Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:29

Акаев кечирим сураш керекпи?


“Асман плюс” гезити президент Атамбаевдин ислам динин бурмалагандарды сынга алганы боюнча айрым адамдардын ойлоруна орун берди.

“Асман плюс” гезити жакында Коргоо кеңешинин жыйынында президент Алмазбек Атамбаевдин ислам динин жамынуу менен кыргыздарга жат элдин кийими менен дилин зордук менен таңуулай баштаган чала молдо дин бузарларга айткан катуу сынына айрым жарандардын ой-пикирин сурап кайрылды.

Өзүбек ажы Чотонов: Уркуянын паранжысы орус келе электе эле болгон. Андай болсо Атамбаев Европанын кийимин тыйсын. Аялдарга жоолук салсын, чач кескенин тыйсын. Президенттин айтканын туура эмес деп эсептейм, - деп,

Рысбек Жабиров: Каада-салт менен эсептешүү керек. Антпесек болбой калды. Чындыгында хиристиан менен католиктин, шийит менен суниттин, хизбут менен иегованын, баптист менен теңирчиликтин айрымасын билбегендер бизге даават айта баштады. Президенттин айтканы туура,-деп,

Нургазы Бакалов: Ислам барган сайын радикалдашып баратканда абдан туура айтылды. Эртең бизде да динге жамынып кан төккөн сакалчандар каптап кетип, Сирияга айлана электе кайсы бир чараларды көрүш керек. Исламды таза тутуу зарыл,-деп,

Депутат Өмүрбек Абдрахманов: Атамбаев дин маселеси боюнча туура айтты. Ал эми спикер Асылбек Жээнбеков парламенттин ичине мечит салдырды. Өткөндө мунусун президент сындады эле тоготуп да койгон жок. Балдардын дин мектебине барышы Конституцияга каршы келгендиктен ага да чара колдонулушу керек. Анткени балдар Конституцияга ылайык мектептен милдеттүү түрдө билим алышы керек, ал эми чоңойгон соң кайсы динди тандап алат, ал өз эркине жараша болот. Президент көтөргөн маселе туура, эми аны ишке ашыруу зарыл,-деп,

Кыргызстандын муфтийи Максат ажы Токтомушев: Борбор Азияда 13 кылымга жакын ата-бабаларыбыз ханафи мазхабдын негизинде салттуу ислам динин тутуп келген. Мисалы, ханафи мазхабда намаз окубаган кишини каапыр деп атабайт. Ал эми кийимге келсем, улут болгондон кийин өз кийимиңди кийип жүрүшүң керек. Себеби ар бир улуттун кийими ислам динине каршы келбейт. “Халал” дегенди “адал” деш керек эле деп президент туура айтты. Кээ бир аша чапкандар гана башка элдин идеологиясын камсыздап жатабыз деп көбүртүп жатышат,-деп жооп берди.

“Азия ньюс” гезити Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаровдун “Бажы биримдигине кирүү - тышкы экономикалык саясатка маанилүү” деген маегин басты.

Ушунун эле алдына аталган гезит “70 жылдыгын белгилеген Аскар Акаев ушул убакка чейин элден кечирим сурап койсо болот беле?” деп суроо салды.

Буга карата Жусупжан Жээнбеков: Элди кууратып келаткан системанын фундаментин Аскар Акаев түзгөн. Кийин аны Бакиев улантты. Ошол убакта Акаевга карыз болгон саясатчылар көп. Анын ошол куйруктары Акаевди Бакиевге салыштырып, Курманбек канкорду кара кылып, Аскарды ак кылып көрсөткүлөрү келүүдө. Ал эми Акаев ушунча жылдан бери сурабаган кечиримдин кыргыз элине тыйынча да кереги жок,-деп,

Самсаалы Четинбаев: Акаев Союз куруп берген колхоз-совхозду талкалап, чоң заводдордун баарын талатып-тонотуп, саттырып жок кылган. Жогорудагылар кыйратылбай эл үчүн иштегенде Кыргызстан эбак гүлдөп кетмек. Үзөңгү-Кууш сатылган. Аксыдан 7 киши атылган. Анын ичинде менин бир тууган агам да бар болчу. Акаевди эч качан кечирбейбиз,-деп,

Мамат Айбалаев: Кыргызстанда бүгүнкү итке минген абалдын автору - Аскар Акаев. Өз чөнтөгүнөн башканы ойлобогондорго, мамлекетти, элди башкаруу эмне экенин билбеген шылуундарга экономиканы башкартып, өнөр-жайды талкалатты. Азыр бардык жагынан артта калган өлкө жалгыз Кыргызстан. Буга эң биринчиден Акаев күнөөлүү, ал кечирим сурамак турсун, кыргыз элинин алдында кылган иштери үчүн жооп бериши керек, -деп,

Мавлян Аскарбеков: Акаев кен байлыктарыбызды, гектарлаган жерлерибизди, мамлекеттин байлыгы болгон мүлктөрдүн баарын сатып ийген. Акаевдин курбу-курдаштары, тааныштары, бийликте тургандары завод-фабрика, мейманкана, бала бакча, алтургай борбор шаардагы жападан жалгыз кыргыз китептерин саткан китеп дүкөндөн бери менчиктеп алышкан. Акаевди алып келүүнү каалагандар аны алып келип, өздөрүнүн саясатын жүргүзүш үчүн акырындап элдин кулагын көндүргүсү келип ушалап аткандар. Акаев деген мамлекеттин убалына калган киши, аны алып келип жоопко тартуу керек,-деп жооп берди.

“Асаба” гезити депутат Алтынбек Сулайманов менен маек курду. Депутат басып келаткан кымбатчылыкты карапайым эл көтөрө албастыгын, өкмөт өсүү болуп атат деген менен экономикада эч кандай өсүш болбогонун, саясий партиялардын биригиши шайлоо алдындагы мыйзам ченемдүү көрүнүш экендигин, Бажы биримдигине киргенде албетте кыйынчылык болорун, ал эми “Кумтөр” болсо башынан эле туура эмес башталганын, миң соттошкон күндө да майнап чыкпастыгын кеп кылды.

“Айат” гезити “Замандаш-Современник” саясый партиясынын мүчөсү, журналист Айнура Аскарованын “Адилетсиздикти жазгым, акыйкатсыздарга кыйкыргым, абийирсиздерди уяткаргым келет” деген аталыштагы интервьюсун окурмандарга тартуулады.

XS
SM
MD
LG