Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:32
Мьянма менен Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттеши. 11.06.2021-ж. Осака, Жапония.
Мьянма менен Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттеши. 11.06.2021-ж. Осака, Жапония.

Футбол: Кыргызстан Мьянманы жеңди

Бүгүн, 11-июнда Жапониянын Осака шаарында болгон Мьянма жана Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттешинде кыргыз футболчулары 1:8 эсебинде жеңишке жетти. 1-таймда кыргыз футболчулары беш гол киргизип, ишенимдүү алдыга чыкты. 2-таймда кыргызстандык футболчулар дагы үч гол киргизип, эсеп ажырымын кеңейтсе, мьянмалыктар бир гол киргизүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Кыргызстан тарапка тиешелүү голдорду Мирлан Мурзаев (хеттрик), Турсунали Рустамов, Гулжигит Алыкулов, Фархат Мусабеков, Алимардон Шүкүров жана Абай Боколеев киргизди.

Бул беттеш 2022-жылы Катарда боло турган Дүйнө чемпионатына жана 2023-жылы Кытайда боло турган Азия чемпионатына тандоо оюндарынын 2-раундунун жооптук оюну болуп саналат. Аталган командалардын буга чейин 2019-жылдын 10-октябрында Бишкекте өткөн таймашында кыргыз футболчулары 7:0 эсебинде жеңишке жеткен.

Алдыда 15-июнда Кыргызстан талаа ээси Жапония менен ойнойт. Бул күнү Тажикстан менен Мьянма беттешет.

F тайпасында 2-раунддагы турнирдик таблицада жети оюндан кийин 21 упай топтогон Жапония көч башында. Жети оюнда 10 упай топтогон Кыргызстан 2-катарга көтөрүлдү. Эсебинде он упай менен Тажикстан 3-тепкичке жайгашты. Бул команда да жети оюн өткөргөн.

Сегиз оюндан кийин алты упай жыйнаган Монголия 4-катардан орун алса, жети оюнда эки жолу жеңишке жеткен Мьянма 5-орунда калды.

Футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын экинчи айлампасы 2020-жылы жазында өтмөк. Коронавирус пандемиясынан улам оюндар белгисиз мөөнөткө жылдырылган. Бир жарым жылдык тыныгуудан кийин жанданган беттештер борборлоштурулган тартипте өтүп, командалар мурдагыдай үйдө жана конокто эмес, бир аймакта ойноп, жолдомо үчүн ат салышат.

Кыргызстан бөлүнгөн F тайпасындагы оюндардын бардыгы Жапониянын Осака шаарында болот.

2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына жана 2023-жылы Кытайда өтчү Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында Азия чөлкөмүнүн 40 командасы сегиз тайпага бөлүнүп ойноп жатат.

Мелдештер 2019-жылдын 5-сентябрында башталган. Тандоо мелдештеринин жыйынтыгында сегиз тайпанын жеңүүчүсү жана экинчи орунду ээлеген төрт мыкты команда акыркы тандоо оюндарына жолдомо алат.

20:43 11.6.2021

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын дарбазачысы Павел Матяш бүгүн, 11-июнда Жапониянын Осака шаарына барды. Ал ковидге тест тапшырып, терс жыйынтыкка ээ болсо команда менен машыгууга жана 15-июнда Жапония менен боло турган оюнга катышат.

16:46 11.6.2021

14:55 11.6.2021

F тайпасында 2-раунддагы турнирдик таблицада жети оюндан кийин 21 упай топтогон Жапония көч башында. Жети оюнда 10 упай топтогон Кыргызстан 2-катарга көтөрүлдү. Жети оюнда 10 упай эсебинде бар Тажикстан 3-тепкичке жайгашты.

Сегиз оюндан кийин алты упай жыйнаган Монголия 4-катардан орун алса, жети оюнда эки жолу жеңишке жеткен Мьянма 5-орунда калды.

14:54 11.6.2021

Беттеш аяктады. Мьянма - Кыргызстан 1:8

Дагы жүктөңүз

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG