Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:55

Жалал-Абад шаарында жаштар элди ынтымакка чакырган граффити тартышты


Жалал-Абад шаарындагы ынтымакка арналып тартылган граффити. Жалал-Абад, Кыргызстан.
Жалал-Абад шаарындагы ынтымакка арналып тартылган граффити. Жалал-Абад, Кыргызстан.

Жалал-Абад шаарындагы Жусуп Абдрахманов көчөсүнө улуттар аралык мамилени бекемдеген стрит-арт граффити сүрөтү тартылды. Бул тууралуу калаа мэриясынан кабарлашты.

Сүрөттө ар кайсы улуттун өкүлдөрү тартылган. «Биз көп улуттуу элбиз, ар түрдүү инсандарбыз, бирок биримдикте бардык кыйынчылыктарды жеңе алабыз» деген сөз жазылган. Граффитинин капталына QR код коюлду, андан смартфон аркылуу түрдүү маалыматтарды окууга мүмкүнчүлүк болот.

Маалыматта айтылгандай, сүрөттү тартууну шаардагы жаштар демилгелеп, калаа башчысы Эрнисбек Ормоков колдоого алган. Жаштардын демилгелүү тобу мындан ары көп кабаттуу үйлөрдүн дубалдарына да элди ынтымакка чакырган сүрөттөрдү тартууну пландап жатышат.

Соңку граффитини тартууга жалпы 88 миң сом жумшалды. Мунун 58 миң сому грант, 30 миң сому жаштар тараптан чогулду. Мэрия стрит-арттын айланасында жашылдандыруу жана кечки жарыктандыруу иштерин өзүнө алды.

Ушул күндөрү Жалал-Абадда 2010-жылдагы улуттар аралык кагылыштын 11 жылдыгы эскерилүүдө. Негизги иш-чара Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Топурак-Бел ашуусунда 2010-жылдагы окуяга арналып курулган мемориалдык комплексинде өттү.

2010-жылдын 12-14-июнь күндөрү болуп өткөн окуяларда жалпысынан 592 адам жабыр тарткан. Анын ичинен 82 адам каза болуп, 4 адам дайынсыз жоголгон. Буга чейин каза болгондордун жакындарына 1 миллион сомдон материалдык жардам көрсөтүлүп, баарына турак жай берилген. (TB\ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG