Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:48

Октябрдагы тополоңдо жараат алгандар митингге чыкты


"Кыргыз үмүтү" кыймылынын мүчөлөрү. 11.06.2021
"Кыргыз үмүтү" кыймылынын мүчөлөрү. 11.06.2021

Былтыркы октябрь окуяларында жараат алгандар түзгөн “Кыргыз үмүтү” кыймылынын он чакты мүчөсү Бишкектеги эски аянтта эки күндөн бери нааразычылык акциясын өткөрүп жатышат. Алар мурунку президент Сооронбай Жээнбековду жоопкерчиликке тартууну, тополоңдо жараат алгандарга азыркы бийлик жардам беришин талап кылышууда.

“Октябрдагы тополондо жаракат алгандар ушул күнгө чейин толук дарылана албай жүрүшөт. Буга чейин “Үмүт булагы” фонду 15-күндүк дарыга акча берген. Андан башка жардам болгон жок. Жаракат алгандар ишке жарамсыз болуп калды. Биздин талабыбыз жаракат алгандарды толук дарылануудан өткөрүп берсин. Акыркы бийлик ушул балдарындын аркасы менен келген”, - деди “Кыргыз үмүтү” кыймылынын мүчөсү Сыргак Сакыбаев.

Бишкекте 2020-жылдын 5-6-октябрындагы башаламандык маалында 1221 адам жабыркап, жүздөй киши ооруканага түшкөн. Ондогон адамдардын көзү, башка органдары катуу жабыркаган. 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу көз жумган.

Жараат алгандар түзгөн "Кыргыз үмүтү" коомдук бирикмеси Юстиция министрлигинин каттоосунан былтыр 1-декабрда өткөн. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG