Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:35

Малала Юсуфзайды өлтүрүүгө чакырган диниятчы кармалды


Малала Юсуфзай
Малала Юсуфзай

Нобел тынчтык сыйлыгынын лауреаты Малала Юсуфзайды өлтүрүш керек деп коркуткан пакистандык диниятчы кармалды. Жергиликтүү полициянын маалыматына караганда, муфтий Сардар Али Хаккани 9-июнда колго түшүрүлдү. Анын алдында курал көтөрүп алган муфтийдин Малала Пакистанга кайтып келгенде жан кечтилерди ага чабуул коюуга чакырган видеосу социалдык тармактарга тарап кеткен. Хаккани Малала Vogue журналындагы интервьюсунда баш кошуу тууралуу комментарийинде исламга акаарат келтирген деп айткан.

Малала Юсуфзай 2012-жылы талибдердин кол салуусунан оор жараат алып, Британияда дарылангандан кийин ошол жакта жашайт. Ал кезде 15 жаштагы активист кыздардын билим алуусу үчүн күрөшүп келген.

Сөз болгон интервьюда Малала “Кимдир бирөө менен жашагың келсе, эмне үчүн сөзсүз үйлөнүү кагаздарына кол коюш керек, эмне үчүн жөн эле жашаса болбойт?”- деп айткан.

Өз өлкөсүндө популярдуу фигурага айланган Малала исламчылардын жана эскичил диниятчылардын сынына кабылып жүрөт.

XS
SM
MD
LG