Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 01:23

Кыргыз-кытай чек арасы бир суткага жабылат


Кыргыз-Кытай чек арасындагы «Торугарт» бекети аркылуу жүк ташыган автоунаалар.

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында жайгашкан "Торугарт-автожол" жана "Эркечтам-автожол" өткөрмө пункттары 14-июнда бир суткага убактылуу жабылат.

Мындай тартип Кытайдын улуттук майрамына байланыштуу киргизилген. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Торугарт жана Эркечтам жолдорундагы кыймыл 15-июндан тартып жанданат.

Кыргыз-кытай чек арасы адатта Курман айт, Жаңы жыл майрамдарында жана Кытайдын улуттук майрам-мааракелеринде жыл сайын жабылып турат. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG