Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:26

Чек арада жабыркаган балдар менен мугалимдер Ысык-Көлдө эс алышат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Баткенде чек арадагы куралдуу жаңжалда жабыркаган 70 бала, 20 аял мугалим Ысык-Көлдө эс алышат. 10 күндүк эс алууну "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык фонду, "Жетиген" лагери 27-майдан 6-июнга чейин уюштурууда.

Бул тууралуу "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык фонду маалымдады. Көгүлтүр көл жээгине келгендерге арт-терапия, психологиялык кеңештер менен психологиялык жардам көрсөтүлөт.

Эс алуу маалында ачык асман алдындагы байыркы петроглифтер музейине, "Рух Ордо" маданий борборуна экскурсиялар уюштурулат.

28-29-30-апрелдеги жана 1-майдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, 180ден ашуун адам жараат алды. 100дөн ашык турак жай, имараттар талкаланып, өрттөлдү.

Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жараат алды.

Эки өлкөнүн Башкы прокуратуралары бири-бирин "агрессияга" айыптап, кылмыш иштерин ачкен. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG