Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:58

НУРЛАН ШАКИЕВ: ПРЕЗИДЕНТ КУЛОВГО ЭКИ ЧОҢ КЫЗМАТТЫ СУНУШ КЫЛДЫ


Чолпон Орозобекова, Бишкек. Президент Курманбек Бакиевдин маалымат катчысы Нурлан Шакиев, президент, парламент спикери жана премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Кулов баш болгон мамлекеттик жетекчилердин бүгүнкү жолугушуусу тууралуу «Азаттыктын» суроосуна жооп берди.

- Нурлан мырза, парламентте Феликс Куловдун талапкерлиги дагы бир жолу четке кагылды, президенттик администрациянын реакциясы кандай бүгүнкү күндө?

- Бүгүн парламенттеги премьер-министрдин кандидатурасы боюнча добуш берүүлөрдүн жыйынтыгынын негизинде президент Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов, президенттик администрациянын башчысы Мыктыбек Абдылдаев, мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров, ошондой эле премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Куловдун катышуусунда жолугушуу өткөрдү. Бул жерде негизинен бүгүнкү өкмөт башчысынын кандидатурасы боюнча жыйынтык каралды. Сөздү Марат Султанов алып, ал президентке кайрылды, “Эгерде үчүнчү жолу Феликс Шаршенбаевичтин кандидатурасын сунуштай турган болсоңуз ушундай эле көрүнүш болот. Себеби депутаттардын позициясы калыптанып калды, сөзсүз түрдө каршы добуш беришет. Ага мисал катары бир жуманын ичинде биринчи жолу добуш бергенде болгону 23 депутат, экинчи жолу болгону 25 депутат колдоо добуш берди. Болгону эки депутат гана колдогон тарапка өтүптүр. Мен ойлойм үчүнчүсүндө ушундай эле болот. Ошон үчүн парламентти сыйлап, бүгүнкү көрүнүштү эске алып, Куловдун эмес башка кандидатураны сунуштооңузду суранам” деп айтты. Андан кийин сөздү премьер-министрдин милдетин аткаруучу Кулов алып, ал киши айтты: -

“Бул жерде ушундай түшүнбөстүктөр болду. Мен жыйынтыкты башкача күттүм эле. Бирок тилекке каршы андай болгон жок. Эгер үчүнчү жолу дагы сунуш кыла турган болсоңуз сөзсүз биз каалагандай жыйынтык болот" деп айтты.

Андан кийин сөз алган мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров:

- “Биз сөзсүз саясий чечим кабыл алышыбыз керек. Эгерде үчүнчү жолу көрсөтө турган болсок бул маселе дагы созулат. Алдыда көптөгөн экономикалык маселелер, элдин, өлкөнүн тагдырына байланыштуу чоң маселелер турат, алар кечеңдеп атат, аны тездетип чечишибиз керек. Коңшу мамлекеттер менен болгон мамилелерди дагы тереңдетүүгө бүгүнкү күндө өкмөттүн убактылуу милдетин аткарып аткандыгы кайсы бир деңгээлде тоскоолдук болуп атат. Ошон үчүн биз саясий чечим кабыл алып, сөзсүз түрдө башка жаңы кандидатура бербесек парламентте абал түшүнүктү” деп айтты.

Ушул эле Мадумаровдун айтканын Мамлекеттик администрациянын жетекчиси Мыктыбек Абдылдаев да ырастады. Жыйынтыгында президент өзүнүн баасын айтып, өлкөнүн тагдырына байланыштуу эң зарыл маселелер созулуп атат. Парламенттен мен мындай көрүнүштү күтпөдүм эле. Экинчи жолу да ушундай болуп калды. Үчүнчүсүндө дагы маселе ушундай эле кайталанат. Саясий абал башка жагына оорлошпосун деп сөзсүз түрдө жаңы кандидатура болот деп айтты. Буга Феликс Шаршенбаевич өзү күбөө болду. Ошол эле учурда президент буга чейинки президент менен премьер-министрдин тандемин эске алып, мен бардык мүмкүнчүлүктөрдү жасадым. Тилекке каршы жыйынтык болбоду, мен дагы деле ошол ойдомун, деди. Эми эң чоң мамлекеттик эки кызматты сунуш кылды. Ага Феликс Шаршенбаевич азырынча мен кызматка келбейм дегендей мааниде жооп кайтарды.

- Нурлан мырза эгерде табышмак болбосо кайсы кызматтарды сунуш кылды?

- Муну ачык айтыштын кереги жок. Бирок өлкөдөгү эң чоң эки мамлекеттик кызмат ордун сунуш кылды.

- Акыркы сурообуз, премьер-министрликке талапкерлердин белгилүү аттары барбы? Балким 2-3 адамдын талапкерлиги каралып аткандыр?

- Бул боюнча коомчулукта, ММКда сөз болуп атат, бирок кайсы кандидатураны, кайсы талапкерди алып чыгат ал президенттин кароосунда. Мен эч нерсе деп айта албайм. Ал президенттин чечимине жараша болот.

- Нурлан мырза, маегиңизге чоң ырахмат.

XS
SM
MD
LG