Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:56
Мьянма менен Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттеши. 11.06.2021-ж. Осака, Жапония.
Мьянма менен Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттеши. 11.06.2021-ж. Осака, Жапония.

Футбол: Кыргызстан Мьянманы жеңди

Бүгүн, 11-июнда Жапониянын Осака шаарында болгон Мьянма жана Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттешинде кыргыз футболчулары 1:8 эсебинде жеңишке жетти. 1-таймда кыргыз футболчулары беш гол киргизип, ишенимдүү алдыга чыкты. 2-таймда кыргызстандык футболчулар дагы үч гол киргизип, эсеп ажырымын кеңейтсе, мьянмалыктар бир гол киргизүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Кыргызстан тарапка тиешелүү голдорду Мирлан Мурзаев (хеттрик), Турсунали Рустамов, Гулжигит Алыкулов, Фархат Мусабеков, Алимардон Шүкүров жана Абай Боколеев киргизди.

Бул беттеш 2022-жылы Катарда боло турган Дүйнө чемпионатына жана 2023-жылы Кытайда боло турган Азия чемпионатына тандоо оюндарынын 2-раундунун жооптук оюну болуп саналат. Аталган командалардын буга чейин 2019-жылдын 10-октябрында Бишкекте өткөн таймашында кыргыз футболчулары 7:0 эсебинде жеңишке жеткен.

Алдыда 15-июнда Кыргызстан талаа ээси Жапония менен ойнойт. Бул күнү Тажикстан менен Мьянма беттешет.

F тайпасында 2-раунддагы турнирдик таблицада жети оюндан кийин 21 упай топтогон Жапония көч башында. Жети оюнда 10 упай топтогон Кыргызстан 2-катарга көтөрүлдү. Эсебинде он упай менен Тажикстан 3-тепкичке жайгашты. Бул команда да жети оюн өткөргөн.

Сегиз оюндан кийин алты упай жыйнаган Монголия 4-катардан орун алса, жети оюнда эки жолу жеңишке жеткен Мьянма 5-орунда калды.

Футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын экинчи айлампасы 2020-жылы жазында өтмөк. Коронавирус пандемиясынан улам оюндар белгисиз мөөнөткө жылдырылган. Бир жарым жылдык тыныгуудан кийин жанданган беттештер борборлоштурулган тартипте өтүп, командалар мурдагыдай үйдө жана конокто эмес, бир аймакта ойноп, жолдомо үчүн ат салышат.

Кыргызстан бөлүнгөн F тайпасындагы оюндардын бардыгы Жапониянын Осака шаарында болот.

2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына жана 2023-жылы Кытайда өтчү Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында Азия чөлкөмүнүн 40 командасы сегиз тайпага бөлүнүп ойноп жатат.

Мелдештер 2019-жылдын 5-сентябрында башталган. Тандоо мелдештеринин жыйынтыгында сегиз тайпанын жеңүүчүсү жана экинчи орунду ээлеген төрт мыкты команда акыркы тандоо оюндарына жолдомо алат.

13:27 11.6.2021

Гол! Мьянма - Кыргызстан 0:1 Оюндун 21-мүнөтүндө кыргыз футболчуларынын пайдасына эсеп ачылды. Жарым коргоочу Турсунали Рустамов атаандаш дарбазасына топту башы менен киргизип, оюндагы алгачкы голдун ээси болду.

13:33 11.6.2021

24-мүнөттө Мьянма оюнчусу Йан Наинг (Yan Naing) кызыл карточка алып оюндан четтетилди. Ал Кыргызстандын чабуулчусу Алимардон Шукуровго карата одоно ойногондугу үчүн ушундай жаза алды.

13:36 11.6.2021

Кайрадан гол! Кыргызстандын эсебине 2-гол жазылды. 29-мүнөттө Гүлжигит Алыкулов атаандаш дарбазасына топту ийгиликтүү багыттап, артыкчылыкты бекемдеди.

13:40 11.6.2021

34-мүнөт. Кыргызстандын жарым коргоочусу Фархат Мусабеков чабуулчу Абай Боколеевден пас алып, бүгүнкү оюндагы 3-голдун автору болду. Мьянма - Кыргызстан 0:3.

Дагы жүктөңүз

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG