Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:58

Футбол: Кыргызстан Мьянманы ири эсеп менен утуп жатат


Кыргызстан - Мьянма футбол командаларынын беттеши. 10-октябрь, 2019-ж. Бишкек, Кыргызстан.

Жапониянын Осака шаарында Мьянма менен Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командалары беттешинде кыргызстандык футболчулар биринчи таймда беш топ киргизди. (Турсунали Рустамов 22-мүнөттө, Гулжигит Алыкулов 29-мүнөттө, Фархат Мусабеков 34-мүнөттө, Алимардон Шүкүров 44-мүнөттө, Мирлан Мурзаев 45-мүнөттө).

Оюндун 24-мүнөтүндө Мьянма оюнчусу Йан Наинг (Yan Naing) орой ойногону үчүн кызыл айып кагазын алып беттештен чыгарылды.

Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 13:00дө башталды.

Мьянма - Кыргызстан футбол командаларынын беттеши тууралуу төмөнкү шилтемеден окуңуз:

Бул беттеш 2022-жылы Катарда боло турган Дүйнө чемпионатына жана 2023-жылы Кытайда боло турган Азия чемпионатына тандоо оюндарынын 2-раундунун жооптук оюну болуп саналат. Аталган командалардын буга чейин 2019-жылдын 10-октябрында Бишкекте өткөн таймашында кыргыз футболчулары 7:0 эсебинде жеңишке жеткен. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG