Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:42

"Алай" футбол клубунун жетекчиси алмашты


13-май Алай командасы АФК кубогунун тайпалык баскычындагы оюндар үчүн Тажикстанга барган
13-май Алай командасы АФК кубогунун тайпалык баскычындагы оюндар үчүн Тажикстанга барган

Ош шаарынын муниципалдык "Алай" футбол клубунун жетекчилиги алмашты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров билдирди.

Ага ылайык Акматбек Сүйүнбаев атындагы стадиондун жана аталган клубдун жетекчиси болуп иштеп келген Алмаз Сулаймановдун ордуна Улан Алымканов дайындалды.

"Алай" АФК кубогуна чыгып, анда тайпалык баскычтан ары өтө алган эмес. Ал оюндарда клуб үч команда менен беттешип, баарында тең утулуп калган. Бул күйөрмандары арасында нааразылыкты күчөткөн.

«Алай» футбол клубу 1960-жылы негизделген. СССР чемпиондугунун экинчи лигасынын 7-8-5-6-бөлүгүндө ойногон. Өлкө эгемендик алгандан бери Кыргызстандын жогорку лигасында ойноп, төрт жолу (2013, 2015, 2016, 2017-жылдары) чемпиондук наамды утуп алган. 2013-2020-жылдары Кыргызстандын кубогун, 2017-2018-жылдары катары менен супер кубокту жеңген.(MrA)

XS
SM
MD
LG