Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 22:53

Чуулгандуу тасма, сотторго сын


Жогорку Соттун төрайымы Нургүл Бакирова менен Чүй облустук сотунун судьясы Дамирбек Оңолбеков. Архив.

Президент Садыр Жапаров катышкан жыйында көрсөтүлгөн видеодогу судья Дамирбек Оңолбековдун кызматтан кетиши талаш-талкуу жаратты.

Бийликтин соттук реформага аракети

Садыр Жапаров 7-июнда Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелерин талкуулаган кеңештин жыйынында кызуу болуп, иш бөлмөсүнө кире албай жаткан судья тартылган видео көрсөтүлгөн. Ал Чүй облустук сотунун төргасы Дамирбек Оңолбеков экени белгилүү болгон. Жапаров бул окуяга байланыштуу аны кескин сындаган.

"Мыйзамдарды алтын тамга менен жазып койсок дагы мындай соттор менен реформаны аягына чыгара албайбыз. Мына чоң облустун төрагасы, күндө мас келет, ушинтип бөлмөсүнө кирет экен. Анан ушундай соттор менен кантип реформа жүргүзөбүз?".


Жапаровдун сынынан көп өтпөй эле Судьялар кеңеши президентке Оңолбековдун судьялык ыйгарым укугун мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу сунуш берди.

Президент Садыр Жапаров көрсөткөн видеодон алынган скриншот.
Президент Садыр Жапаров көрсөткөн видеодон алынган скриншот.

Бирок Оңолбеков маалымат агенттиктерине берген комментарийинде ишине “күндө мас болуп келет” деген айыпты четке какты. Ал кызматтан кетүүгө өзү арыз жазганын билдирди.

“Актангым келбейт, бирок сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелерин талкуулаган кеңештин жыйынында көрсөтүлгөн видео 2020-жылы 4-июлда (ишемби) тартылган. Ал учурда пандемияга байланыштуу оор учур болчу, кесиптештеримдин көпчүлүгү ооруп чыккан. Жумушка күндө ичип келет деген калп, андай болушу мүмкүн эмес”.

Соттун укугун ким коргойт?

Оңолбековдун окуясы талаш-талкууга жем таштады. Чуулгандуу иштерде саясатчылардын укугун коргоп жүргөн юрист Замир Жоошевдун пикиринде, жыйында видео көрсөтүү менен бийлик саясий упай топтоп жатат. Юрист окуянын мыйзамдык жактарына токтолду.

“Бүгүнкү күндө сотко ишеним жок. Аларды караласаң, коомчулук кол чабуу менен кабыл алат. Ушуну жогорку кызмат адамдары пайдаланганы туура эмес. Ал эми видеону тактап териштирип, баа бере турган орган - Судьялар кеңешиндеги комиссия. Судьянын өзүнүн пикирин угушу керек эле. "Күнөөсүздүк презумпциясы" деген бар. Бул деген чечим чыкмайынча адамды күнөөлүү дегенге болбойт. Жакында эле 5-майда муну президент өзү айткан. Бирок судья боюнча териштирбей туруп эле элге жаманатты кылганы терс иш болду”, - деди Жоошев.

Курманбек Осмонов.
Курманбек Осмонов.

Анткен менен Жогорку соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов жогорку кызмат адамдарынын ичинен айрыкча судьялардын жүрүм-туруму коомчулукка үлгү болушу керек деп эсептейт. Осмонов президенттин кадамын колдой турганын айтып, окуя башкаларга сабак болушу зарылдыгына токтолду.

“Өзүңөрдү эле эмес, Кыргызстандын сот системасын уят кылып жатасыңар” деген эскертүү катары түшүндүм. Эң оболу, соттордун көңүлүн бурдуруп, “абайлагыла” дегендей болду. Ал эми соттун актануусун уктук, бирок ошондой бутунан тура албагандай мас болушун эч кандай абал актабайт”.

Сотторду сындаган президенттер

Садыр Жапаров судьяларды ачык сынга алып, талкуу жараткан алгачкы президент эмес. Маселен, Сооронбай Жээнбеков 2018-жылы президент болуп турганда соттук реформа боюнча кеңештин жыйынында баяндамачыны “сот тармагы жөнүндө отчеттун кереги жок” деп каккан жайы бар. Андан кийин 2019-жылы соттордун XI курултайында ал судьяларды ыйманга чакырып, жада калса хадис айтып берген. Ал эми 2020-жылы Коопсуздук кеңешинде Жогорку соттун ошол кездеги төрайымы Гүлбара Калиеванын докладынан кийин коррупция менен кармалган аткаминер Насирбек Алмаматовдун бошоп кеткенин мисал кылып, сот системасын сынга алган.

“Бул мамлекеттик кызмат, эл берген иш! Чуулгандуу иш болду, эл айтып жатат, массалык маалымат каражаттары жазып чыкты, жарандык коом кайрылып жатат. Ичиңердеги коррупцияны жое албай былтыйып отурасыңар”, - деген болчу Жээнбеков.


Ошол учурдагы бийлик сот реформасын жакын арада ишке ашырууга убада кылган. Ага чейин, 2010-жылы элдик толкундоолордон кийин бийликке келген Алмазбек Атамбаевдин тушунда сот реформасын жасоого батыл киришкенин жарыялаган. Бирок байкоочулар ошол кездеги бийликте бардык мүмкүнчүлүк бар экенине карабай, оппозиция өкүлдөрүнө сот адилетсиз чечим чыгарганын, судьяларга жогору жаткан басым жасоо сыяктуу көрүнүштөр күч алганын белгилешет.

Соо соттордун "таза эмес" иштери арбын

Сот иштерине байкоо салган укук коргоочу Рита Карасартова реформа бир кишинин жүрүм-турумуна эмес, жалпы сот системасын оңдоого багыт алышы керек экенин белгилейт.

“Карагылачы ушундай болуп атат” деген президенттин деңгээли эмес. Жылдап арак ичпей, бирок чечимдери менен элдин канын ичип жаткан соттор толтура. Аларды кантип оңдойбуз? Сот деген бул өзүнчө бийлик бутагы. Ал мыйзамга гана баш ийиши керек. Ал эми бизде азыр бир эле адам башкарып жатат окшойт”.

Дамирбек Оңолбеков мурда Бишкек гарнизондук Аскердик сотунун судьясы болуп иштеп турганда Кыргызстандын эгемен тарыхындагы эң узак жана чуулгандуу апрель окуясын териштирип, өкүм чыгарган. Тактап айтканда, мурдагы президент Курманбек Бакиев, иниси, Күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиев, мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов өмүр бою сыртынан соттогон. Курманбек Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев кызмат ордун мыйзамсыз таштап кеткен деп табылып, 10 жылга сыртынан кесилген. Анда жалпысынан 14 адамга өкүм угузган.


Жогорку соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов Оңолбековду жакшы тааный турганын айтып, 2010-жылы июнь окуясындагы иштерди дагы караган деп билдирди.

Интернеттеги маалыматтарга ылайык, Оңолбеков 30 жылдан бери сот системасында иштейт.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG