Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:10

Марат Бакиевдин Беларустагы хан сарайы


Качкын президент Курманбек Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев Беларустун Раубичи кыштагында жашарын “Азаттыктын” беларус кызматы шардана кылды.

Минскинин жанындагы Раубичи кыштагы жалаң эле беларус биатлонунун ийгиликтеринин символу болбостон, кансарайлар айылына айланып баратышы аркылуу аты чыгууда. Ага кошулуп жаңы айылды айырмалоочу дагы бир белги пайда болду: бул жерден “кара тизмеге” кирип калгандарды арбын кездештирүүгө болот.

"Азаттык" радиосунун беларус кызматы Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин чоң уулу, Интерпол тарабынан изделген 45 жаштагы Марат Бакиевдин жаңы үйү тууралуу жазып чыкты.

2010-жылдын 7-апрелине чейин УКМК төрагасынын орун басары болуп иштеп турган Марат Бакиев сот тарабынан 22 жылга эркинен ажыратылган.

2010-жылдын апрелинде Бишкектин башкы аянтындагы калабадан 90 киши набыт болуп, 1,5 миңдей адам жараат алган. Кандуу окуяга катышкандардын ырасташынча, нааразылыкка чыккандарды бирден терип атышкан.

"Плавно" мейманканасы
"Плавно" мейманканасы

"Азаттык" радиосунун беларус кызматы жазгандай, Беларуска Марат Бакиев аялы менен уулун алып атасы, абасы дагы башка адамдар менен качып келген. Башында Бакиевдер Березин биосфералык коруктун аймагында турушкан: аларга деп эң мыкты “Плавно” мейманканасынын бир корпусунун экинчи кабатын президенттик үй-бүлөгө ылайыктап жасалгалап чыгышкан.

Бирок ошол жылдын августунда Александр Лукашенко кара башын калкалап келген үй-бүлөгө “жөн эле” беларус жарандыгын тартуулап койгондон кийин Бакиевдер турак жай проблемасын чындап чечүүгө киришти. Курманбек Бакиев “Веснинка” "президенттик райондон" келишкен үй алды, ал жерде жалаң мамлекеттик жогорку кызматтагы аткаминерлер отурукташкан. Балдар болсо өз алдынча жашай турган болушуп, жупунураак вариант деп ушул Раубичи кыштагын тандап алышты.

Үйдү жаңылаган ремонттук бригаданын усталарынын бири жапжаңы эле үйдү кайра ондоп чыгууга “тез” деген атайын буйрук түшкөнүн айтып берди. Ал үйдүн өзү деле жаңы болчу, жада калса боёгунун жыты кете элек эле. Келишкен үйдү дагы келиштире жасоо канчага турганын айтыш кыйын, үйдүн мурдагы кожоюну жер участогуна 50 миң доллар төлөгөн. Бул акча да үйдүн баасына кошулган болуу керек.

Ремонт бригаданын устасы айткандай, иш токтоосуз жүрүп, үч айдан кийин мурдагы жаңы үйдөн эчтеке калбай, баары жаңыланып чыга келди. Жаңы кожоюн акча жагынан эч үзгүлтүк кылбай, баарын алдын ала төлөп, курулушчулардын иш учурундагы проблемаларын ылдам чечип берип турду.

Оңдолгон үйдө Марат Бакиевдин экинчи уулу төрөлдү (чоңу 20га чыгып калды). Кичинекей Бакиевге короонун ичинен ойной турган балдар аянтчасын жасап беришти. Короо-жай, коргондун сырты кылдат каралып турат.

Айылдагылардын айтуусунда, Марат Бакиевге туугандары тез-тез келип турушат, алар чоочун көзгө түшпөстүн аракетин кылып, өзү ачылчу дарбазадан тезирээк кирип кетүүгө ашыгышат. Жашыруун коноктор арасынан экинчи аялы менен кичинекей балдарын ээрчиткен атасы Курманбек Бакиев менен абасы Жаныш Бакиевди таанып калгандар бар. Бир ирет айылдыктар дарбазадан “Ауди” чыгып келатканын көрүштү, бирок анын ичинде кимдер отурганын тааный албай коюшту.

Беларуста мурдагы чекист Марат Бакиев ишин алмаштырууга мажбур болду. Маалымдоо каражаттарында мурда кабарлангандай, ал аялынын атына катталган кипрлик компанияга таандык Минск четиндеги клубдун ээлеринин бири болуп калды.

Андан илгерээк интернетте Мараттын уулун алып оюн-зоок клубунда отурган сүрөтү жарыяланган. Мындан тышкары Бакиевдин беларус кантын Кыргызстанга жөнөтүп турууга да тиешеси бардыгы маалымдалган. Жаңы ишкердин өзүнө таандык офиси да бар, ал “Белгоспищепром” концернинин имаратында жайгашкан.

Марат, Максим, Жаныш менен Курманбек Бакиевдерге КМШ ичинде мамлекеттер ортолук издөө, Интерпол аркылуу эл аралык издөө жарыяланган. Алардын баары сыртынан айыбы угузулуп, бир топ кылмыш беренелери боюнча соттолгон. Маселен, Курманбек Бакиев сыртынан 25 жылга түрмөгө кесилген.

Тапкан мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою түрмөгө Максим Бакиев да кесилген. Ал Өнүгүү, инвестиция, инновациялар боюнча борбордук агенттиктин жетекчиси болчу. Сот аны ондогон миллион доллар турган мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештирген деп айыптаган. Ал Британияда качкын статусун алып жазадан качып жүрөт.

Булардын катарында кыргыз коопсуздук кызматынын мурдагы жетекчиси Марат Бакиевге чыккан өкүм азыноолок коркутуудай эле кабылданышы мүмкүн - болгону 22 жыл колония, бул да сыртынан чыккан өкүм.

Кандай болгон күндө да Минск жанындагы жаркыраган жакшы үй – түрмөгө караганда кыйла жакшы эмеспи, деп жазат “Азаттык” радиосунун беларус кызматы.

XS
SM
MD
LG