Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:07

Полицияны сындаган мигрант келин абакка түштү


Махбурат Эмилбаева. Фото: Арден Аркман / «Новая газета»
Махбурат Эмилбаева. Фото: Арден Аркман / «Новая газета»

Москвада полициянын мыйзамсыз аракеттерин айтып чыккан кыргызстандык Махбурат Эмилбаева үч күндөн бери камакта отурат. Укук коргоочулар менен юристтер анын тез арада бошотулушун талап кылып жатышат. 

33 жаштагы Махбурат Эмилбаеваны Москва полициясы 8-июнда кечки саат 21:00до иштеген жеринен кармап кеткен.

Орусиялык укук коргоочу Валентина Чупик Эмилбаева ошондон бери камакта отурганын, аны «полиция кызматкерлеринин талаптарына баш ийбөө» беренеси менен жазалоо аракети көрүлүп жатканын маалымдады.

9-июнда келинди полиция бөлүмүнөн сотко алып барышкан. Бирок сот ага административдик чара көрүүгө далилдер жетишсиз деп ишти артка кайтарган.

Махбурат менен Чолпон полиция бөлүмүндө
Махбурат менен Чолпон полиция бөлүмүндө

«Ур-токмокко алып, зомбулук көрсөтүшкөн эмес. Бирок моралдык жактан катуу кысым көрсөтүшкөн. «Депортация кылабыз», «сен эч ким эмессиң» деп коркутушкан. Тамак-аш, суу берилбептир. Полиция кызматкерлери «биз бергенбиз, өзү жебей жатат» дешти. Келин өтө начар акыбалда. Кечээ сотко алып барганда эки жолу «Тез жардам» чакырууга туура келди», - деди кыргызстандык жаранга укуктук жардам көрсөтүп жаткан «Тонг Жахони» уюмунун юристи Чолпон Сатибаева.

Ал сотто полициядан Эмилбаеванын кандай негизде камакта отурганын түшүндүрүүнү талап кылып, бирок маалымат ала алган эмес.

Орусияда жети жылдан бери мигрант болуп жүргөн Махбурат Эмилбаева «Новая газета» басылмасына кайрылып, 2-июнда Москвадагы Хамовники райондук полиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз алты саатка камакка алынганын, кызуу полициячылар өзүнө күч колдонгонун айтып берген. Экинчи жолу макала жарык көргөндөн кийин, 8-июнда кечке маал иштеген жеринен кармап кетишкенин кабарлаган.

«Мен Москвада жети жылдан бери жашайм. Дайыма мыйзамдарды сактап келгем. Бул жакта адамдарга ушундай мамиле жасашары оюма да келген эмес. Муну ушул бойдон калтыргым келбейт. Алар жазасын алышы керек. Полициячылардын өзүм билемдигинде чек жок экен», - деген Махбурат.

Эмилбаеванын "Новая газета" басылмасына маеги
Эмилбаеванын "Новая газета" басылмасына маеги

Ошондой эле Эмилбаева Москвадагы Комсомольский проспектисиндеги батирге 31-майда көчүп кирип, 2-июнда миграциялык каттоого турууга үлгүрбөй калганын моюнга алган.

Полиция анда келинди эки административдик мыйзам бузууга – «бейбаштык» жана Орусияда жүрүү эрежелерин бузган деп айыптап, 5500 рубль айыппул менен коё берген.

Ооруканага барып, денесиндеги тактарды расмий каттаткан Эмилбаева полиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери жана административдик мыйзам бузуу иштерин бурмалоо боюнча Тергөө комитетине, прокуратурага жана ИИМдин Жеке коопсуздук башкармалыгына арыз жазган.

Валентина Чупик
Валентина Чупик

Укук коргоочу Валинтина Чупик келинди экинчи жолу камакка алууга эч кандай негиз жок экенин айтууда:

"Эмилбаева гезитке кайрылып же арызданып эле токтоп калган жок. Ал полициячылардын жоруктары боюнча тийиштүү органдарга кайрылды. Алар мунун баарын иликтеп, жоопко тартышы керек. Полициячылар бул органдар менен ич ара сүйлөшө албайт. Кылган иштерине жооп бериши керек. Өздөрү бул ишти жаап коюшмак".

Буга чейин Чупик Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине кайрылып, кыргыз жаранына юридикалык көмөк ала албай жатканын коңгуроо каккан.

Назгүл Жусубакунова
Назгүл Жусубакунова

Элчиликтин басма сөз катчысы Назгүл Жусубакунова буларды маалымдады:

"Элчиликтин юристтери барганда Махбурат Эмилбаева абалы жакшы экенин билдирген. Элчилик кыргыз жараны кандай негизде камакка алынганына түшүндүрмө берүү талабы менен расмий кайрылуу да жөнөттү. Бул маселе көзөмөлдө. Анын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн бардык аракеттерин жумшайт".

Ал эми адвокат Александр Ким полиция өз аракетин жаап-жашырууга умтулуп жатканын белгиледи:

«Эмилбаеванын полицияга баш ийбегенин тастыктап же далилдеген бир дагы материал жок. Дагы бир нерсе токуп чыгара калышпаса эле экинчи ишти да далилдей алышпайт. Менин оюмча, алар келиндин жашаган жеринде каттоого турбаганын козгоп чыгышы мүмкүн. Ал эртеси, 3-июнда миграциялык каттоосун жаңырткан. Чынында, азыр ага карата үч административдик иштин бирөөсүнүн да материалдары жок. Бир да расмий протокол колго берилген жок. Албетте, Эмилбаева чет өлкөлүк жаран болгону үчүн эки административдик иш менен дароо өлкөдөн чыгаруу чечими кабыл алынышы мүмкүн. Мындай чечимдерди жокко чыгаруу үчүн сотко кайрылабыз», - деди Александр Ким.

Орусиянын мыйзамдарына ылайык, полиция адамды соттун чечими жок 48 саатка гана камакта кармай алат. Адвокаттар Махбурат Эмилбаева 10-июнда бошотулушу керек экенин белгилеп жатат. Полиция комментарий бере элек.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG