Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:02

Бизнес-акыйкатчы социалдык төлөмдөр жөнүндө депутаттар сунуштаган мыйзамды айыптады


Робин Орд-Смит
Робин Орд-Смит

Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит Жогорку Кеңештин депутаттары сунуштаган социалдык төлөмдөр жөнүндө мыйзам долбоорун кескин айыптады. Ал өзгөртүүлөрдү дагы анализдеп чыгууга жана бизнес коомчулуктун катышуусунда кайрадан талкуулоого чакырды.

Бизнес-акыйкатчы мыйзам долбоорунда мамлекеттик камсыздандыруу төлөмдөр жумуш берүүчүлөргө 15,25% жана жумушчуларга 13% деп коюлуп жатканын сынга алды. Ал натыйжада бул ченем 28,25% болуп, мурдагыдан 1% (27,25%) көбөйө турганын белгиледи.

“Бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит Кыргызстандын президентинин 2021-жылдын 5-майындагы кайрылуусуна каршы келген бул өзгөртүүлөргө таң калганын жана иренжип жатканын билдирет”, - деп айтылат Бизнес-акыйкатчы институтунун басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

“Кыргыз Республикасынынын айрым мыйзам актыларына (“Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” мыйзамына, « Кыргыз Республикасынынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө» мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” долбоору 27-майда парламент сайтына илинип, коомдук талкууга коюлган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG