Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:55

АКШ президентинин дымактуу планы


АКШ президенти Жо Байден, вице-президент Камала Харрис (солдо) жана Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси, Вашингтон, 28-апрель 2021-жыл.
АКШ президенти Жо Байден, вице-президент Камала Харрис (солдо) жана Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси, Вашингтон, 28-апрель 2021-жыл.

АКШ президенти Жо Байден Конгресстин биргелешкен сессиясындагы алгачкы кайрылуусунда 4 триллион доллардык планын жарыялады. Ал Кытайды Кошмо Штаттардын атаандашы катары мүнөздөдү. Республикачылар Байдендин экономикалык планын сындап чыгышты.

Жо Байден президенттик кызматка киришкенден берки 100 күндүн ичиндеги эң маанилүү кайрылуусун шаршембинин кечинде жасады. АКШнын тарыхында биринчи жолу президенттин артында эки айым - вице-президент Камала Харрис жана Конгресстин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси отурду.

COVID-19ду ооздуктоо аракети

Ал соңку бир кылым ичиндеги эң жаман пандемия, "Улуу депрессиядан" берки эң оор экономикалык кризис маалында жана АКШдагы жарандык согуштан бери өлкө демократиясы эң катуу чабуулга кабылып жаткан учурда кызматка киришкенин, бирок 100 күн ичиндеги өзгөрүүлөр Америка алдыга жылып жатканын көрсөткөнүн айтты.

Байден жаңы администрация жарым миллиондон ашуун америкалыктардын өмүрүн алган коронавируска каршы эмдөө жараянын ийгиликтүү ишке ашырып жатканын белгиледи. Анын айтымында, 100 күндө америкалыктарга COVID-19га каршы вакцинанын 220 миллион дозасы сайылды. Бул убада кылынгандан эки эсе көп.

"Мен 20-январда ант бергенде Америкадагы улгайган адамдардын 1 пайызга жетпегени гана COVID-19га каршы толук эмдөөдөн өткөн эле. 100 күндөн кийин АКШда 65 жаштан өйдөкү адамдардын 70 пайызы толук коргоого алынды. Январдан бери жашы өтүп калган жарандардын арасында өлүм 80 пайызга азайды", - деди Байден.

Кытай менен атаандаштык

78 жаштагы Байден курал-жарактарды көзөмөлдөө, иммиграция жана жарандардын шайлоо укуктары багытында жаңы мыйзамдар керек экенин айтты. Ошондой эле афро-америкалыктардын полициянын колунан каза болушуна байланыштуу укук коргоо органдарын реформалоо зарылдыгын кошумчалады.

Жо Байден вице-президент кезинде Кытай лидери Си Цзиньпин менен жолуккан учур, Бээжин, 18-август, 2011-жыл.
Жо Байден вице-президент кезинде Кытай лидери Си Цзиньпин менен жолуккан учур, Бээжин, 18-август, 2011-жыл.

Ал тышкы саясатка да токтолуп, орус президент Владимир Путинге АКШнын шайлоосуна кийлигишүүнүн жана киберчабуулдардын кесепети болоорун эскерткенин белгиледи. Анын айтымында, Кошмо Штаттар коргонуу үчүн жана укук бузууларга каршы туруу максатында Инд-Тынч океан аймагында "күчтүү" аскердик позицияларды камсыз кылат. Ошондой эле Байден Кытайды АКШнын атаандашы катары мүнөздөдү.

"Мен Кытай президент Си менен сүйлөшкөндө "биз атаандаштыкты кубаттайбыз, биз карама-каршылыкты көздөбөйбүз" деп айттым. Бирок биз Американын кызыкчылыктарын коргой турганыбызды так жеткирдим", - деди Жо Байден.

Төрт триллион долларлык план

АКШ президенти Конгресстин биргелешкен сессиясындагы алгачкы кайрылуусунда америкалык үй-бүлөлөргө жардам берүүнү көздөгөн жана инфраструктуралык долбоорго сарптала турган 4 триллион доллардык планын жарыялады.

Мынча каражаттын 2,3 триллион доллары "Америкалык жумуш орундары планы" деп аталган долбоорго жумшалат. Бул план өлкөдөгү жашыл технология, суу жана транспорт тармактарындагы бир топ инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу максатын көздөйт.

1,8 триллион доллары "Америкалык үй-бүлөлөрдүн планы" деп аталып, ал төмөнкү жана ортоңку катмардагы америкалыктарга жардам берүүчү долбоорлорго жумшалат. Маселен, план ишке ашса, 3-4 жашар наристелердин бала бакчасы бекер болот. Жамааттык коллеждерде студенттер эки жыл акысыз билим ала алышат.

АКШ Конгресси, 28-апрель 2021-жыл.
АКШ Конгресси, 28-апрель 2021-жыл.

Байден мынча каражатты чоң корпорацияларга жана байларга салыкты көбөйтүү аркылуу табууну көздөп жатканын айтты.

"Мен 400 миң доллардан аз киреше тапкан адамдарга салыкты көбөйтпөйм. Корпоративдүү Америкага жана эң бай америкалыктарга өздөрүнүн адилеттүү үлүшүн төлөөгө убакыт жетти", - деди Байден.

Республикачылар нааразы

Сурамжылоолор америкалыктардын жарымынан көбү Байдендин ишине канааттанып турганын көрсөтүүдө. Бирок анын администрациясы жаңы планды ишке ашыруу үчүн Конгресстин макулдугун алышы керек. Бул багытта республикачылар менен демократтар 50-50 мандатты ээлеп турган Сенатта кыйынчылык жаралышы мүмкүн. Себеби республикачылар азыртадан эле Байдендин саясатын жана жаңы планын сынга алышууда.

Республикалык партиянын сенатору Тим Скотт президент Байден улуттун башын бириктирүү тууралуу убадасын аткара албай жатканын айтты.

"Биз бири-бирибизди жакындаткан саясатка муктажбыз. Бирок үч ай өтсө да, президенттин жана анын партиясынын кадамдары бизди бири-бирибизден тескерисинче алыстатып жатат", - деди Тим Скотт.

Демократиялык партиядан шайланган президент АКШда социалдык нааразылыкка себеп болгон байлар менен колунда жоктордун ортосундагы ажырымды азайтууну убада кылып келет. Ал Конгресстин биргелешкен сессиясындагы кайрылуусунда республикачыларды сунушталган планды колдоого чакырып, ал ишке аша турган болсо миллиондогон америкалыктар айлыгы жогору иш орундары менен камсыз болоорун, келечекте жаштар үчүн жаңы технологияга ыңгайлашкан жумуш орундары түзүлөөрүн айтты.

Коронавируска байланыштуу шаршембиде Конгрессте мурдагы президенттердин кайрылууларынан айырмаланып азыраак киши же 200дөй гана адам болду. Конгрессмендердин баары беткап тагынып отурушту.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG