Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:01

АКШ жакыр өлкөлөргө вакцинадан каралашат


АКШ президенти Жо Байден жана Британиянын премьер-министри Борис Жонсон жубайлары менен.
АКШ президенти Жо Байден жана Британиянын премьер-министри Борис Жонсон жубайлары менен.

Кошмо Штаттардын президенти Жо Байдендин алгачкы чет элдик сапары уланып жатат. Ал 11-июнда Британиянын өкмөт башчысы Борис Жонсон менен бир катар глобалдык маселелерди талкуулады. Анда АКШ жакыр мамлекеттерге коронавируска каршы 1.5 миллиард доза вакцина таратып берерин айтты. Байден бул күнү "Чоң жетинин" үч күндүк саммитинин ачылышына катышат.

Британ өкмөт башчысы Борис Жонсон бейшембиде Жо Байдендин өнөктөштөрү менен негизги глобалдык көйгөйлөргө байланыштуу кызматташтыктагы чечкиндүүлүгүн жогору баалады.

Жонсон бул тууралуу Карбис-Бэй курортундагы жолугушуудан кийин билдирди:

"Сүйлөшүү жакшы өттү. Узакка созулду. Биз абдан көп маселелерди талкууладык. Жо Байдендин жана анын администрациясынын бул жааттагы көз карашы жакты. Анткени алар коопсуздуктан баштап климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөшүү маселелери боюнча биз менен кызматташууну көздөйт экен. Бул фантастика. Таза аба менен кере дем алгандай боло түштүк".

Эки лидер жубайлары менен бирге Атлантика океанынын жээгин бойлой бейформал баарлашты. Анда АКШнын биринчи айымы "Сүйүү" деген бажырайган жазуусу бар жеңил күрмө кийип жүрдү.

АКШ менен Британия лидерлери жубайлары менен. 10-июнь, 2021-жыл. Англия.
АКШ менен Британия лидерлери жубайлары менен. 10-июнь, 2021-жыл. Англия.

Жонсон сүйлөшүүлөр жакшы өттү дегени менен, Байден Британия менен Евробиримдиктин ортосундагы пикир келишпестикке тынчсыздануусун билдирди.

Эки лидер жолугушуудан кийин биргелешкен маалымат жыйынын өткөргөн жок. Жонсон британ журналисттери менен өз алдынча жолукса, Байден АКШ жакыр мамлекеттерге 1,5 миллиард доза вакцина бөлүшөрү тууралуу билдирүү жасады.

"Кошмо Штаттар коронавируска каршы Pfizer / BioNTech компаниясынан жарым миллиард доза сатып алып, абдан муктаж 100 мамлекетке таркатып берет. Бул тарыхый кадам. Биринчи жолу коронавируска каршы ушунча көп вакцина алынып, жардамга берилет".

11-июнда башталчу "Чоң жетинин" саммитинде да ага мүчө мамлекеттердин лидерлери коронавируска каршы 1 миллиард доза вакцина таратып берүү тууралуу чечим кабыл алары айтылган. Борис Жонсон бул тууралуу 10-июнда билдирген, бирок чоо-жайын тактаган эмес.

Британия өзү кийинки жылы 100 миллион ашыкча вакцина дозасын таратып берерин айткан.

Британия, Франция, Германия, Жапония, Италия, Канада жана АКШнын лидерлери бул жолку саммитте пандемиядан кийинки дүйнөлүк экономиканын калыбына келишин тездетүүнү талкуулашат. Буга чейин Бириккен Улуттар Уюму өнүккөн мамлекеттерди жакыр өлкөлөргө вакцина менен жардамдашууга чакырган.

Адистер вакцинация жакшы жүрүп жаткан мамлекеттерде деле коронавирустун жаңы түрлөрүнөн улам жаңы толкун башталып кетиши мүмкүн деп кооптонушат. Анткени азыр көп мамлекеттерде чектөөлөр акырындап жоюлуп жатат.

Евробиримдикте 100 миллиондон ашуун адам же калктын 22,6% коронавируска каршы толук эмделди. Кошмо Штаттарда чоңдордун 60% вакцинанын жок дегенде бир дозасын алышты, ал эми жарымынан көбү толук эмделди. Анткен менен Америкада соңку күндөрү эмдөө ыргагы солгундай түштү. Буга вакцинанын таңкыстыгы эмес, айрым жарандардын эмдөөдөн такыр баш тартканы түрткү болууда.

Сегиз күндүк сапардын алкагында Байден "Чоң жети" менен НАТОнун жыйындарына катышат, эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт жана Орусиянын президенти Владимир Путин менен президент катары алгачкы ирет кездешет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG