Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:46

Салык кызматынын парламентке сунушталган жасалма отчету иликтенүүдө


Экономика жана каржы министрлигинин Борбордук казыналыгында жана Салык кызматында иштегендер бюджеттин киреше бөлүгүнүн көрсөткүчтөрүн жасалма түрдө жогорулаткан деп шек саналууда. Ушундай факты аныкталганын жана кылмыш иши козголгонун Башкы прокуратура кабарлады.

Расмий маалыматка караганда, 2019-жылдын 31-декабрында укук коргоо органдарынын Бирдиктүү депозиттик эсебиндеги 491 877 823 сом Салык кызматына мыйзамсыз которулган. Бул каражат салык чегерүүлөрү болуп саналбайт.

Натыйжада, Жогорку Кеңешке Салык кызматынын жалган баяндамасы берилген.

Аталган факты Жазык кодексинин 320-беренеси (Кызмат абалынан кыянат пайдалануу) жана 329-беренеси (кызматтык жасалмачылык) менен иликтенүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG