Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:26

Айрым кыргыз футболчулары Мьянма менен беттештен четтетилди


Кыргыз футболчулары.
Кыргыз футболчулары.

Кыргызстандык футболчулар - Тамирлан Козубаев менен Кайрат Жыргалбек уулу Мьянма менен беттештен четтетилди.

Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) ушундай чечим кабыл алганын Кыргыз футбол бирикмеси 8-июнда кабарлады. Экөө Монголия курамасы менен 7-июндагы оюнда жана 2019-жылы тажик футболчулары менен беттеште эскертүү алган.

Андан тышкары, Валерий Кичин, Бекжан Сагынбаев, Аваз Откеев, Валерий Кашуба, Кутман Кадырбеков жана Эржан Токатаев да коронавируска шек саналгандыктан, оюндан четтилиши мүмкүндүгү айтылды.

Кыргыз футбол бирикмеси аталган спортчулар тест тапшырганын, вирус жоктугу аныкталганын билдирди. Бирок уюштуруу тарап буга жооп бере элек.

Кыргыз футбол бирикмесинин жетекчилиги жогорку органдарга, уюштуруучу комитетке, Кыргызстандын Жапониядагы өкүлчүлүгүнө кат менен кайырылды. Азырынча эч кимден жооп ала элек. Кыргызстан менен Мьянманын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттеши 11-июнда болот.

Ушул күндөрү футболчулар Жапонияда Дүйнө чемпионатына жана Азия кубогуна тандоо оюндарынын 2-раундунда күч сынашууда.

7-июнда Монголия менен беттеште Кыргызстан 0:1 эсебинде жеңилген. Оюнга эки саат калганда кыргыз курамасынан төрт оюнчу коронавируска шек саналып, беттешке чыгарылган эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG