Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Июль, 2021 жума, Бишкек убактысы 16:00

Мээримди көчөдөн издеген балдар


Иллюстрациялык сүрөт

Ушул жуманын башында Нарындан жоголгон 11 жаштагы кыз эки күндөн кийин Бишкектен табылган. Бул окуя балдар менен өспүрүмдөрдүн үйдөн качышынын себептери эмнеде, коомдогу балага мамиле кандай болушу керек жана жаш муундардын психологиясында өзгөрүү болуп жатабы деген суроону күн тартибине чыгарды.

6-июнда үйүнөн чыгып кеткен 11 жаштагы Айтурган Садыкова 8-июнда Бишкек шаарындагы батыш автобекетинен табылган.

Ал Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Арзы айылынан чоң атасыныкына барам деп чыгып кеткен бойдон үйүнө барган эмес.

Ошол эле күнү ата-энеси Кочкордогу милицияга кайрылып, күч кызматкерлери автобекеттеги видеокамералардан кыз Бишкекке бараткан кичи автобуска түшүп кеткенин аныкташкан.

Секелек алгач Арзыдан Кочкорго карай чоң жолдо жөө барып, андан Бишкекке бет алганын көргөн күбөлөр болгон.

Кызынын артынан борборго келген атасы Рустам Момунов үйдөн качырган олутту деле себеп болбогонун айтып берди.

"Биз айыл четинде турабыз, чоң атасы айылдын ортосунда жашайт. Ошол жакка ойногону кетчү. Түшкө маал апасына "ойноп келем" деп айтып чыгып кетиптир. Жанына кийим-кечегин салып, камданып алган экен көрсө. Айылдан шаарга баратканда бир таанышыбыз көрүп, этибар албай өтүп кетиптир. Анан Кочкордон Бишкекке карай маршруткага түшүп, жол киресин да төлөптүр. Айдоочусу улгайган адам экен, ага өзүм жолуктум. Ал «кайда баратасың?» деп сураса, «мени тосуп алышат» дептир. Видеокамераларда өзү эле жалгыз жүргөнүн көрдүк. «Бирөө азгырып кетти» дегенге болбойт. Үйдөн телефондо деле отурбайт. Апасына «Бишкекке, таянеме барам» деп жүргөн экен".

Бишкектеги милиция батыш автобекетинен табылган кызды ата-энесине берип, тийиштүү профилактикалык иштерди жүргүзгөнүн кабарлады.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин карамагындагы өспүрүмдөр иши боюнча инспекциянын маалыматында 2020-жылы 332 бала издөөгө алынып, жыл жыйынтыгы менен 298и табылган.

Быйыл төрт айда 141 балага издөө жүргөн. Мындан тышкары рейд маалында 2300дөй жашы жете элек бала иштей турганы, алардын 220дан ашууну селсаяктык кылары аныкталган.

Нуржан Адылова
Нуржан Адылова

Өспүрүмдөр иши боюнча инспекция башчысы Нуржан Адылова үйдөн качкан балдардын баары эле «начар үй-бүлөдөн» эмес экенин белгиледи.

"«Үйдөн качкан балдар» десе эле, жакыр жашайт, ата-энеси ичет, тартиби начар, атасы же апасы жок деп ойлой беребиз. Андай эмес, бардар, тынч үй-бүлөнүн балдары деле үйдөн качкан учурлар бар. Ички жана тышкы мигранттардын балдары бар. Ата-эненин камкордугу же көзөмөлү жетишпей калган балдар болот. Кээде үйүнө алып барсаң, ата-энеси "уктап жаткан, качан кетиптир?" деп таң калышат. Эркек балдар үйдөн көбүрөөк качат. 100 пайыздын 70 пайызы эркек балдар, калганы кыздар. Мындай көрүнүш 12 жаштан өйдө башталат".

Адылованын айтымында, жашы жете электер ар кандай жеке таарынычка алдырып, үй-бүлөдөгү уруштан тажап же жөн гана оюн-зоокко азгырылып, үйдөн чыгып кеткен учурлар бар. Мындай окуялардын алдын алуу үчүн балдар инспекциясы мектептерге рейд жүргүзгөн учурда окуучулар жана ата-энелер менен сүйлөшүп, балдарга ишеним телефондору берилет.

Өспүрүмдөр иши боюнча адис коом дагы жаш балдарга көңүлкош карабашы керектигин белгиледи.

"Көчөдө же коомдук транспортто жалгыз жүргөн, жүрүм-туруму шек жараткан балдарга камкордук, көзөмөл керек. Бизде ушул маселеге көңүл бурулбайт. Балдарды салып бараткан айдоочулар деле кыраакы эмес да. Кайдыгерлик да бар. Акчасын көрүп эле жашын сурабай салып кетип жатышпайбы".

Назгүл Турдубекова
Назгүл Турдубекова

«Балдардын укуктарын коргоочулар лигасынын» жетекчиси Назгүл Турдубекова балдар мындай кадамга үйдө зордук-зомбулукка кабылганда, ата-эненин камкордугу жетишпегенде же өзүн коопсуз сезбеген кезде барарына токтолду. Укук коргоочу ата-эне өз маалында балдар менен иштеген адистерге кайрылып, бул маселеге олуттуу карап, баланын өсүшүнө жана тарбиясына көңүл бурбаса, жашы жете электерде «селсаяк синдрому» сыяктуу адат пайда болорун кошумчалады.

Турдубекова жетектеген уюм 2019-жылы милициянын каттоосунда турган жыйырма чакты баланы камкордукка алып, ар бир баланын муктаждыктары жана керектөөлөрүнө көңүл буруп, адистер менен атайын тренинг өткөрүп, ошол эле кезде ата-энелери менен да иш алып барып, бир жыл ичинде алгылыктуу көрсөткүчкө жетишкенин белгиледи.

"Улам-улам үйдөн да, мектептен да, окуудан да качкан балдар бар болчу. Ата-энесине баш бербеген, ичимдик ичип, маңзатка берилген, кумар оюндарга азгырылгандар болгон. Кылмышка айыпталгандар да бар эле. Бир жылда аларга эч кандай басым көрсөтпөй, ар кандай ыкма менен тарбиялык, билим берүү иштерин жүргүздүк. Алар окуган мектеп, ата-энелери менен да байланышта болдук. Алар кадимкидей өзгөрдү. Өздөрүн урматтап, окууга кызыгуусу артып, ата-эне менен мамиле түзгөндү үйрөнүштү. Бул долбоор өспүрүмдөргө ыңгайлуу, коопсуз жана жагымдуу шарттар түзүлсө, аларга жеткиликтүү көңүл бурулса, алар оңолгонго даяр экенин көрсөттү. Жашы жете электер өтө сезимтал келет. Аларга туура мамиле керек".

Турдубекова ата-энелер чоңоюп калган балдарды жумушчу күч катары эрте түйшүккө салбастан, жаңыдан калыптанып жаткан адам катары эмоционалдык-психологиялык абалына көңүл буруп, ар бир баланын жеке керектөөлөрүн жана кызыкчылыктарын камсыз кылышы керектигин айтууда.

Ал өлкөдөгү экономикалык абалдан улам балдар ата-энесинин каржылык мүмкүнчүлүктөрүнө байланыштуу өзүнчө сегрегацияга кабылып калган кезде мындай камкордуктун өзгөчө маанилүү экенин белгиледи.

"Жаңы төрөлгөн же кичине баланы курсагын тойгузуп, кийимин алмаштырып койсоң, бул жетиштүү. Ал эми акыл-эс кирип, айлана-чөйрөнү аңдап калган балдарга, өспүрүмдөргө өтө кылдат мамиле керек. Алар сезимтал, таарынчак болот, айланасында болуп жаткан көрүнүштөрдүн баарын баамдап, аңдап калышат. Ошол кезде аларды катуу көзөмөл менен же улам-улам сын айтып, алыстатып албоо маанилүү. Такыр көңүл бөлбөй койгон да жаңылыштык. Ата-энелер күндө бир-эки саат ар бир бала менен сүйлөшүп, кызыкчылыктарын сурап, өспүрүм куракка жетип калган балдар менен достук мамиле куруш керек. Андай болбой, колдон чыгарып жиберсе, бала ачка болгонунан эмес, жөн гана каршылык ниетинде кылмыштуулукка барып же бир жосунсуз жоруктарга азгырылып, чөйрөсү, калыптануусу бузулуп кетиши мүмкүн".

Улуттук статистика комитетинин эсеби боюнча, учурда Кыргызстанда 2,5 миллиондон ашык 18 жашка чейинки бала бар. ЮНИСЕФтин маалыматына караганда, ар бир төртүнчү бала жетишпеген турмушта жашап, бала чагынан оор жумуштарды жасоого аргасыз. 14 жашка чейинки балдардын 70 пайызы зомбулуктун ар кайсы түрүнөн жапа чегип келет.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG