Биз да беш депутат менен бирге Аксыда көчөт отургузууга туш болуп, аларга президенттин жарлыгын окуп бердик. Эл абдан ыраазы болуп, кол чаап турду. Ошондой эле аймактагы таза суу долбооруна жардам катары президенттин атынан 100 миң сом жардам көрсөтүлдү. Мындан сырткары партиянын атынан үч жаңы айыл чарба техникасын тапшырдык.

Райондун Топ-Жаңгак айылындагы көчөт отургузуу акциясында депутаттар жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Эл өкүлдөрү кеткен соң чогулган Аксы окуясынын жабырлануучулары мамлекеттин бул колдоосу жетишсиз экенин айтышты.

Аксы, 17-март, 2007-жыл
Аксы, 17-март, 2007-жыл

Аксыда жабыркагандардын коомдук уюмунун төрагасы Максатбек Момуналиев аксылыктардын талаптары 13 жылдан бери орундалбай келатканына токтолду:

- Жөлөк пул боюнча Апрель ыңкылабынын баатырларына теңептир, калган социалдык көйгөйлөр акырындап каралары айтылыптыр. Бирок андан бери 13 жыл өтсө да аткарылбай келатат. Макул, аткарышпасын. Жок дегенде окуянын 27 катышуучусун баатыр деп атап, төш белги берип койсо болбойбу? Биз бир аз кечигип, келген депутаттар менен жолугуша албай калдык. Бир жерин өзгөртүп, бизге көтөрүп келиптир. Туура, бир аз көнүл бурганына президентке рахмат айтабыз, бирок калган маселелер ошол бойдон чечилбей жатат.

Аксы окуясында жабыркагандар кошумча үстөк пулду 1-майдан баштап алышат. Окуяда жабыркаган 31 адамга ай сайын 1585 сомдон каралган. Аймактагы Жаркынайым багындагы ишембиликке катышкан саясатчы, “Эл үнү” саясий кыймылынын лидери Азимбек Бекназаров жердештеринин нааразычылыгы орунсуз экенин айтты:

- Аксы окуясын жарадар болгондор эмес, өлгөндөрдүн туугандары гана эмес, ошол тарыхты жалпы эл жасаган. Азыр мамлекет алына жараша колунан келген мүмкүнчүлүктү түзүп берип жатат. Булар каалагандай, талап койгондой аткарып берүүгө мамлекетте мүмкүнчүлүк жок. Мындан сырткары 24-мартта, 7-апрелде, июнь коогалаңында миңдеген мекендештерибиз жабыр тартты. Алардын баарына өздөрү айткандай шарт түзүп берүүгө мүмкүн эмес. Эгер алар чыныгы революционерлер болсо, анда акча же материалдык колдоо эмес, идея үчүн күрөшөт. Анда баарыбыз революционермин деп кызмат же башка нерсе талашып жүрө берели. Бүгүн КСДПнын атынан деп депутаттардын аймактарда техника тапшырып жүргөнү уят. Мамлекеттин атынан деп эле берип койсо жарашмак. Бул элди алдоо саясаты.

Аксы окуясын эскерүү, 17-март, 2015-жыл
Аксы окуясын эскерүү, 17-март, 2015-жыл

2002-жылдын 17-мартында Жалал-Абаддын Аксы районунда тынчтык митингинин катышуучуларына ок атылып, алты киши каза тапкан. Алар Үзөңгү-Кууштун Кытайга сатылышына каршы чыгып, депутат Азимбек Бекназаровдун камактан бошотулушун талап кылышкан.

Ошол окуяда жакынынан айрылган Гүлбара Аширова 7-апрелде Бишкек шаарында өтө турган эскерүү иш-чарасына бардык жабырлануучулар катышып, президентке талаптарын билдирерин айтты:

- Бийлик каалайбы-каалабайбы, чакырабы-чакырбайбы Бишкек шаарында өтө турган беш жылдыкка Аксы окуясында жабыркаган бардык 33 үй-бүлө барабыз. Президентке өз талаптарыбызды туура жана так жеткирели деп турабыз. Өлкө башчысы кол алдындагыларды бизге түртүп койбостон, өзү жолугат деген ойдобуз. 17-мартта эскерүү иш-чарасында Тайырбек Сарпашев менен Икрамжан Илмиянов келип, эч нерсени чече алган жок.

Ал арада 7-апрелде Аксынын борборунда өтө турган оппозицияны колдогон митинг башка күнгө жылдырылды. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири, апрель революциясынын баатыры Сапарбек Наркеев маалымат жыйыны учурунда билдирди. Буга эмне себеп болгону ачык айтылган жок. 11-апрелде Жалал-Абадда Улуттук оппозициялык кыймыл да курултай өткөрөрүн жарыялаган.

XS
SM
MD
LG