Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:12

Эдуард Кубатов УКМКга сурак бергенин төгүндөдү


"Centerra Gold Inc." компаниясынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Эдуард Кубатов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине (УКМК) суракка чакырылганытууралуу маалыматты четке какты. Ал атайын кызмат консультацияга чакырганын "Азаттыкка" билдирди:

"Менин суракка чакырылганым жөнүндө туура эмес маалымат тарап жатат. 9-июнда мен УКМКнын Коррупцияга каршы кызматына бардым. Биз "Центерранын" директорлор кеңешине байланыштуу сүйлөштүк. Бул кылмыш иши эмес, сурак эмес, консультациялык жолугушуу болду. Мен "Центерранын" айланасындагы жагдайды түшүндүрүп бердим",- деди Кубатов.

Ал "Центерранын" директорлор кеңешинде 2016-2019-жылдары иштеген.

УКМК соңку апталарда Кумтөр кениндеги коррупцияга байланыштуу бир катар аткаминерлерди кармап, айрымдарын суракка чакырууда

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG