Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 17:55

Июнь коогасы: Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө иш козголду


Чопкутталган танктын үстүндө отурган жоокерлер топтошуп турган кишилердин жанынан өтүп бара жатышат. Ош. 11-июнь, 2010-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө козголгон кылмыш ишин кайра тергей баштады. Ошол эле маалда Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү бийликке 11 жыл мурда болгон окуянын ачыкка чыкпаган жагдайлары да бар экенин эскертишти.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттин комитет (УКМК) июнь окуясы боюнча козголгон кылмыш иши Жалал-Абаддагы өзбек улуттук маданий борборунун мурдагы президенти жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Кадыржан Батыровдун өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу экенин кабарлады.

«2010-жылдын май-июнь айларында республиканын түштүгүндө трагедиялуу кесепеттерге алып келген окуянын себепкерлеринин бири Кадыржан Батыровго республикадан тоскоолдуксуз жана мыйзамсыз чыгып кетишине көмөктөшүү фактысы боюнча Убактылуу өкмөттүн кызмат адамдарына каршы кылмыш иш козголду», - деди УКМКнын маалымат катчысы Назгүл Кыдыралиева.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Кадыржан Батыровдун өлкөдөн чыгарылышы менен катар трагедиялуу окуянын алдын алуу боюнча тийиштүү чараларды көрбөгөн Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн, күч структураларынын башчыларынын жана аймактык деңгээлдеги кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук баа бериле турганын билдирди.

Атамбаев эстеген Кадыржан Батыров

2010-жылы июнь коогасынын алдында Жалал-Абад менен Ошто чагымчыл аракеттерге барган деген негизде иш козголгон Кадыржан Батыровдун өлкөдөн чыгып кетиши алгач мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин доорунда иликтенмей болгон.

Алмазбек Атамбаев 2016-жылы 15-сентябрда Башкы прокуратурага 2010-жылдагы Кадыржан Батыровду качыруу фактысын иликтөөнү тапшырган. Мындай тапшырмага атайын кызмат таап чыккан жаңы жагдайлар себеп болгону айтылган. Буга байланыштуу Башкы прокуратурага караштуу мекемелер аралык тергөө тобу түзүлгөн.

Алмазбек Атамбаевдин бул кадамга барышына Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн конституциялык реформага каршы чыкканы түрткү болгон.

Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү анда бийликке ачык кайрылуу жолдоп, азыркы Конституциянын кол тийбестигин 2020-жылга чейин коргоого жана өлкөдө авторитардык режимдин калыбына келишин токтотууга чакырган.

Кайрылууга саясатчылар Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев, Азимбек Бекназаров, Исмаил Исаков, Элмира Ибраимова, Кеңешбек Дүйшөбаев, Эмилбек Каптагаев, Болот Шер кол койгон.

Убактылуу өкмөттүн мындай кайрылуусунан кийин президент Алмазбек Атамбаев 2016-жылы 31-августта Ала-Тоо аянтында өткөн салтанатта сүйлөп жатып, мурдагы санаалаштарын сындаган.

Атамбаев Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн катышы бар экени айтылган 2010-жылдан кийинки талап-тоноо, банк уячаларынан акчанын жоголушу сыяктуу жаңжалдарды санап, ага күнөөлүүлөр жооп бере турганын эскерткен.

Алмазбек Атамбаев демилгелеген Конституциянын долбоору 2016-жылы 11-декабрдагы референдумда өткөндөн кийин Кадыржан Батыровдун өлкөдөн чыгарылышы боюнча берген тапшырмасы унутта калган.

Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү эмне дейт?

2010-жылы 7-апрелден кийин бийликке келген Убактылуу өкмөттүн курамына 14 киши кирген. Алар: Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Азимбек Бекназаров, Исмаил Исаков, Абдыганы Эркебаев, Элмира Ибраимова, Кеңешбек Дүйшөбаев, Эмилбек Каптагаев, Болот Шер, Дүйшөнкул Чотонов, Иса Өмүркулов, Топчубек Тургуналиев.

Тергелип жаткан иш боюнча атайын кызмат Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн суракка чакыра электиги белгилүү болду.

Президенттин июнь окуясын иликтөө тууралуу тапшырмасынан кийин экс-президент Роза Отунбаева "Super TV” телеканалына берген интервьюсунда 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн да айта турган сөзү бар экенин билдирген.

«Ошол сөздөрүбүз ачыкка чыкса кандай болот - аны ким билет? Мейли, Жапаров же Ташиев болсун «кара жашикти» ачпагыла деп кеңеш берет элем. Убактылуу өкмөт эл аралык коомчулуктун чоң салымы менен аракет жасап, бул ишти жапканбыз», - деген Роза Отунбаева.

Октябрдагы окуялардан кийин бийликке келген азыркы саясий топ 11 жыл мурда Убактылуу өкмөттүн саясий оппоненти болгон. Мындан улам Убактылуу өкмөттүн дагы бир мүчөсү Эмилбек Каптагаев июнь окуясы боюнча президенттин тапшырмасында саясий негиз бардыгын айтты.

«Карайбыз десе карасын, бул жерде көп маселе бар. Айрыкча эмне себептен чыккан, ким чагымчы болгон деген суроолор турат. Ошонун баарынын аягына жете турган болсо аягына чыгарып элге айтсын, коомчулуктагы суроолорго жооп берсин. Менин оюмча мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Мисалы, куралды аскерден, милициядан тартып алып, сепаратист эмес тынч жаткан өзбек тектүү адамдарды ким өлтүргөн деген бир топ суроо бар. Мамлекет үчүн, эл үчүн, эл ичиндеги биримдик үчүн бул тергөөнүн эч пайдасы жок. Бул эски жараны тырмап, мындан ары чатактын кайталанышына негиз салчу кадам».

2010-жылы Убактылуу өкмөттүн түштүк аймагы боюнча атайын өкүлү, коргоо министринин милдетин аткаруучу болуп турган Исмаил Исаков УКМК козгогон кылмыш иши тууралуу мындай деди:

«Ошол учурда тиги тарап "кыргыздар геноцид кылды" дегенди алып чыгышып, сүрөткө тартып жүргөн экен да. Ошону дүйнөлүк коомчулукка көрсөткөндө Убактылуу өкмөт ошого каршы далилдерди берип, андай эмес дегенге жетишип, ички көп маселелерди көмүскөдө калтырып койгонбуз. Мурда БУУда иштеген, тышкы иштер министри да болгон Роза Исаковна өз авторитети менен, эл аралык деңгээлдеги сүйлөшүүнү билген ыкмалары менен кырдаалды жөнгө салууга жетишкен. Ушулардын баарын бириктирип, андай болгон эмес деген чечимге эл аралык комиссияларды чакырып туруп жетишкенбиз. Ички маселелерди көмүскөдө калтырганбыз. Ушулардын баарын бүгүн козгогон опурталдуу, себеби тиги тарап дагы карап турат. Бизде дагы көптөгөн фактылар бар. Алар керек болсо ошолорду чыгарганга мүмкүнчүлүк берип жатат. Анда азыркы маселе башка нукка бурулуп кетиши ыктымал. Ошондуктан мунун артында тургандарга айтаар элем, кыргыз элинин жалпы келечегин ойлосок, жанагыдай маселелерге жол бербей токтотконго аракет жасашыбыз керек. Биз баарын айтып беребиз, Убактылуу өкмөт ошол учурда эки тараптын ортосунда калган. Аскерлер жетпей, биз эки тарапты тең токтотконго аракет кылып жүргөнбүз. Ошону тескери жакка бургандары туура эмес, арты жакшылыкка алып келбейт жана кудай да кечирбейт».

2010-жылы июнь окуясы чыкканда Ош облусун экс-президент Сооронбай Жээнбеков башкарып турган. Ал 7-апрелде Убактылуу өкмөттүн курамына кирген. Бирок Ош облусуна губернатор болгонуна байланыштуу Убактылуу өкмөттүн катарынан чыккан.

Сооронбай Жээнбеков 11-апрелде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жана референдумга катышып жатып, айта турган сөз анда да көп экенин билдирген.

«Албетте, менде да айтылчу сөздөр көп. Бирок азыркы кырдаалда менин сүйлөп, саясатчылар менен талашып-тартышып, диалогго аралашканыма караганда, унчукпай турганым – өлкө үчүн чоң пайда», - деп жооп берген Жээнбеков журналисттердин суроосуна.

Ал эми укук коргоочу Төлөкан Исмаилова июнь трагедиясын кылдат иликтеп, күнөөлүү адамдарды аныктаганга убакыт келди деп эсептейт.

Төлөкан Исмаилова.
Төлөкан Исмаилова.

«Кеткен каталар, жасалбай калган иштер иликтениши керек. Укук коргоочулар 11 жылдан бери какшап келе жатабыз, акыйкаттык болбосо кылмышкерлер саясатта жүрө берет, алардын туугандары жыргайт, эч кандай реформа болбойт. Ошол үчүн айтам, бул тарыхый милдет. Ага кылдат карап, мыйзамга ылайык, бейтарап позиция менен иштеш керек. Күнөөлүүлөр жасаганын өз моюну менен тартканга, мыйзам астында баш ийип, эл алдында кечирим сурап, туура жолго түшүүгө убакыт келди».

Июнь окуясына ким күнөөлүү?

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, 2010-жылы июнь окуясын иликтөө боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын мүчөсү Жылдызкан Жолдошева каргашалуу окуяга юридикалык баа берилип, күнөөлүүлөр жазага тартылмайынча бул маселе кайра-кайра көтөрүлө бере турганын айтууда.

«7-апрель кайталанбасын десек, кайсы бийлик болбосун акыйкат, адилет саясат жүргүзүшү керек. Кандуу окуя кайталанбасын десек, анда сепаратисттик күчтөр менен соодалашууга бир да бийлик барбашы керек. Садыр Жапаров Ош окуясын иликтөөнү атайын кызматка тапшырып өзүнүн эркин көргөздү, эми аягына чейин принципке турса. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү менен эч кандай соодалашууга барбаса. Убактылуу өкмөт азыркы бийликтегилерге ар кандай жалаа жабам десе жаңылышат. Анткени, 2010-жылдын 7-апрелинен баштап 2021-жылга чейин өлкөнү алар башкарып келишти».

Исмаил Исаков.
Исмаил Исаков.

Анткен менен Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Исмаил Исаков июнь окуясын бийликтен кулатылган Бакиевдер уюштурганы ошол кезде эле такталганын белгиледи.

«2010-жылдагы июнь окуясын Максим Бакиев менен Жаныш Бакиев уюштурган. Экөөнүн түздөн-түз аракеттери, белгилери, анын колдоочулары Убактылуу өкмөттүн тушунда такталган. Андан кийинки комиссия чечимдеринде "эң негизги күнөөлүүлөр Бакиевдер жана анын жакындары" деп табылган. Мына ошондо азыркы президент Садыр Жапаров, менин жакшы көргөн иним Камчыбек Ташиев баары колун көтөрүп, добуш берген. Азыр башкача сүйлөп жатканы ошолорду актоого аракет кылгандай сезилип жатат. 2010-жылдын июнь айындагы окуя Бакиевдердин акыркы аракети болгон. Себеби, 19-майда Жаныш менен Максим сүйлөшкөн. Ошол сөздөрдүн арасында кээ бир фамилиялар да айтылган. Биз аны эске салбай эле коёлу. Ошентип отурушуп 10-июнга жетишкен. Алар мөөнөттү 22-июнга коюшкан да».

Июнь окуясы 2010-жылы 7-апрель революциясынан кийин Убактылуу өкмөт бийликте турганда болгон. Ошол себептен июнь окуясын бийлигин жоготуп, Беларустан баш паанек тапкан бакиевчил реваншист күчтөр уюштурду деген да көз караштар бар.

Ошол эле кезде Кыргызстандын түштүгүндө жаңжал чыгарууга чет мамлекеттеги үчүнчү күчтөр, жикчилдер жана маңзат соодасын көзөмөлдөгүсү келген криминалдык топтор ишке ашырган деген пикирлер да айтылып келатат.

2010-жылы 10-июнда башталган кандуу окуяны үч комиссия иликтеген. Эл аралык комиссия 2011-жылдын май айында корутундусун жарыялап, июнь окуяларын “аскердик кылмыш же геноцид эмес” деп тааныган. Тыянакта комиссия айрым жагдайларды "адамзатка каршы кылмыш" деп баалаган.

Эл аралык комиссия ошондой эле коогалаң апрель окуясынан кийинки саясий кырдаалдан улам чыгып кеткенин, бирок, өзбек коомчулугу тарабынан жикчил маанай тастыкталбаганын билдирген. Ошол кезде бул баага өкмөт менен Жогорку Кеңеш макул болбой, комиссиянын төрагасын, финляндиялык саясатчы Киммо Кильюненди Кыргызстанга киргизүүгө тыюу салган.

2011-жылы Абдыганы Эркебаев башчылык кылган Улуттук комиссия да коогалаң боюнча иликтөө жүргүзүп, "куралдуу кан төгүүгө Кадыржан Батыров башында турган сепаратисттик күчтөр, качкын президент Курманбек Бакиевдин жактоочулары жана кырдаалды туруксуздаштырууга кызыкдар сырткы күчтөр себепкер болду", - деген корутунду чыгарган.

Расмий маалымат боюнча 2010-жылдагы июнь окуясында 446 адам каза болуп, 2 миңге чукул жаран ар кандай деңгээлде жараат алган. Ошол окуя учурунда 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын 19у ушул күнгө чейин табыла элек.

Отунбаева: Июнь окуясы атайын уюштурулган деп эсептейм
please wait

No media source currently available

0:00 0:33:31 0:00

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Пикирлерди көрүңүз (30)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG