Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:51

Кумтөр иши: Эдуард Кубатов сурак берип чыкканы кабарланды


Эдуард Кубатов. Эверест чокусун багынтуу учурунда
Эдуард Кубатов. Эверест чокусун багынтуу учурунда

Кумтөр алтын кенин иштетип келген "Центерра Голд" компаниясынын директорлор кеңешиндеги Кыргызстандын мурдагы өкүлү Эдуард Кубатов 9-июнда Улуттук коопсуздук комитетине (УКМК) сурак берип чыкты. Бул тууралуу ишенимдүү булактар билдиришти.

Атайын кызмат маалымат берүүдөн баш тартты. Эдуард Кубатов бул тууралуу кийинчерээк комментарий бере турганын айтты.

Ал 2016-2019-жылдары Кыргызстандын "Центерра голд" компаниясынын директорлор кеңешиндеги мүчөсү болгон.

Кыргызстандын атынан "Центерра голд" компаниясынын директорлор кеңешинде мүчө болгон дагы канча адам суракка чакырылганы тууралуу азырынча маалымат жок.

"Кумтөр иши" боюнча бир нече депутат, мурдагы депутаттар жана аткаминерлер кармалып, камакка алынды. Бир канчасы сурак берип жатышат.

Баардыгына тең Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү, тагыраагы “Коррупция” менен айып тагылды. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG