Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:25

Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды


Кармалган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү.
Кармалган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү.

Бишкек шаарында Ички иштер министрлигинин тизмесинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган киши алдамчылыкка шек саналып кармалды. Бул тууралуу борбордун Октябрь районунун ички иштер бөлүмү кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, быйыл 26-январда аталган бөлүмгө жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган.

Ал А.Р. аттуу жаран аны 2 миллион сомго алдап кеткенине даттанган. Жабырлануучунун айтымында, шылуун өзүн банктын өкүлү катары тааныштырып, насыясын жаап берүү максаты менен алдаган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 204-беренеси (“Алдамчылык”) менен сотко чейинки өндүрүш башталды.

Кармалган 42 жаштагы жаран Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. (ErN)

XS
SM
MD
LG