Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:50

Футбол: Коронавирустан улам Кыргызстандын дарбазачылары оюнга чыкпайт


Бүгүн, 11-июнда боло турган Мьянма менен Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттешинде кыргыз тараптын дарбазасын Эрнист Батырканов кайтарат. Бул тууралуу оюнга чыга турган футболчулардын тизмеси жарыяланганда белгилүү болду.

Кыргызстан футбол союзунун президенти Канат Маматов Бишкекте өткөн мааалымат жыйында коронавируска шек саналгандардын сары тизмесине кирген үч дарбазачыга оюнга чыгууга дагы уруксат берилбей калганын айтты.

“Биз Жапониянын бардык көрсөтмөлөрүн так аткардык. Азыр баарыбыз оор учурда турабыз. Бул жерде бирөөнү күнөөлөгөн туура эмес. Оору ар бир адамга жугуп калышы мүмкүн. АФКнын сунушу менен бул беттештерди өткөрүүгө Жапония гана макул болду. Биз бул оюндарды Кыргызстанда өткөрө албайт болчубуз. Анткени бизде эл аралык талапка ылайык келген стадионбуз жок. Эми өткөрүп жаткан мамлекет кандай талап койсо, баарын аткарууга мажбурбуз”, - деди Канат Маматов.

Буга чейин жапон өкмөтүнүн COVID-19га каршы саясатына ылайык, жалпы машыктыруучулар штабы, администрация, оюнчу Бекжан Сагынбаев, дарбазачылар Эржан Токотаев, Кутман Кадырбеков жана Валерий Кашуба коронавирус илдетине чалдыкты деп шек саналгандардын тизмесине киргендиктен, оюндан четтетилген.

7-июнда Монголия курама командасы менен болгон оюнга кыргыз футболчулары дарбазачысыз чыгууга мажбур болгон. Оюнда дарбазаны коргоочу Айзар Акматов кайтарып, Кыргызстан курама командасы F тайпасында акыркы орунду ээлеп келе жаткан Монголия курама командасына 0:1 эсебинде жеңилди.

Андан тышкары бүгүнкү оюнга кыргызстандык футболчулар - Тамирлан Козубаев менен Кайрат Жыргалбек уулу да катышпайт. Экөө Монголия курамасы менен 7-июндагы оюнда жана 2019-жылы тажик футболчулары менен беттеште эскертүү алышкан.

Канат Маматов журналисттердин суроосуна жооп берип жатып футболчулардын арасында эмдөөдөн өткөндөр да бар экенин кошумчалады.

“Кыргызстанда эмдөө ар бир адамдын каалоосу менен гана жасалат. Биз футболчуларды кыйнап вакцина алдыра албайбыз. Анын үстүнө ар кандай реакция жүрүп кетиши мүмкүн. Биздин футболчулардын көпчүлүгү ар кайсы чет элдик клубдарда ойнойт. Аларды бир убакытка чогултуп, беттешке даярдануу мүмкүн эмес. Анткени ар бир клубдун өз эрежелери бар. Жапония мамлекетинин талабы боюнча курама команда толугу менен бир делегация болуп бир күндө барышы керек эле. Азыр биз башка дарбазачы Павел Матяшты Жапонияга жөнөттүк. Ал бүгүн, 11-июнда Жапонияга жетет. Буюрса, 15-июнда Жапония менен боло турган оюнга чыгат деп үмүт артып турабыз", - деди ал.

Кыргызстан жана Мьянма курама командаларынын беттеши бүгүн Бишкек убактысы саат 13:00дө башталат. Оюн Жапониянын Осака шаарында өтөт. (GT)

XS
SM
MD
LG