Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:11

Жапонияда кыргыз жана монгол футболчулары беттешүүдө


Кыргызстандын улуттук курама командасы. Оюн алдында тартылган сүрөт.
Кыргызстандын улуттук курама командасы. Оюн алдында тартылган сүрөт.

Бүгүн, 7-июнда Жапониянын Осака шаарында Кыргызстан менен Монголиянын футбол боюнча улуттук курама командалары футбол боюнча Дүйнө чемпионатына жана Азия кубогуна тандоо оюндарынын 2-раундунда беттешип жатат.

Бишкек убактысы менен саат 13:00дө башталган оюн 50 миң көрүүчүгө ылайыкталган “Нагаи” стадионунда өтүүдө.

Жапон өкмөтүнүн ковидге каршы саясатына ылайык, жалпы машыктыруучулар штабы, администрация, оюнчу Бекжан Сагынбаев, дарбазачылар Эржан Токотаев, Кутман Кадырбеков жана Валерий Кашуба коронавирус илдетине чалдыкты деп шектелгендердин тизмесине киргендиктен, кыргыз футболчулары дарбазачысыз оюн талаасына чыгууга мажбур болгон.

Бул тууралуу маалымат командага оюн башталаарга эки саат калганда гана белгилүү болгонун Кыргызстандын футбол бирлиги уюму маалымдады. Учурда дарбазаны коргоочу Айзар Акматовго кайтарууда.

Атаандаштар буга чейин бир жолу Дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-раундунун 4-турунда (2019-жылдын 15-октябрында) Улан-Батор шаарында беттешкен. Анда кыргыз футболчулары 2:1 эсебинде жеңген.

Футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын экинчи айлампасы 2020-жылы жазында өтмөк. Коронавирус пандемиясынан улам оюндар белгисиз мөөнөткө жылдырылган. Бир жарым жылдык тыныгуудан кийин жанданган беттештер борборлоштурулган тартипте өтүп, командалар мурдагыдай үйдө жана конокто эмес, бир аймакта ойноп, жолдомо үчүн ат салышат.

Кыргызстан бөлүнгөн F тайпасындагы оюндардын бардыгы Жапониянын Осака шаарында болот.

2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына жана 2023-жылы Кытайда өтчү Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында Азия чөлкөмүнүн 40 командасы сегиз тайпага бөлүнүп ойноп жатат.

Мелдештер 2019-жылдын 5-сентябрында башталган. Тандоо мелдештеринин жыйынтыгында сегиз тайпанын жеңүүчүсү жана экинчи орунду ээлеген төрт мыкты команда акыркы тандоо оюндарына жолдомо алат.

Учурда F тайпасында 2-раунддагы турнирдик таблицада алты оюндан кийин 18 упай топтогон Жапония көч башында. Алты оюнда 10 упай топтогон Тажикстан 2-катарда, беш оюндан кийин жети упай эсебинде бар Кыргызстан 3-орунда бара жатат. Алты оюндан кийин Мьянма алты упайга ээ болсо, жети оюнда бир гана жолу жеңишке жеткен Монголияда үч упай бар. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG