Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:57

AI Шинжаңдагы куугунтукту адамзатка каршы кылмышка теңеди


Шинжаңдагы мечит
Шинжаңдагы мечит

Amnesty International уюму Кытайдын Шинжаң аймагындагы уйгурлар жана башка эл өкүлдөрү, көбүнесе мусулмандар “мамлекет уюштурган жапырт жана ырааттуу түрдө камоолорго, кыйноолорго, куугунтуккка туш болгонун, мунун бардыгын адамзатка каршы кылмышка теңесе болорун билдирди.

10-июнда жарык көргөн докладда Лондондо жайгашкан укук коргоочу уюм Кытай бийлиги 2017-жылдан бери аймакта жашаган уйгурлардын, казактардын, хуэйлердин (дунгандар), кыргыздардын, өзбектердин, тажиктердин “диний салттарын, маданий жөрөлгөлөрүн жана жергиликтүү тилдерди түп-тамыры менен жок кылуу үчүн четтен чыккан чараларды көрүп келатканы” айтылат.

“Терроризм менен күрөшкө жамынган бийлик 100 миңдеген мусулман азчылык өкүлдөрүн, аялдар менен эркектерди лагерлерге айдап, кыйноолорго алышкан, миллиондогону такай көзөмөлдө болуп келатат”, - деген уюмдун башкы катчысы Агнес Калламар ал жакта “эбегейсиз масштабдагы антиутопиялык тозок” орнотулду деп маалымдады.

АКШ буга чейин Бээжиндин Шинжаңдагы саясатын геноцидге салыштырган.

Кытай бийлиги лагерлерди экстремизмге каршы күрөш алкагында түзүлгөн кесипке үйрөтүүчү борборлор деп атап, сындарды четке кагууда.

БУУнун болжолдуу маалыматына ылайык, Шинжаңдагы лагерлерде бери дегенде 1 миллиондой киши кармалууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG