Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:19

Байден: Орусия "карөзгөйлүктөн" кармансын


Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден жана Орусиянын лидери Владимир Путин.
Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден жана Орусиянын лидери Владимир Путин.

Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден Орусияга «карөзгөй» аракеттерден оолак болууну эскертти.

Мындай билдирүүнү ал 9-июнда өзүнүн алгачкы чет элдик сапарын баштап жатып жасады. Сегиз күндүк сапардын алкагында ал «Чоң жети» менен НАТОнун жыйындарына катышат, эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт жана Орусиянын президенти Владимир Путин менен президент катары алгачкы ирет кездешет.

Британиядагы авиабазада жайгашкан америкалык аскерлер менен жолугушуп жатып Байден Путин менен көзмө-көз жолукканда так билдирүүлөрдү жеткире турганын айтты.

«Орусия менен чатакташкыбыз келбейт. Туруктуу жана бир калыптагы алакаларды көздөйбүз. Ошентсе дагы так айтып коюшум керек, эгер орус өкмөтү карөзгөй иштер менен алектенсе, Кошмо Штаттар чечкиндүү жана конструктивдүү жооп кайтарат», - деди Байден.

Байден менен Путин 16-июнда Женевада жолугушат. Эки державанын лидерлери Вашингтон менен Москванын алакасы курчуп жаткан маалда кездешкени турат.

Буга чейин АКШ Орусияны Америкадагы президенттик шайлоого ыктымал кийлигишүү аракети, өкмөттүк мекемелерге жасалган киберчабуулдар үчүн айыптап келген.

Байдендин администрациясы Москваны оппозиция лидери Алексей Навальныйды камакка алганы үчүн сындап, аны токтоосуз бошотууну талап кылган. Ошондой эле Байден март айында курган маектеринин биринде Путинди «адам өлтүргүч» деп эсептерин айткан. Анын бул сөздөрү дипломатиялык чуу жаратып, жыйынтыгында Москва Вашингтондогу элчисин кеңешүүгө чакыртып алган.

Ак үй билдиргендей, Байден Путин менен президент катары алгачкы жолугушуусунда Украина маселесин көтөрө турганы күтүлүп жатат.

Орусия Украинага караштуу Крым жарым аралын 2014-жылы аннексиялап алган жана ошол эле жылы кремлчил козголоңчулар өлкө чыгышын өз көзөмөлүнө өткөрүшкөн. Андан тышкары май айында Ryanair учагын күч менен кондуруп, оппозиция активистин кармаган Орусиянын жакын өнөктөшү Беларустун да аракеттери талкууланары боолгонууда.

Байден Британиядагы аскерлер менен жолугушуп жатат. 9-июнь, 2021-жыл.
Байден Британиядагы аскерлер менен жолугушуп жатат. 9-июнь, 2021-жыл.

АКШ жана Британия

Байден 10-июндун кечинде Британиянын өкмөт башчысы Борис Жонсон менен жолугуп, Британия Евробиримдиктен бөлүнгөндөн кийинки Вашингтон менен Лондондун ортосундагы «атайын алаканы» бекемдөө жолдорун талкуулайт.

Тараптар 1941-жылы Уинстон Черчилль менен Франклин Рузвельттин ортосунда макулдашылган «Атлантикалык хартиянын» жаңы версиясын караштырышат.

Мурдагы документте согуштан кийинки демократия, соода жана башка тармактардагы ийгиликтерге биргеликте жетишүү боюнча максаттар коюлган.

Байден менен жолугушуунун алдында жарык көргөн макалада Жонсон жаңы хартияда «илим, технология жана соода» камтыларын жазган.

Байден НАТО жана Евробиримдиктин лидерлери менен жолугушуу үчүн Брюсселге 14-июлда аттанаар алдында Лондондогу Виндзор сарайында ханыша Елизавета II менен жолугат.

«Чоң жетинин» саммити

11-июнда баштала турган «Чоң жетинин» үч күндүк жыйынындагы Байдендин негизги максаттарынын бири - АКШнын өнөктөштөрү менен мурдагы президент Дональд Трамптын убагында бузулган алакаларды кайра калыбына келтирүү.

«Сапарыбыздын ар бир баскычында биз Кошмо Штаттар кайтканын, дүйнөнүн эң демократиялуу мамлекеттери биздин келечегибиз үчүн маанилүү маселелерди, оор көйгөйлөрдү чечүү үчүн биригип жатканын айткыбыз келет», - деди Байден.

Байден ошондой эле «Чоң жетиге» кирген Канаданын, Франциянын, Германиянын, Италиянын жана Жапониянын лидерлери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Англиянын түштүк-батышындагы Корнуолл аймагында өтө турган бул жолугушууларда экономика, өнөктөштөрдүн биримдиги, пандемияга каршы күрөш жана дүйнөнү экономикалык кризистен алып чыгуу сыяктуу АКШнын приоритеттерине басым жасалат.

Байдендин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан билдиргендей, бул темалардын айланасында бекем пайдубал куруу менен «АКШ эң алдыңкы демократиялуу өлкө экенин дүйнө мамлекеттерине көрсөтө алат».

XS
SM
MD
LG