Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:14

Футбол: коронавирустан улам Кыргызстандын дарбазачылары оюнга чыгарылган жок


Кыргызстандык футболчулардын сүрөөнчүсү. Архивдеги сүрөт.
Кыргызстандык футболчулардын сүрөөнчүсү. Архивдеги сүрөт.

Жапонияда өтүп жаткан Кыргызстан-Монголия футбол беттешинде кыргызстандык дарбазачылар оюн талаасына чыгарылган жок. Учурда дарбазачы катары коргоочу Айзар Акматов ойноп жатат.

Жапон өкмөтүнүн ковидге каршы саясатына ылайык, жалпы машыктыруучулар штабы, администрация, оюнчу Бекжан Сагынбаев, дарбазачылар Эржан Токотаев, Кутман Кадырбеков жана Валерий Кашуба коронавирус илдетине чалдыкты деп шектелгендердин тизмесине киргендиктен, кыргыз футболчулары дарбазачысыз оюн талаасына чыгууга мажбур болушту.

Бул тууралуу маалымат командага оюн башталаарга эки саат калганда гана белгилүү болгонун Кыргызстандын футбол бирлиги уюму маалымдады.

Эки команда бүгүн, 7-июнда Осака шаарында “Нагаи” стадионунда күч сынашууда. Оюн Бишкек убактысы менен саат 13:00дө башталып, 33-мүнөттө монголиялыктар бир гол киргизди.

Кыргызстан менен Монголия Дүйнө чемпионатына жана Азия кубогуна тандоо оюндарынын 2-раундунда беттешип жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG