Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:07

Жапаровдун Анкара сапары түрк медиасында


Түрк басылмалар.
Түрк басылмалар.

Президент Садыр Жапаровдун Анкарага жасаган расмий визити жума күнү соңуна чыгат. Түрк маалымат каражаттары кыргыз президентинин сапарын кандай чагылдырды?

Садыр Жапаровдун үч күндүк расмий сапары Түркиянын жалпыга маалымдоо каражаттарында байма-бай чагылдырылды.

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Бештепе резиденциясында Кыргызстандын делегациясын расмий тосуп алганын түркиялык белгилүү телеканалдар түз алып көрсөтүштү.

Түрк мамлекеттик телеканалдары ошондой эле Жапаров менен Эрдогандын Стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин 5-жыйынынан кийинки пресс-конференцияны түз чагылдырышты.

Ошол эле күнү эки президент Анкарада Чыңгыз Айтматов атындагы IV Эл аралык Ысык-Көл форумунун жабылыш аземине катышты. Анда Эрдоган Айтматовдун "Кылым карытар бир күн" романынан үзүндү окуп, маңкурт деген түшүнүккө басым жасаганын дээрлик бардык түрк басылмалар жазышты.

"Айтматовдун дүйнөлүк адабиятка жана саясий тарыхка кошкон эң чоң салымы эмне экенин билесиздерби? Бул албетте "маңкурттук". Кишинин тамырынан алысташы, жада калса душманга айланышы, мааниси жагынан маңкурттук, чынында кулчулук", - деди Эрдоган "ШоуТВ" телеканалынын кабарында.

Негизинен түрк медиасынын көңүл чордонунда Эрдогандын Жапаровго "ФЕТО баш болгон террордук уюмдар менен күрөшүү сыяктуу маселелерди талкуулаганында" болду. Муну менен катар түрк президентинин ФЕТОго каршы күрөшүүдө Жапаров ага пикирдеш экенин айткан сөздөрү кеңири чагылдырылды.

Жергиликтүү NTV, CNNTürk, Habertürk сыяктуу ири жеке менчик телеканалдар жаңылыктарын ушул өңүттөн беришти.

Ал эми түркиялык "Milliyet" гезитинин жума күнкү санында, баш калаа Анкарадагы ТОББ университетинде уюштурулган бизнес-форум тууралуу макала чыкты. Анда Кыргызстан Түркия эң көп инвестиция салган төрт өлкөнүн ичине кирери айтылат.

Эки президенттин жолугушуусунан тышкары, түрк маалымат каражаттары Кыргызстандын делегация мүчөлөрү катышкан иш-чараларга дагы орун беришти.

Президенттин жубайы Айгүл Жапарованын Анкарадагы "Гази" университетине жана шаардык бала бакчага барганын жергиликтүү "Ихлас" кабар агенттиги көрсөттү.

Жапаровдун сапары Бишкек менен Анкара дипломатиялык алакасынын 30 жылдыгына туура келип жатат.

Түркия Кыргызстандын эгемендигин биринчи болуп тааныган мамлекет. Эки өлкө 1991-жылдын декабрь айында дипломатиялык алака түзгөн. Туңгуч президент Аскар Акаев биринчи чет мамлекеттик сапарын Түркиядан баштаган.

Учурда Түркияда расмий эсеп боюнча эле 25 миңдей кыргызстандык эмгектенет.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG