Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:26

Орусия АКШ менен “Ачык кургактык” меморандумунан баш тартты


Москва. Кремл.
Москва. Кремл.

Москва “Ачык асман” келишиминин артынан эле АКШ менен “Ачык кургактык” меморандумунан баш тартты.

1992-жылдан бери иштеп келе жаткан бул документ орусиялык жана америкалык дипломаттар иштеген өлкөлөрдүн аймактары аркылуу эркин жүрүү шарттарын карайт.

Бул меморандум күчүн жоготкону тууралуу буйрукка орус өкмөтүнүн башчысы Михаил Мишустин кол койду.

Буга чейин Орусиянын тышкы иштер министрлиги өлкө ичиндеги АКШ дипломаттарынын сапарлары чектелерин билдирген.

Бул меморандумдан баш тартуу АКШ быйыл апрель айында жаңы санкциларды киргизгенден кийинки орусиялык тарап кабыл алган чараларга кирет. Мындан сырткары Орусия АКШны кастык саясат жүргүзгөн өлкөлөрдүн тизмесине киргизген. Анын негизинде Москвадагы америкалык дипломатиялык миссияга орусиялык жарандарды кызматка алууга тыйуу салынган.

Орусиянын Вашингтондогу элчиси Анатолий Антонов мартта АКШдан чыгып кеткен. Башында кеңешүүгө кеткен АКШнын элчиси Жон Салливан дагы Москвадан кеткен.

АКШ Мамдепартаменттинин өкүлү Нед Прайс жакынкы жумаларда элчинин Москвага кайтышы ыктымал экенин билдирди. Ал эми Кремлдин басма сөз катчысы Орусия менен АКШ президенттеринин 16-июнда Женевада өтчү жолугушуусунун жыйынтыгынан кийин гана элчилерди кайтаруу маселеси каралышы мүмкүндүгүн кабарлады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG